Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Күүлөп алдың сезимимди толготуп,
Күкүгүм ай, жүрөгүмдү ойготуп...
Алганыңды алдын ала билбепмин,
Кыйнабасмын сени көпкө ойнотуп...
Кыйбасым ай, мен деп согот жүрөгүң,
Кылыгыңдан кетүү мага бир өлүм.
Экендигин кечирип кой кеч билдим,
Өзүңдөйдү көпкө таппай жүдөдүм.
Карегиңден көрүп турам жалынды,
Карегим ай, чоң сүйүүгө кабылды...
Аалам кезип эңсеп жүргөн бакытым,
Айланамдан алыс эмес табылды...
Калган экен сезимибиз үтүрдөй,
Уланууда экөөбүзгө күтүлбөй...
Чынын да эле болуп алчы ашыгым,
Калган өмүрүм арнайынчы бүтүндөй.
Автору: Алым Маликеев.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев