Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
13-күн
"АЛЛАХТЫН НУРУ"
Аят: Аллах-асман менен жердин нуру. Анын нуру-ичинде чырагы бар текче сыяктуу. Нур айнектин ичинде. Ал айнек бермет жылдызындай. Ал чыгышта да, батышта да жок, кут даарыган зайтун менен тамызылат. От тийбестен күйгөн анын майы абдан жарык нур чыгат. Ошентип, нур үстүндө нур... Аллах өзү каалаган адамды нурга бөлөйт. Аллах адамдарга ушундай мисалдарды берет. Аллах бардык нерсени билет (Нур:35).
Хадис: Момун-мусулман адам Аллахтын нуру менен карайт (Рамуз).
Окуя: Кызыл же сары нур
Аллахтын ар түрдүү нуру бар. Алардын ичинде кызылы, жашылы жана агы да бар. Бирок, кызыл жана сары нурга алданбоо керек, анткени ал шайтандын нуру болуп калышы да мүмкүн. Аллах Таала шайтанга дагы нур көрсөтүүгө укук берген.
Баязид Бастами олуя рамазан айларынын биринде шакирттери менен чогуу чөлгө барып, сукбат ( дин баалуулуктары жөнүндө маек куруу) курат. Сукбаттан соң баары эс алып отурушат. Ооз ачарга жакын асманда жаркыраган бир нур пайда болот. Нурдун жогору жагында жайгашкан тактыда олтурган бирөө: "Эй, кулдарым! Мен силерге ыраазымын. Оозуңарды ача берсеңер болот"-деп айтат. Бул сөздү аң-таң абалда карап турган шакирттердин баары угат. Ошол убакта Баязид Бастами эмне кылаарын билбей алдастап калган шакирттерине :
-Эч нерседен ооз тийбегиле! Бул- шайтандын дал өзү!- деп эскертет. Шайтан ошол замат көздөн кайым болот. Шакирттери устатына кайрылып:
-Сиз анын шайтан экенин кантип билип койдуңуз?-деп таңкалып сурашат.
Анда устат:
-Анын шайтан экенин мындан билдим: Биринчиден ал белгилүү бир жерде көрүндү. Экинчиден анын үнү бир жактан гана угулду. Ал эми Аллахтан келе турган үн ар тараптан келет. О.э. Аллах Таала белгилүү бир жерде эмес. (Анын белгилүү бир жерге жана белгилүү бир убакытка муктаждыгы жок. Ал ар түрлүү кемчиликтерден кескин түрдө алыс!)-деп жооп берет.
УММАТИ МУХАММАД тайпасы. https://ok.ru/ummatimuhammadkg

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев