
Баалабай үй- бүлөөңү эсирдиңби?,
Баркына жетпей өмүр кечирдиңби.
Бактыңа келген кушту бапестебей,
Кор кылып кадырыңды кетирдиңби?.
Турмуштун жолун тандап баса албадың,
Күнүмдүк жеңил ойдон качан албадың.
Батынып келечектин кең жолуна,
Баш уруп ачкычын таап ачалбадың.
Өмүрүң өттү актай кагаз болуп,
Көкүрөк көөдөнүң бүт кирге толуп.
Көз көрүп, же мактанар жумуш кылбай,
Туманда калдың жалгыз карып болуп.
Жаңыртып жашоо жолун кура албадың,
Ант берген убадага тура албадың.
Бел байлап кенен жолго кадам таштап,
Бактыңдын учугун таап уланбадың.
Мал жебес төө тикендин бүрү болдуң,
Жалганчы, жан кечтинин пири болдуң.
Жаныңды жансоогалап өлөмүн деп,
Жөөткө окшош "макулуктун" кулу болдуң.
Жегениң ичкениң да арам болду,
Сайгактап басып калдың жаман жолду.
Жараткан салып сени казабына,
Куу башың түнөк кылар түпсүз орду.
Гулмира Омошова.
01.11.2026ж


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев