
Болбочудай болумдугуң самаган,
Күндөр өтөт, күн артынан чубалган.
Күдөр үзбөйм мезгил менен эртеңи,
Бир түп дарк дайым күтөт жолумдан.
Ооба десең – өткөн экен мезгилим,
Ошол кезде талчыбыктай кечээгим.
Жылжып аккан жылуу сууга каныксам,
Каныкпаган сага экен эсебим.
Ошол учур, ошондогу сагыныч,
Айланганда каарду келбет, таарыныч.
Таңкы желдин наздыгына ийилсем,
Күн жайылса баягы эле, өң тааныш.
Күтүү, санаа кусалыкка айланган,
Каарданса толкунданат айланам.
Сабырым суз...түн жарылып ай чыкса,
Узаткансыйм карааныңды кайрадан.
Шермамат Эрмекбаев.
31.03.2026 - жыл.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4
Жаштык кезим күн нурундай тараган
Энкешти элүү менен тосмосун
Күн баткандай жаштык кетти кызарып
Деп эле өзүмдүн