
Күндөр өтөт,ал анткени тирүүлүк.
Сыр билгизбей сыздаса да жан дүйнө.
Сабыр менен жашайт адам күнүмдүк.
Кимдер ичкен өлбөстүктүн мүрөгүн.
Кимдер жаккан тирүүлүктүн чырагын.
Жашарыбыз беш күн өмүр болгон соң.
Оорутпайлы бирөөлөрдүн жүрөгүн.
Күндүк өмүр болсо,түштүгүнө жорго мин.
Ден соолугуң,амандыгың олжоо бул.
Адам деген адам менен адамбыз.
Адамдардын асылдыгын баалай бил.
23.05.25.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3