
⠀
" Президент болгонумдан кийин, бир күнү жансакчыларымдан шаар аралап сейилдеп келели деп сурандым. Сейилдеп жүрүп бир ресторанга түшкү тамактанууга бардык.
Кирип отурганыбыздан кийин, официант менюну алып келди. Мына ошол маалда биздин маңдайдагы столдо бир адам дагы официантты күтүп отурганын байкадым. Ал дагы каалаган тамагын буйрутма кылгандан соң, мен жансакчыларымдын бирине: "тиги киши биз менен бирге отуруп тамактансын, суранып айтып көрчү" дедим.
Ал макул болуп сунушумду кабыл алып, жаныма отурду. Бирок, тамактанып жатканда колдору тынымсыз титиреп, тамагын караган бойдон башын өйдө көтөргөн жок. Түштөнүп бүткөнүбүздө, мени карабастан араң колун сунуп коштошконсуду. Анын колун бекем кысып кармадым да акырын кетип калдым.
Жансакчыларымдын бири айтты:
⠀
- Бул киши катуу ооруп калса керек. Тамак жеп жатканда колдору аябай титиреп атты.
⠀
- Жок! Анын колдорунун титирешинин себеби такыр башкада...
⠀
Жансакчыларым мени кызыгып карап калышты.
⠀
- Бул киши бир кезде мен жаткан түрмөнүн күзөтчүсү болчу. Кыйноого кабылгандан кийин көп учурда кыйкырып суу сурачумун. Бул болсо мени шылдыңдачу. Мага күлүп, суу бергендин ордуна башыман ылдый заара кылып салчу. Ал оорулуу эмес. Азыр мен Түштүк Африканын президенти болгондуктан, мени түрмөгө камайт жана мен кыйнап, мен шылдыңдагандай кылып өч алат ойлоп корксо керек. Бирок мен андай эмесмин. Андай нерсе менин адамдык сапатымда, мүнөзүмдө жок нерсе. Кек сактап, өч алууну көздөгөн акылдар, мамлекетти жок кылат, ал эми жарашууга, ынтымакка умтулгандар улуттарды жаратат."
⠀
– Мен эч качан унутпайм, мен дайыма кечирем.
Нельсон Мандела


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев