
Мээрим төгүп жүрөктөн, уйку бөлүп,
Бар бол эне, алдейлеп бала баккан.
Балапанын учса дейт бүркүт сымал, Бийиктикте талпынып канат каккан .
Көөдөнүндө уялап аруу тилек,
Балдарынын бактысын күндө тилейт.
Кайыл болуп баарына бала үчүн,
Керек болсо асманда аба жирейт.
Кандан бүткөн данегин кимдер чанат,
Уксам эгер андайды жүрөк канайт.
Бирөөсү зар, кор болуп бирөөлөргө,
Турмуш кээде камчысыз катуу сабайт.
Ошентсе да таштабай балапанын,
Канатына калкалап баккан канча.
Сабак болбой бирөөгө атаганат,
Качып барат баласын таштаганча.
Жураева Гулшанай Асилбековна
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев