Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Тагдырыма татыксызды туш кылып,бир жаралчу өмүрүмдү тар кылба.
Түгөй берсең ыймандуусун сурайын,жаңылбайын жакшы турмуш курайын. Сынын көрүп сулуулука ашыгып,алданбайын көрүп сырткы чырайын.
Алыс кылып жайсыз жубай алгандан,сактай көрчү ара жолдо калгандан. Бирөө менен өтөйүнчү түбөлүк,бир жаралган сен жиберген жалгандан.
Кыздан кызга аттап учуп көкөлөп,болбоюнчу туругу жок көпөлөк. Жаратканым жакшы жанга туш кылсаң,жашайынчы жалгыз аны бөпөлөп.
Оо Жараткан сыйынаарым Кудайым,келечекте кылчы мага убайым. Сенден сурап үмүт кылаар тилегим,жакшы чыксын түбөлүктүү жубайым.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев