
Онкологиялык оорукананын босогосун аттадың дегиче өзгөчө гинекологдун бөлмөсүнүн босогосунда кезек күтүп олтурган аялзатын көрөсүң. Алардын арасында 15-16 жаштагы жаш кыздардан 60-70ке чамалап калган апалар да бар. Гинекологго баш бакканыбызда полип болуп кайрылган бейтаптар көп экенин айтып калды. Төмөндөгү макалада учурда гинекологиялык оорулардын ичинен көп катталып, рак илдетине жеткирип жаткан полип тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.
Полип - бул...
Денеси жана буту бар залалдуу эмес шишик. Айрым учурларда залалдуу да болуп эсептелет. Полиптин буту жатындын дубалындагы былжырлуу катмарга жармашып турат.
Жатында полиптин пайда болуусунун себептери:
– Гормоналдык бузулуу
– Бат-баттан аборт жасатуу
– Операция жолу менен төрөө
– Кайра-кайра төрөө
– Бойдон түшүү же оор төрөт
– Калкан безинин ишинин бузулушу
– Ашыкча салмак
– Кант диабети
– Өнөкөт суук тийүү
Жатындагы полиптин белгилери:
– Айыз циклинин бузулушу
– Айыздын узакка созулушу
– Айыз учурундагы катуу ооруксунтуу
– Коюу кандардын чыгышы
– Айыз келбеген учурда кан аралашкан же ириңдүү суюктуктардын келиши
– Ичтин чоңоюшу
– Кан көп кетип аз кандуулуктун пайда болушу
Бейшембаев Алмаз Мукашевич, Онкологиялык борбордун гинекология бөлүмүнүн илимий кызматкери, медицина илиминин кандидаты: “Тамекини көп тарткан аялда полиптин ракка айланып кетүү коркунучу жогору”
– Полиптен кайсы курактагылар көп жабыркайт?
– Полип менен көбүнчө 20-35 жашка чейинкилер көп жабыркайт. Анткени бул курактагылар төрөп, же аборт жасатышат эмеспи. Ал эми өспүрүм курактагы кыздар менен 40 жаштан өтүп калган аялдарда полип гормоналдык өзгөрүүдөн улам пайда болот. 40-45 жаштагы аялдарда полип климакстын алдында же климакс учурунда аныкталат.
– Кайсы учурда жатынды алып саласыздар?
– Жатында полип пайда болгондо алгач дарылап көрөбүз. Такыр жыйынтык болбосо, операция кылып алабыз да, биопсия (анализге жөнөтүү үчүн кесип алынган ткань) кылып, шишиктин залалдуу же залалдуу эместигин аныктоо үчүн гистологияга жөнөтөбүз. Эгер залалсыз болсо, жатынга тийбейбиз. Полипте рак клеткалары бар болсо, ал башка органдарга таркап кетпеши үчүн жатынды алып салууга туура келет.
– Полипти чоңойтуп, күчөтүп жиберүүчү факторлор кайсылар?
– Негизи жатын гормондорго көз каранды болгондуктан гормоналдык бузулууда жатынга полип бир учурда көп болуп чыгып кетиши толук мүмкүн. Мындан тышкары тамекини көп тарткан аялда полиптин ракка айланып кетүү коркунучу жогору.
– Кош бойлуулукка кандай зыян келтирет?
– Эгер полип жатын түтүкчөсүнө жайгашкан болсо, анда аялдын боюна бүтпөй калышы ыктымал. Анткени ал сперманы жатындын дубалына жармаштырбай жолтоо болот. Ал эми полип жатында болсо, пайда болгон түйүлдүктү түртүп чыгарып аялдын боюнан түшүп калышы мүмкүн. Түйүлдүк пайда болгондон кийин пайда болсо, анда аны ымыркай төрөлгөндөн кийин дарылайбыз.
– Түйүлдүккө зыянын тийгизбейби?
– Полиптин көлөмү кичине болсо, терс таасир тийгизбейт. Эгер чоң болсо, анда таасир этиши мүмкүн.
– Полипти кандай жолдор менен дарылайсыздар?
– Алгач полиптин пайда болуу себебин аныктайбыз да, дарылоону ошого жараша жүргүзөбүз. Дары-дармек менен айыга турган болсо, жок дегенде жарым жыл дары ичиши керек. Эгер полип чоңоюп кетип дары таасир бербей калса, операция кылабыз. Чыккан полипти кесип салганыбыз менен анын пайда болуу себебин жоготпосок, оору кайра эле пайда боло берет. Ошондой эле полиптин буту толук кыркылып алынбай калса да ошол жерден кайра өсүп чыга берет. Полипти кесип салабыз деп улам темирлерди сала берсек, ал жер жабыркап рак илдетине өтүп кетиши толук мүмкүн. Андыктан атайын медициналык билими бар дарыгерлерге кайрылуу керек. Азыр элдик дарыгерлердин айтуусу менен керосин же бензин ичип, жыйынтыгында оору күчөп кеткенде келип жатышат. Бул учурда жатынды алып салууга туура келет.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев