
Журогум да ансыз деле эзилип,
Санааларым кылымдардай сезилип.
Мен каарыдым, бубак басты чачымды,
Калбагын дейм аз да болсо кечигип.
Алдан тайдым, колумдагы жалгыз таяк,
Куса болдум сагынгандан сени самап.
Сабыр кылып журогумду чыдагын деп,
Олтурамын ушул жерде жолун карап.
Кайда журбо оорубагын аман болгун,
Жургон жерин жакын эмес, алыс жолун.
Самаалыкты кечиктирбей келсен болду,
Бир кучактап, бир жыттасам болмок соонун!
Алмазбек Галбаев.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16