
1-аял өзүн аябай карайт, уул кызы бар, иштеген иши да бар. Иштен чарчап келгенде ,балдарына - силерге ден соолугу чың эне керек, мен эс алышым керек, жолтоо болбогула деп өзүнүн бөлмөсүнө кирип, уктап эс алат, уйкусун кандырып, анан уул кызына даамдуу тамактарды жасап берет, уул кыздары менен сүйлөшүп мээримин берет. 2-аялдын да иштеген иши бар, уул кыздары бар, бирок иштен чарчап келгенде, дароо уй жумуштарына киришет, чачылган үйүн жыйнайт, балдарынын кирлерин жууйт, тамак жасайт. Балдарына тамагын берип өзү алардан артканын жеп, идиштерди жууп жыйыштырып түнгө чейин жүрөт. Ошентип уйкусу да канбай, эртеси ишине жөнөйт. Акырында оорукчан болуп калат,уул кызына да көңүл бура албай калат. 🌹Жылдар өтөт, карылык убагы келет. Өзүн карап, өзүн сыйлаган аял абдан бактылуу карылыкты өткөрөт. Неберелерин ээрчитип кино театрларга, парктарга, көңүл ачуучу , эс алуучу жайларга барат. Уул кызы да урматтайт. 🌹Ал эми өзүно карабаган аял карыганда бутунан баса албай, ажаан келининин көзүн карап отуруп калат. 🌹Эми ушул окуялардан жыйынтык чыгаралы, эң биринчи өзүбүздү сыйлайлы. Ден соолукка кам көрөлү, көп нерсеге кыжалат болбой, нервти сактайлы. Дары дармек аптекада сатылат, бирок ден соолук эч бир жерде сатылбайт!!!
#аял


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев