
Чачыраган күндөй күлүп карадык,
Чарчабаган, чалыкпаган балалык .
Чып -чып этип оролгондо тал чыбык,
Апакелеп араң үйгө тарадык.
Ошол күндөр, сезимдерде уялап,
Өткөн өмүр, өкүнүчүн туя алат.
Эстеп ошол балалыктын күндөрүн,
Дептериме ырлар жаздым сыялап.
Мейли мезгил өкүмдүгүн салыптыр,
Балалыктын алтын доорун алыптыр.
Шамал менен тең жарышып чуркаган,
Тентектигим менден алыс калыптыр.
Ав: Сааткан Садыкбаева.
01.12.2022 жыл.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 8