
Кураани Карим 22 жыл, 2 aй, 22 күндө түшкөн. (23)
2: Аллах Таала Жабрейил (АС) аркылуу жиберген аяндарды эмне дейбиз?
Вахий.
3: Курандагы 114 бөлүмдү эмне дейбиз?
Сүрө дейбиз.
4: Куранда эң көп кайсы коом жөнүндө айтылат?
Исраил коому жөнүндө.
5: Курандын алгачкы сүрөсү?
Фатиха.
6: Курандын акыркы сүрөсү?
Наас.
7: Курандын жүрөгү деп аталган сүрө?
Йа сиин.
8: Курандын эң узун сүрөсү?
Бакара.
9: Курандын эң кыска сүрөсү?
Каусар.
10: Куранда канча жолу «Бисмиллахир рахмаанир рахиим» деп айтылат?
114 жолу.
11: Куранда канча пара (бөлүк) бар?
30.
12: Куран кайсы халифанын заманында көбөйтүлүп таркатылды?
Аз. Усман (РА).
13: Имсак деген эмне?
Саарлыктын бүтүшү, орозонун башталыш убактысы.
14: Хижрий жылнаама деген эмне жана аны ким түзгөн?
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) Меккеден Мединага көчкөн күнүнөн башталып, айдын жаңырышына карап эсептелген жыл санак. Аз. Умар (разиялооху анху) түзгөн.
15: Үмүтсүз ыйман деген эмне?
Фираун сыяктуу өлүп баратып ыйман келтирүү.
16: Пайгамбарыбыздын аялдары?
1) Хадича 2) Савда 3) Айша 4) Хафса 5) Зейнеб бинти Хузайма 6) Умму Салама 7) Зейнеб бинти Жахш 8) Жувайрия 9) Умму Хабиба 10) Сафиййа 11) Маймуна 12) Мария (РА)
17: Эң чоң күнөө?
Ширк.
18: Кабырда кимдерден сурак суралбайт?
Пайгамбарлардан, жаш балдардан жана акыл-эси кем адамдардан.
19: Орозодо эмне ичсе орозосу бузулбайт? Aнт ичсе.
20: Дааратсыз эмнелерди кылууга болбойт?
Намаз окууга, Куранды кармоого, таваф кылууга.
21: Meккеде Куранды ачык жарыя кылып окуган сахаба?
Абдуллах ибн Масуд.
22: Куранда аты аталган аял?
Аз. Мариям.
23: Куранда «Бисмиллах» менен башталбаган сүрө?
Тообо.
24: Куранда аты аталган сахаба?
Аз. Зейид бин Харисе. (Ахзаб сүрөсү 37-аят)
25: Эң биринчи кайсы сүрө түшкөн?
Алак сүрөсүнүн алгачкы 5-аяты
26: Кыямат башталаарда сурнай тарта турган периште?
Аз. Исрафил
27: Казасы окулбай турган фарз намаз?
Жума намаз.
28: Беш убак намаз кайсы түндө парз болгон?
Мираж түнү.
29: Иса пайгамбардын сахабалары эмне деп аталат?
Хаварийлер.
30: Мусулмандардын ыйык күнү?
Жума күнү🌹
31: Мусулмандардын алгачкы кыбыласы? Кудустагы Акса мечити.
32: Муса пайгамбарга кайсы китеп түшүрүлгөн?
Тоорат.
33: Шариятта эркектерге кандай кедемеден тигилген кийим арам кылынган?
Жибек.
34: Бешиктеги кезинде сүйлөгөн пайгамбар?
Аз. Иса алейхисалам.
35: Балык жутуп алган пайгамбар?
Аз. Жунус алейхиссалам.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев