
Өмүр деген – улуу сапар сыяктуу,
Кыйынчылык, азап көрүү,кайгыру.
Өмүр деген – карап турбай узануу,
Эмгек кылуу, жашоо үчүн жан багуу.
Өмүр деген – мына ушинтип жан багуу,
Кызыктарга суктануу да таң калуу.
Өмүр деген – кайгы менен кубаныч,
Өмүр деген – алдоо жана алдануу.
Өмүр деген – өзүңдү өзүң башкаруу,
Башкара албай кээде жиндеп мастануу.
Өмүр деген – байуу, тоюу, чиренүү,
Өмүр деген – тыйын санап, ач калуу.
Өмүр деген – таарынышуу,жарашуу,
Өмүр деген – ооруп, кайра сакаюу.
Өмүр деген – түн кечирип, күн тосуу,
Тобо кылып, жаратканга жалынуу.
Өмүр деген – жыл өткөрүп, жаш кошуу,
Тааныбаган бирөө менен достошуу.
Өмүр деген – жан шериктер табышуу,
Кээ бирөөлөр менен түбөлүк коштошуу.
Өмүр деген – макталуу да, датталуу,
Жакын доско бар сырыңды бүт ачуу.
Өмүр деген – күн артынан күн өтүү,
Кээде ыйлап, кээде шаттуу сүйүнүү.
Өмүр деген – азуу, тозуу, семирүү,
Жаштык өтүп, карылыкка жеңилүү.
Өмүр деген – сагынуу да унутуу,
Өмүр деген – сүйүп өтүү, жек көрүү.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев