
ЭНЕНИН КҮЙҮТҮ
Бала деген бакыт дейбиз баарынан,
Эт жүрөгүң элжиретип жалынган.
Түн уйкуңду төрт бөлсөң да кайылсың,
Анткени ал жаралган өз каныңдан.
Ыйласа да, күлсө дагы ырахат,
Жөрмөлөсө жүрсө дагы ырахат.
Там- туң басып ээрчип алып артыңдан,
Апакелеп жүгүргөнү кубантат.
Бала жыты балкытып жүрөгүңдү,
Сезбейсиң эч азабың жүдөө күндү.
Кылыгы эх кымбат болуп башкача,
Ийип желин, элжиретет жүлүндү.
Бала- бакыт жашоо үмүт булагы,
Бала - бакыт үйдүн жанган чырагы.
Балалуу үй базар болот чынында,
Бекем болсо бир тууган ынтымагы.
Жарык болуп эне -атанын маанайы,
Ачылгандай тагдырдан бак -таалайы.
Балдарынын ийгилигин тең көрүп,
Бардык жакшы тилектерин каалайбы.
Ооба байкуш эне - атанын эмгегин ,
Баалаган бар ,баалабаган бала бар.
Убаймага салып коюп боздотуп,
Күлкү эмес, көз жашын агызгандар.
Эх каран күн, кайдан бинаа болду деп,
Эне байкуш күйүп барат убайым жеп.
Же өлтүрүп, же тирүүлөй көмө албай,
Эң жогорку мыйзам чегин тартсын деп.
Кайран эне кайыл болдуң баарына ,
Айлаң барбы арачага барууга.
Кимди төрөп, кимди өстүрүп чоңойттуң,
Ак сүтүңдүн калды эх убалына.
Алдей айтып таптап түндө жатканың,
Адам бол- деп ,бала кезден айтканың.
Кулак салбай жүрүп шайтан жолунда,
Ар намысың булгап кетти акмагың.
Эл караган жүзүң жерге каратты,
Жүрөгүңдү төрткө бөлүп канатты,
Көргөн күнүң гөргө айлантып бүдөмүк,
Тагы калды
айыкпаган жараттын.
Бала таппай балее тапкан экенсиң,
Актабады аккан терин чекеңдин.
Адам эмес айбан болуп каларын.
Билсең эгер туубай өлмөк экенсиң!
Автор: Гулмира Омошова.
12.06.2025.Иркутск.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев