
Миомасы жана кистасы барларга бууланууга (париться)таптакыр болбойт?
ЦИСТИТТЕН ӨМҮР БОЮ КУТУЛУУ үчүн:
Аптекадан дёгать (березовый дёгать) аласыз. Кечинде жатаарда бууланууга ( париться) (ванна алууга эмес, бууланууга,) даярдап коёсуздар.
Ысык суу куюп отурганга ылайык идиш, чака же горшок, оронгонго плед жана кичинекей полотенца.
(Мен суу куйган чоң чаканы эле пайдалангам.)
Жатаарга келгенде ванный комнатага же үйдүн бир бурчуна буулана баштаңыз. Ал үчүн 2-3литр кайнак сууну горшокко куюп, үстүнө 2-3 чоң кашык дёгаттан куюп, этиеттеп буулана баштайсыз. Плед менен жылуулана кымтынып алуу керек. Суунун табы кете баштаганда, туруп сүлгү менен кургана аарчынып, (себеби бууланууда тердеп чыгасыз) жылуу төшөккө жатып аласыз.
Эринбей беш күн катары менен жасоо керек.
Өмүр бою сен көр, мен көр жоголот.
Цистит эмне экенин унутасыздар.
Бир эле жаман жагы дегать өтө сасык.
Бирок, билгендер үчүн бул болгону ак кайыңдан жасалган натуралдык суюктук.
Цистит менен кошо жыныс ооруларынын бир тобун айыктырып аласыздар.
Биринчи күнү сасыганы менен, кийинки күндөрү жагымдуу жытка айланат.
Менин өз башымдан өткөн.
Эки метр жерге баскыча агып кетүүчү жагдайга туш келгем.
Поликлиника баламды көтөрүп ыйлап отурсам орус чоң эне байкап калып- кызым бул жерде отурбай эле үйүңө жөнө. Врачтардан пайда жок, азыр айыктырганы менен кайра-кайра кармай берет. Аптекадан дёгать ал дагы, беш күн катары менен буулан. Таза айыгасың-деген.
Айлам алты кетип отурган жаным, аптекадан дёгатты алып, үйгө келээрим менен, баламды уктатып коюп, жасагам.
Үч-төрт саат төшөктө оронуп жаттым.
Кечинде жолдошум жумуштан келгенде туруп, тамак жасоо керек эле.
Үй укмуш эле жыттанып калды.
Эшикти ачып желдетип алайын десем, кыш айлары эле, үй муздап калмак.
Бир аз ачып желдетимиш болгом.
Жолдошум келип эле, "үй эмне сасыйт"- деген.
Беш күн чыда-десем, макул болду.
Үч жолу жасаганымдан соң айыгып калдым.
Кийинкини ойлобогон жаш кезим да.
Ошо боюнча токтотуп салдым.
Мен өзүм чыдамым жок жанмын.
Беш жолу жасасам болмок. Бирок ошондон бери циститтен кутулгам.
"Ооруп жатам"-дегендердин баарына айтам.
Жытына чыдабайбы же түйшүгү көп экен дешеби, жасагандар аз.
Өз эжекем да жасаган.
Ага да жакшы жардам берген.
Жасаңыздар зыяны жок.
Болгону ысык сууга күйүп калуудан этиет болуп, сактаныңыздар.
Жардамы тийип айыгып кетиңиздер. Алкышыңыздар кудай жолуна болсун!
Жараткан жалгап жакшылык жандап жүрсүн баарыбызды.#пайдалуу
P.S. миомасы жана кистасы барларга бууланууга (париться) болбойт!
ДАРЫГЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛУП, КЕҢЕШИН АЛЫҢЫЗДАР!
БОТАЛИЕВА ЭРКЕАЙЫМ ШАКИРОВНА
Окуп жана бөлүшүңүз,мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет..


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев