Кылган ишиңерге сынчы да көп, тыңчы да көп. Ага көнүп деле бүтүптүрсүңөр. Өзүңөргө ашыкча сөз ашыргың келбегени менен, өзүңөргө түйшүктү көп артынып аласыңар. "Жок" деп барлардын көзүн да карабай, бир нерсе кылып айласын табасыңар. Уйкуңдан кечесиңерби, үй-бүлөңөргө бөлө турган убактыңарды кесесиңерби же балдарыңарды кийинки орунга таштайсыңарбы, айтор амалын табасыңар да, жоопкерчилигиңерди сөзсүз орундатасыңар. Жаштыгыңарды кошо бердиңер го. Эми минтип үйүңөрдүн конок тосчу бөлмөсүнө окуучуларды тосуп отурасыңар. Билбейм, дегениңер менен билгендерден ашып кетип жатканыңарды өзүңөр да сезбей жатсаңар керек. Үйүңөргө келе албагандын, үйүнө жетип бардыңар го. Бул нерсе эрдик! Бир тууган бир тууганынын үйүнө баргандан кооптонуп жатканда, силер үйдө отурган жаныңарга жай бербедиңер. Билем, ар бир окуучуңарга түйшөлүп, сар санаа болуп жатканыңарды. Онлайн сабак берем деп, актриса, диктор деги койчу эмне гана калыпка кирбедиңер. Сабагымды өтөйүн деп техниканы да үйрөнүп бүттүңөр. Окуучу менен теңме тең окуучу болуп. Анан окуучуң түшүнбөй жатса чыйпылыктап, экрандын бер жагында туруп клоунга айланып барып түшүндүрөсүңөр. " Бирдигим жок, сабагымды өтө албайм, интернетим жок бүгүн сабакка кирбейм"- деген сөздөрдү бармактар менен санала турганчалык гана санда уктум. Кыйын экенсиз мугалим эжеке-агайлар. Бир нерсе жасап кырдаалдан чыгып жаттыңар. Балээ экенсиңер. Албетте, класста отуруп, түздөн-түз байланышта болуп сабак өтүүгө не жетсин?! Бирок, силер бир айласын таптыңар. Социалдык тармактын кайсынысы болбосун окуучулар менен группа ачылып, тапшырма жиберген окуучулардан телефонун да толуп калды. Кой болду дегендин ордуна, телефондун ичин тазалап, кайра эле жоопкерчилигиңерди улантасыңар. Анан кээде ата-энелерден бираз бийигирээк үн менен билдирүү келип калат. Капа болуп, кайра эле жанагы аракетиңерге кайтасыңар. Кээде, кичинекей жакшы сөз, ыраазычылык билдирилсе, жаш баладай кудуңдап ич ичиңе батпай, демденип каласыңар. Эмне гана дебейин баса белгилей кетчү бир чындык бар. Силер балдар үчүн күйөсүңөр! Эч нерсеге карабай. Мейли сабакты эң мыкты өтө албайт чыгарсыңар, мейли кызыктуу өтө албайт чыгарсыңар, мейли жетишээрлик деңгээлде материалыңар жок, техниканы кыйратпайттырсыңар. Бирок, силер күйөсүң! Түйшүктөнөсүңөр! Ойлоносуңар! Изденесиңер! Мугалим эжеке-агайлар силер ушундай жансыңар! Таазим сага... Кесибиңер ыйык, кадырыңар бийик!
📌Баардык мугалим эжеке, агайлар үчүн.........
P.S. Бүгүн уюлдук операторлордун кеңселерине кирсем 90%мугалим эжелер бирдик салдырып, жаңы сим карта алып, тарифтерин алмаштырып, чөнтөгүндөгү акчасы менен эсебин толуктап жүрүптүр. Ыйлагым келип кетти. Мен дагы жаш педагог мугалиммин. 100% болбосо да 50%дан көбүрөөк түшүнүп турдум. (Аягына чейин окуганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем)

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев