
Жылмай күнгө,сага күлүп жайнаган,
Жакшы ойдо,өмүр жолго пайдалан.
Кайрат берип, өзүм колдоп турайын,
Күчтүү болгун,сыноо келсе сынбаган.
Жүрөк ырда,сезим жырга талбагын,
Жүзүм күлүп,көздө карек жайнагын.
Шүгүр кылып, пастык ойду кенебей,
Көңүл эргип,мөңгү болгун асканын.
Өмүр шаңы, өчпөй жанып гүлдөсүн,
Өзөк-тамыр канат жайып бүрдөсүн.
Өзгө көздөн,суук сөздөн сактагын,
Өткөөл дүйнө,бакты четке какпагын.
Абдыкадырова Айнуса.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев