
Талас областы. Ленинполь районундагы Калинин айылында жашап кеткен немис улутундагы туугандарга.
Бирде орусча же кыргызча сүйлөшүп.
Кучакташсак кээде калчык тилдешип.
Кек сактабай Немис -Кыргыз аралаш.
Чогуу өстүк, бир айылда суу кечип.
Көчүрүшүп дептерлерди толтуруп.
Колтук түртө бир партада олтуруп.
Танаписте топ кубалап чуру -чуу.
Билим алып, бир мектепте окудук.
Бир бүлөөнүн балдарындай окшошуп.
Кеч киргенде клуб жакка топтошуп.
Түнү менен тойбой оюн -күлкүгө.
Таңга жуук тарачы элек коштошуп.
Айдашчы эле огородко жемишти.
Аяр карап алма -өрүгүн теришчи.
Арапада боорсок берсек Кыргыздар.
Пасхада алар, тукум бойоп беришчи.
Эхх. Ошондо өткөн экен бир заман.
Немис -Кыргыз чогуу чараан жыргаган.
Жок деп ойлойм, арабызда андагы,
күндөрдү эстеп, аттиң арман кылбаган.
Кыраасыңар, таксыңар да -эпсиңер.
Кайра куруу төңкөрүшүн сездиңер.
Күз мезгилде учуп кеткен куш сымал,
Кош айтышып, жер которуп кеттиңер.
Нурлан. Кимбилди.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6