
-Кыз баланы урба, теппе! Кыз баланы кордосон итке минген кембагал болосун! Омуру жарыбайсын! - деп чон энем раматылык биз кичинекей бала кезибизде менден чон агама коп айтып калаар эле. Эжем менен агам удаа чоноюшкан учун кээде экоо бир нерсени талашып деле чырдаша кетишчу. Кээде алышып да кетишчу. Эжем улуу болгону учун агамдын ага кучу жетпей калабы, айтор андайда агам ызасына чыдабай эжемди уруп же тээп жиберээр эле. Ал кездер алардын тезтиер убагы окшойт эле.
Бир куну атам менен апам уйдо жок кезде, баарыбыз дасторконду тегерене чон энем менен чогуу чай ичип отуруп калдык. Чон энем бизди, неберелерин тегерете тиктеп отуруп агама карады
- Балам, Сен эми чоноюп калдын. Эже карындаштарын менен урушуп талашканды токтотсончу. Сен деген уул баласын. Атандын ишенген, жолоноор таянары, артында калаар мураскери сен болосун! Кыздардын баары бой жеткенде куйоого тийип, бул уйдон кетишет деди. Биз унчукпай эле энемди тиктеп коюп угуп отурдук.
-Кыз бала деген бул - бироонун аманаты! Ошондуктан ага аяр мамиле жасап этиятташ керек. Аларды уруп-согуп сокконго эч кимдин акысы жок. Аларды кордогон адам эч качан жарыбайт. Кудайдын каарына калат. Себеби алар келечектеги Эне болушат!
Жараткан эгем биринчи эркекти жараткан экен. Эркекке баардык укукту берип, ага бардык нерсени баш ийдирткен. Бул жашоодо бардык нерсеге эркек эгедер! Ошол эркектин тукумун улаш учун,, ага жандаш, акыл насаатчы жардамчы кылып аялды мээримдуу назик кылып жаратыптыр. Аял киши ошол эркектин балдарын тороп, ак сутун эмизип аларды тарбиялап остурушу керек. Аялдын башы эркекке байланат. Анын жоопкерчилиги бут эркектин мойнунда болот.
Кыз баланы да тогуз ай бою боюна которуп омурткасы сыздап ЭНЕ торойт! ЭНЕ кызына мээримин тогуп, суйуп эркелетип бироо учун багып тарбиялап остурот! Даяр болуп бой жеткенде, аны бироого було кылып куйоого узатат. Ошондуктан кыз баланын убалы аябай чон болот! Себеби ал кызда канча жыл багып чонойткон ата-эненин ак мээнети бар! Кыздын убалынан коркуу керек! Аларды сыйлап, коргоп аярлап гана мамиле жасоо керек.
Чон энемдин ушул айткан создорунун чындыгын турмушта коп эле баамдап жургондоймун. Бирок тилекке каршы акыркы убакта кээ бироолордун буга тушунгулору келбегендей! Кыздын убалынан коркуу! деген ойду баары эле биле бербегендей. Айрыкча кыздарыбыздын моралдык жактан коп жапа чеккендерин бугунку кундо баарыбыз эле коруп журбойбузбу. Алар жонундо айтсан аягы жок арман тугобостур. Ошентсе да мен айылыбызда болуп откон бир окуяны айтып берейин. Бул иштин болуп отконуно коп жыл болду.Анда биз мектепти аяктаганыбызга эки жыл убакыт болуп калган эле. Бизден бир кочо нары кочодо менин Омуркан деген классташ кызым жашайт. Алар карыган огой атасы, энеси, Омуркан болуп учоо кичинекей эски уйдо жашашчу. Омуркан биздин кочого тууганыныкына коп келип, алардын жумуштарына жардамдашып иштеп калаар эле. Ал тууганы бизден беш алты уй ылдыйда турушат. Колдорунда бар, бай адамдар. Алардын Касым деген кичуу баласы Омуркандан бир жашка улуу болчу. Эн кичуусу болуп эрке оскон Касым мектепти деле жакшы окуган жок. Кочодо балдар менен коп журчу.Омуркан мектепти бутоор жылы огой атасынын козу отуп кетип, алар энеси экоо калышты. Мектепти аяктап классташтар баарыбыз туш тушка тарадык. Омуркан жалгыз энеси менен айылда калды. Мен да шаарда сдутент болуп экинчи курс болуп калган элем. Жайкы каникул башталып, мен айылга келсем айылда дуу-дуу соз журуп жатыптыр. Классташым Омуркандын, Касымдан боюнда болуп калыптыр. Уккан кулагыма ишенбей ошол кундору бассам турсам Омуркан оюумдан кетпей журду. Чындыгында ал андай жаман кыздардан эмес эле. Байкуш, Омуркан кантип Касымга алданып калды экен деп ойлодум.Кандай болгонун билбейм, милициялар келишиптир. Анын устуно ал экоо туугандар болуп кетишкендиктен, аксакалдар ошентип чечишкенби? , айтор Омурканды Касымдын уйуно алып келип беришиптир. Келгенине бир жумадай болуп калган экен.Мен кочодон алардын уйунун жанынан отуп баратып тандырга нан жаап жургон Омурканды коруп калдым. Байкуш башындагы эски жоолугунан чачтары чыгып журот. Эптеп эле арзан бир койнокту кийгизип коюшуптур. Ичи билинип жудоп калыптыр. Ал мени корбоду деле окшойт.Ошол кундору Касым уялганынан кочого чыкпай уйдо жаткан имиш деп уктум. Ошол ишти жасагандан уялбаган Касым, Омурканга уйлонгондон уялганына эмне дейсин? Омурканды алар тенине алышпады. Тоготушпады. Эптеп анын бетин ачып, бир айга жетпеген убакыт отуп, ажырашты кылышып, кайра эле Омурканды уйуно жеткирип коюшту. Касымды шаарга окууга тапшырганы жонотуп жиберишти. Ошол бойдон ал копко чейин айылга келбей журду.
Эх! Аттин! Жаштык мастык дегендей, жаштар адашкан кундо да улуулар туура созду суйлоп, аларга туура акыл насаатын берсе, коп эле каталар тузолуп калат беле деп да ойлоп кетет экенсин. Кээде туруп энелерге деле тушунбой кетесин! Касымдын энеси Омурканды каралап, оз баласын актап ага чан жугузгусу келбеди. Айыптын баарын Омурканга койду. Кунаажын козун сузбосо, бука жибин узмок беле деп, куноонун баары Омурканда болуп калды. Ал бир эле Касым менен эмес, башка балдар менен да жатып жургон деген сыяктуу ушак создор айылга желдей тарады. Кайсыл соз чын, кайсыл соз жалган аны суруштургон эч ким жок. Эки адамдын башы бириккен жерде ушак создор кобойуп Омуркан жонундо соз кетти. Бирок! Омуркан Касымдын уйунон кеткенде, алардын уйунон Омуркан менен кошо кут кеткенин ал убакта эч ким билбеген эле!
Байкуш Омуркан! Ошол кундору ал кандай азаптанып, эмнелер жонундо ойлонуп жатканын бир кудай, бир озу билди. Олгонго жер каттуу болуп, бир жагы жалгыз апасын ойлоп эмне деген гана кундорду откоргонун озунон башка эч ким билбеди. Беш кол тен эмес дегендей, кээ бирки аялдар Омурканды кочодон корсо ал менен учурашпай айланып отушчу болду.
Ошентип журуп айы жеткенде Омуркан уул тороду.
Арадан эки жылдай убакыт отуп Касым шаарда окуп журуп, суйлошуп жургон кызын айылга алып келди. Апасы, эже женелери Келинге улпулдотуп ак жоолукту салышып, Касым экоону ырымдашып кайра кайра ысырыктап, мандайынан ооп айланып тегеренип жатышты. Тообо кылдым! Алардын айдай баласы Касымды Омуркан жаман атты кылгандай болушуп, ошол жаман кундордон кутулуп, ушундай жакшы кундорго жеткендерине суйунуп жатышты. Алар айылга дунгуротуп Касымга чоон той беришти. Уул келинин жасанта аппак той кийимдерин кийдиришип кооз жасалгаланган машина менен алар шаарга айланып ойноп келишти.
Омуркандын баласы чоноюп торт жаш болуп калганда, аны кошуна айылга эки уч аял алып токтобогон, бироого куйоого беришти. Багы жокко, дагы жок дегендей Омуркан ал жерден дагы жакшы кунду корбоду. Куйоосу коп ичет. Анан да заар кайнененин уу тилдерине чыдабады. Озунун жаман, алкаш баласы менен иши жок, Омуркандын башынан откоргон окуясын айтып, аны жаман жургон аягы суюк бузуку! деп коп тилдеп журду. Омуркан козунун жашын агызып ал жерде эки жылдай эптеп аран чыдады. Акыры болбогондо ал менен да ажырашып апасынын жанына келе берди. Бирок эмнеге экенин билбейм андан балалуу болбоду.
Ошондон бери арадан коп жылдар отту. Айылдагылардын копчулугу тиричилик оокаттын айынан талаалап ар кимиси ар шаарга кетишти. Мурдагы айылыбыз азыр кыйла озгоруптур. Чет жерден иштеп тапкан акчаларына жаны кооз уйлорду биринен бири жарыша салышып, ичтерин евро ремонт кылышып кочолорду ондошуп, бак теректерди когортуп, айылдын жашоосуна козун тойбой, суктанаарлык болуп калыптыр.
Мен да россияда журуп коптон бери айылга апамдардыкына бара элек болчумун. Быйыл жакшылап бир эс алып келейин деп кичуу кызымдын каникулу башталаары менен атайын кобуроок убакыт болуп, карыган ата-энемдин уйуно бардым. Айылды коруп суктанып кадимкидей эс алып калдым. Бир куну кочодо туугандардын уйуно басып бараткам. Кочонун этегинен алысыраактан мени коздой келе жатышкан эки аялды кордум. Аларга жакындаган сайын булар ким экен? деп тааныбай келаттым. Корсо ал Омуркан экен. Балпайып мандайы жаркырап кулуп турган Омурканды коруп аябай тан калдым. Устуно кийген таза койнок жоолуктары озуно сонун жарашып, алтындарды тагынып алыптыр. Эки жашка жакындап калган небересин коляскага отургузуп, туртуп алыптыр. Кайненесин колтуктай баскан ак жуздуу сулуучан келген келининин боюнда бар экени билинип турат.. Алар экоо кызуу суйлошуп кулуп келатышкан экен.
Биз учурашкан сон Омуркан мени кечкиге уйуно чайга чакырды.
-Келбей койбогун созсуз келгин деп ал кайра кайра дайындады.
Карасам биз ошол учурда Омуркан экообуз болгондо да Касымдын чоп басып, эскилиги жетип, эч ким жашабай калган уйунун тушунан жолугушкан экенбиз!
Кошуналардан Касым жонундо уктум. Анын ата-энесинин козу отуп кеткенине коп жыл болуп калыптыр. Заман оорлошуп уч балалуу болгондон кийин Касым да шаарга иштегени кетип, ал жактан башка бир аялдын устуно кирип уйлонуп алыптыр. Айылдагы аялы, жаш балдары менен аябай эле кыйналып эптеп чыдап, копко чейин Касымды кутуп жашап журуптур. Анын устуно Касым башынан эле жакшы иччу. Анын кийинки аялы акча кармап жургон неме окшойт. Ал Касымды кийинтип ичинтип, тарткан тамекисине чейин алып берет имиш.. Курсагы тойгонуна суйунуп балдары менен да иши болбой калган Касымды, бир туугандары кайра-кайра айылга чакыртып келтире албай коюшуптур. Ошентип акыры ал уйдон аялы да балдарын алып кетип калат. Азыркы кундо Касым эмне иш кылат, кайсы аялы менен жашайт аны эч ким билбейт.
Касымдын уйундо коптон бери эч ким жашабаган учун уйу упурай баштаптыр. Кооросун адам бою чоп басып, сарайынын дубалы кочуп жамгырга эзилип калыптыр.
Кечинде мен таттуулардан, шириндиктерден алып Омуркандыкына бардым. Анын короосу забор менен тосулуп баягы эски уй жок. Анын ордуна фундаментти бийик куюлган зангыраган чоон уй салыныптыр. Короосу таптаза тыкан болуп, гулдорду жайната эгип, алар кызыл тазыл болуп короого киргенде эле жыты буркурап турду. Уйунун тепкичтеринен баштап эле килемдер тошолуп, уйдун ичи азыркы евро стилде жасалгаланыптыр. Омуркан дасторконун жайнатып мени жакшы коноктоп экообуз копко чейин суйлошуп отурдук.
Омуркан ошол бойдон башка турмушка чыкпаптыр. Апасынын козу отуп кеткенден кийин Касымдан калган баласы экоо калышат. Белин бекем бууп Омуркан тиричилигин улантат. Баласы эстуу жакшы бала болуп чоноюптур. Ал мектепти бутуруп россияга иштеп, жоноткон акчаларына уй тургузушуптур. Сарай салышып мал койлорун кобойтуп, Омуркан айылдан башка эч жакка деле чыкпаптыр.
Келин алып той откоруп, элден батаа алып бугунку кундо неберелери менен алышып отурган Омурканды коруп, ичимден ага ыраазы болуп, чындап суктанып турдум. Убагында кандай кыйынчылыктарды откоруп, эмне деген гана ушак создор менен жабыркаган Омурканды бугун айылдагылар баары сыйлашып калыптыр.
Мен ошондон бери, Чон энемдин
- Кыздын убалы чон болот! Аны кордогон адам омуру жарыбайт деген создорун эстеп Омуркан менен Касымдын турмушун копко ойлонуп журдум.
Эгер аял кишиде уйлонуу укугу болгондо Омуркан ошондо жаман атка конбойт эле. Аял кишини кудайым баланы торогонду, аны эмизип чонойтконго жараткан! Омуркан башына тушкон туйшукко чыдап кудай алдында оз укугун аткарды окшойт. Ошол учун да, ага кудайым бугунку ырыстуу кунун буюруп отурса керек.
Ошондуктан айтаар элем. Кыз баланын убалынан корккула! Аларды аягыла деп!...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев