
Башкы прокурору И.Ы. Жолдубаевага,
Кыргыз Республикасынын
Ички Иштер Министри У.Ж. Исраиловко,
Кайрылуу кат.
Урматтуу Индира Ырысбаевна!
Урматтуу Улан Жумабекович!
Сиздерге кайрылуумдун себеби томонкудой;
Жалпыга маалым, 2017-жылдын 23-декабрь куну социалдык интернет тармагында жарыяланган, итке кыргыз калпагын кийгизип сахнада жургон сурот чон талкууга жаратууда.
Социалдык интернет тармагындагы колдонуучулар коментарийлеринде белгилегендей, бул итке кыргыз калпагын кийгизип чыккан сурот, жакын ортодо «Бишкек-Парк» соода уйундо откон «мода корсотуу» иш-чарасынан тартылыптыр. (Итке кийгизген калпактын капталында «Кыргызстан» деген жазуу журот)
Дуйнодо башына ак калпак кийген бир гана кыргыз деген улут бар. Бекеринен «Асмандан жарык корсон жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил» - деген ураан айтылбаса керек. Мамлекетибиздин баалулуктарынын катарында аздектелген, аталардан мурас калган, улуттук баш кийимибизди, кыргыздар итке кийдирмек турсун, озунон томон жерге таштабаган. Алар ойлогондой бул мода дагы, искусство дагы эмес. Ар бир кыргыз учун, эли, жери, туусу, ак калпагы ыйык. Мен алардын итке кыргыз калпагын кийгизуусун, кыргыз элин шылдындоо, итке теноо жана улутка болгон наадандык коз караш деп билем.
Андыктан, итке ак калпак кийгизип, чон сахнага алып чыккан адамдарды, мыйзам чегинде жоопко тартуунуздарды сурайм. Бул жолу, ушундай наадандыкка барган уюштуруучулар, элден кечирим суроо менен чектелбеши керек.
Анткени, мындан 2-3 жыл мурун ак калпакты жана ак калпак кийген кыргыздарды мазактаган сурот коргозмо отуп, алардын уюштуруучулары элден кечирим суроо менен кутулушканын копчулук эл билет. Мындай конул иренжиткен корунуштор кайталанбасы учун, башкаларга сабак болчу чечим кылуунарды отуном.
Сиздерге терен ишеним билдируу менен,
Кино режиссер: Ырысбек Жабиров.
P.S.
Менин оюма кошулгандар болсо, болушуп койгула.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев