Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
5 эң бийик:
Жеңиш ,
Ленин,
Кан - Теңир,
Корженевский,
Манаслу
чокуларын багынтып,
,,Ак Илбирс" ( ,,Снежный барс") наамына татыктуу болгон,
Кыргызстан айымдарынын ичинен
эң алгачкы болуп Эверестти багындырган
АСЕЛЬ БАЙБАГЫШОВА.
🍀Көөдөнүн көтөрбөгөн жөнөкөй,
илбериңки мүнөздүү,
ички жан- дүйнөсүнүн тунуктугу -
көздөрүнөн
мээрим болуп төгүлүп турган сулуу айым.
Эч кимге эч нерсени тастыктап, актанып,
болгон подкастка барып мактанууга
муктаж эмес өзүнө ишенимдүүлүгү,
эркинин бекемдиги менен
элдин урмат- сыйына татыктуу,
сүймөнчүктүү, сыймыктуу мекендешибиз...
🍀,,Кул жеймин дейт, куйрукту
Кудай билет буйрукту "- дегендей,
Жараткан жакшы көргөн пендесинин
жолун ачып, өзү колдойт тура....
🍀 Толсо - чайпалбаган,
Чайпалса - төгүлбөгөн ,
көргөн көзгө жылуулук тартуулаган
Кыргыздын нукура Айымынын үлгүсү !
🍀 Мамлекеттин атынан болуп жаткан иш- чараларга ар кайсы чалаблогерлерди чакырып албай, ТАТЫКТУУЛАР гана чакырылса,
эл дагы ыраазы болот....
Кечээтен бери ушул сүрөт бардык соцтүйүндөрдө популярдуу болуп
жатканы - буга далил.....
09.03.2026.
🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2