Буга чейин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео кайрылуу боюнча иликтей баштаган эле.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвада башка улуттагы жигиттер менен мамиле курган кыргызстандык кыздарды жазалоого чакырык таштаган эки адамды тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, социалдык тармактарда жаш балдардан турган топ Россияда иштеп жүргөн кыздар башка улуттагы жигиттер менен мамиледе болгонун билер замат аны жазалоого чакырып жаткан видео тараган эле. Кийин өкүлчүлүк бул боюнча иликтөө иштерин баштаган.
"Чакырык таштаган А.А. жана Б.Б. аттуу эки жаран кармалды. Алар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурашты. Эми бул жарандардын кылган ишине Москва шаардык милициясы тарабынан укуктук баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ: Москвада кыргызстандык кыздарды жазалагысы келгендер изделе баштады
Ошондой эле ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мындан ары ушул сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо максатында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.
Анын катышуучулары жаш муун арасында түшүндүрүү жана тартипке чакыруу иштери болуп жатканын билдиришти.
Ошондой эле өкүлчүлүк бир нече күн мурда Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы пикир келишпестикти талкуулап, мындан аркы улуттар аралык жаңжалдын чыгып кетпеши үчүн эки тараптын диаспора өкүлдөрүн жолуктурду.
Малыматка караганда, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратында чогулган коңшу элдин өкүлдөрү достук маанайда пикир алышып, ынтымакты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтышкан.
Биздин каналга ар түрлүү өзүбүз таркан же өзүбүз монтаждаган видео контенттерди киргизебиз!
Жана дагы Кыргызстандагы акыркы кабарларды кыргыз жана орус тилдеринде публикация кылабыз.
Каналга катталып жана сиздерди кызыктырган суроолорду жана темаларды комментарийге жазыныздар.
Наш канал создан для разных контентов которые снимаем или создаем мы сами!
А также публикуем самые последние новости из Кыргызстана на кыргызском и на русском языке.
Подпишитесь, пишите в комментариях интересующие Вас темы и вопросы!
Фейсбуктагы биздин группа:
https://www.facebook.com/groups/197431511696743
Инстаграмдагы баракчабыз:
https://www.instagram.com/bulut_news/
Ссылка на главную страницу нашего канала:
https://goo-gl.ru.com/38T
#кыргызстан жанылыктары
#жанылыктар топтому,
#мигранттар #кыргызстандагы абал
#чек ара казахстан
#жанылыктар 2020 бугунку
#россиядагы кыргыздар