
( Ессе ) Мен бактылуумун,анткени сендей жанга жар болгонум учун.Менин таарынчагымды,чыртылдап бетке чабаарлыгымды,шашмалыгымды,озунукунон кайтпаган ожорлугумду,болоор болбоско тогулгон ыйлаактыгымды,токтоолугун эле женип койот.Мага катуу айтканын ондоп,эркелеткенин дем берип,суйуун жашоо берди.Кеч тушундум,сен менин жашоодогу эн жакыным экенинди,откоргон кундорубуздо,тил табыша албай,журок ооруган кундордон сабак алдым,сенин кечиримин мени тузоду,мен сенин жанында озумдун аял экенимди сездим,сен жашоомдо бар учун ,керек болсо оз жакындарыма барктуу экенимди тушундум,Корсо ,чыныгы эркек деген жыгылсан ойдо тургузуп,жанылсан жол корсотоорун андадым .Оз омурумдо бир гана сага ачылып ,болгон чындыгымды айта алам,сырымды того алам,ачуумду чыгара алам,эч кимге коргозбогон коз жашымды чыкпай калганча того алам,каалагандай куло алам,сенин жанында ушунчалык эркинмин...Сен мага жашоону уйроттун,башкалар эмне десе да,оз алдынча,озун каалагандай,озуно ынгайлуу жашаш керек экенин корсоттун.Биздин отмушубуздогу айырмачылыктар,тундук -туштук маселеси,экообуздун уй булоо болгонубузга тоскоол болгон жок.Анткени чечкиндуусун.Артымдан кандай создор айтылды билбейм ,бирок сенин токтотууга кучун жете алган бардык айын кептерди менин бетиме келип эч ким айткан жок,кулагыма угузбадын.Сенин жакындарына сыйлуу экенинди ушундан билдим.Ичтери будун чан болгондур,бирок сенин тандоонду,сен учун алар да тандашты.Ошол учун мен дагы эн жакшы келин болууга аракет кылдым,мындан ары дагы ошентем..Уул коруп,кыздарымды тородум.Экообуз жашап жаткан азбы,коппу бул омурдо жаман дагы,жакшы дагы кундорду откордук.Жамандыкта жаныма кубат болдун,жакшылыгымды болушуп,дал озумдой кубана алдын.Ошол учун мен дагы сени кечиргенди уйрондум,ошого озумду кондурдум.Толгон ,аялдын туйшугун,балдардан чарчоомду,ооруган Чынаркамды,баарын сенин "чарчадын го,эс алсанчы",деген эки ооз созун унуттурат.Ошол жылуу создор мени чарчообого чакырат.Бышырган тамагым ойдогудай болбой калса да,сыр билгизбей жемиш этип койгонун уялтат,соссуз кийинки тамакты даамдуу жасоого аракет кылам, Балдарын сени менден да жакшы корушот,анткени сен камкоорсун!Жумуштан келгенче жолунду карап кутушот,балдарын дагы дал эле мендей сенин жанында каалагандай ойлонуп,ойноп,эркелей алышат.Элчилеп кундо которуп,кымбат койнок кийип,кабат алтын тагынып,особнякта жашабасам дагы,сенин бар экенин,булардан ойдо турат,сенин жанында,мен эртениме коркпой ото алам,сен менин ишеничимсин ,эл катарында экообуз туптогон оокат-тиричилигибиз бар,шугур кылам,эн башкысы.сен бизге конул толоорлук конул бурасын,чынчылсын,жасалмасы ,бойогу жок жашоого баарыбызды кондурдун,мага ошол жетет .Кээде албууттанып, ээ жаа бербей ,эч кимди укпай калган кыялым кармайт,анда да,сенин бир эле созун токтото алат,ушунчалык жеткиликтуу тушундуросун,унчукпай калуу он экенин билем.Сага жолуктурган тагдырыма рахмат!,бешенеме жазган жаратканга ырахмат!Адам отоп аткан омурундо суйуу эмне экенин билип,суйуу менен жашай алса ,анда башкаларды дагы суйо алат,менин али озголор коруп,билбеген муноздорумду,сырларымды сен батырып,сен тушунуп ,сен сактап келатасын,сен менин сырдашымсын,мени тушунгон досумсун,апам,бир туугандарымдын катарында эн жакынымсын!Сен бар учун башымды ойдо которуп,ар дайым бар жогумду,ач тогумду ,кубаныч кайгымды билгизбей,калыбымдан жазбай жылмайып журом,анткени сен менин жологумсун!таянычымсын!Менин ишеничимсин.Козу откон атама окшош сапаттарын менен журогум толо сыймыктанам!Сени менен акылдашуу да,сырдашуу да,керек болсо урушуу дагы ушунчалык жагымдуу,сен тушунуктуусун,аягында баары жакшы бутот,эч качан,ойлоп корсом ,бир пикирге келбей калган учур болбоптур.Кээ бироолор айтат болуш керек,"Кыялдын кыялдарын которуп,кантип жашап журот"- деп,билем сен которумдуу жана чыдамкайсын.чын эле ,балким сенден башкага баш кошсом,мындай болбошу мумкун болчу.Ошол учун жердин,элдин алыстыгына карабай,кудай кошту,эгер жубайлардын бири жаман болоору далилдуу болсо,албетте ал менминСен мени кандай болсом ошндой кабыл алганында,мени менен бир тундуктун астында ,чогу тутун булатып,турмушумда сапарлаш болгонунда.Мен ошол учун, сага ар дайым татыктуу жубай болгум келет,балдарыбызды тарбиялап,бакыттын торундо сени менен катарлаш отургум келет.Бар бол!сенин барын биздин тундуктон ар дайым Кундун тийиши. .Сенин омур бойу жанымда болушунду тилейм жараткандан!Сен болбосон,мен озумду жоголуп кетчуудой сезем. Мунун баары ырларга батпай койду,бугун негедир кара соз менен токтум,жан дуйномдун жанырыгын.Сени абдан урматтап,сыйлап,балдарындын апасы........


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 45