Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Башы...
Жайдын аптаптуу күндөрүнүн бири эле...
Эл катары мен да Россиялап, машине минип, Кыргызстанга келип, туулган жерге сагынычым таркабай жүргөн кезим. Өзүм жаш деле эмесмин, орто куракка ооп калган курактамын. Көп жылдан бери талаа кезип, айылга бир жыл эмес, кээде эки жылдан ашып да келе албай каламын. Ошондуктанбы, келгениме бир ай чамалап калса да, сагынычым таркабагандай ...
Мен сыртта жүргөн бул мезгилдерде мурункудан көп өзгөрүүлөр болуптур. Келип эле дароо кеткенге, анчейин эле байкабай жүрчү экенмин. Мунусунда убактым , тээ кеч күзгө чейин, а балким андан өтүүсү мүмкүн. Ошондуктан, күн сайын шашпай өзүмдүн " жеке " иштеримди бүтүрүп, кээде айылдагы эле бассейндерге, же чакан эс алуучу жайларга барып олтуруп, муздак пиво ичип, туулган жеримдин куйкалап ийчүдөй ысып жаткан аба - ырайына да кайыл болуп, айлананы суктана карап отура берем. Бул ысыкта боргулдана тердеп, кээде гана " леп " эте соккон шамалга магдырап, моюнума жабышып калган жакамды колум менен акырын көтөрө, ичиме шамал айдап коем. Ушинтип отурсам да, баарына кайылмын, анткени, өзүмдүн өскөн жеримдин абасын дем алып, суусун ичип, тамагын жеп отурам. Бул күндөрдү алыста жүргөнүмдө, канчалык эңсегенимди сөз менен жеткире албасам керек...
Бүгүн да адатымча иштерим менен жүрдүм. Бул сапар айылга дароо кетпестен, айылга кетчү машиналардын жанындагы чайканалардын биринде курсак тойгузуп алууну чечтим. Ош жергеси даамдуу тамактарга бай эмеспи. Айрыкча өзбек туугандарыбыздын эттүү, майлуу самсаларын жебей, өтүп кетүү кыйын. Самса жегим келип, чайкананын ичине кирбей, сырттагы темир менен кооздолуп тосулган короосунан орун алдым. Самса жегенче ары - бери өткөн элге көз жүгүртө отургам. Бир убакта көзүмө тааныштай аял урунду. Ичип жаткан чайымды кое, көзүмдү албай карап калыпмын... " Ошолбу, адашпадымбы? ... Жок, ошол, дал өзү. Өзгөрүлбөптүр... " . Бүткүл оюм тамакта болуп отурган жаным, алдымдагы тамакка да табитим токтоду. Узап бараткан караандын артынан жүгүрүп барып, колунан кармап, төгүлүп сүйлөшкүм келди... Бирок ... бирок деген жерибиз бар... Ал аял мага тиешелүү эмес. Балким, бирөөнүн ак никелүү жары ...
Менде да үй - бүлө бар... Ошентсе да, аны менен бир ооз сүйлөшүү үчүн баарына даяр болуп да тургум келди...
Ошол күндөн баштап күнүмдүк тиричилигим бейкапар өтүп жаткан мага, оюмдан кетпеген " ошол " санаа болуп жабышты. Иштерим менен бир аз алаксып калбаганым болбосо, отурсам, турсам " аны " тынымсыз ойлой берчү болдум. Ошол күнкү аралыгыбыз болгону он - он беш метр кадам эле болучу. Балким, атын атасам, токтомок. Даай албадым. Токтоткондо да, эмне демек элем... Баарына күнөөлүү өзүм эмесминби. Аралык жакын болгон үчүнбү, анын ар бир кадамы, кыймыл - аракети, турган турпаты ...көз алдымда даана тартылып калды.
Ошол элес кетпейт. Ооба, бир кезде мен " семиз " деп чанып кеткен кыз, азыр маралдай керилген, сыны бузулбай койкое баскан, узун боюна көрк бере....ажарын ачкан ....узун буттары өзүнө куп жарашкан...татынакай келин . Мм... Эстеген сайын суктанып кетем...
Үйгө келип, тамакка отурганда , семиздигинен оор кыймылдап, үйгө кийген кийими да денесине жабышып калгандай, араң эле кыймылдап, дем алганы кулагыңа угулуп турган аялым чай сунду. Анын жайылып турган тоголок бетин, кабаттап чыгып турган ээктерин көрүп, бүгүн биринчи көргөндөй карап ...экөөнү салыштырып аттым... Аялым тиги " семиз кыздан " кичүү, азыр көргөн адам экөөнү эч антип айтпас эле...
Балким, аны көрбөгөнүмдө качанкы студент курактагы " сүйүүм " унутулуп калат беле, айта албайм. " Ал " жөнүндө кээде анын ысымына окшош ысымды укканда, эстеп кетээр элем...
Бирок, бат эле унутулуп, түгөнбөгөн түйшүккө кирип кетмей ...
Бул күнү тээ бир оокумга чейин уктабай, анын сымбаттуу денеси мени өзүнө азгыргансып, көз алдыма тартып элестете, бир кездеги экөөбүздүн таттуу " өбүшүүлөрүбүздү " эстеп жаттым...
Мен анда кыргыздар айткандай, " кырчындай " жаш , студент курагым. Аскерге барып келип, Оштогу жогорку окуулардын бирине окуп калдым. Биринчи жыл бир аз кыйынчылык менен өтсө, экинчи жылы шаарды да, окууну да, жашоону да өздөштүрүп, өзүм теңдүү балдар менен дос да болуп, ээрчишип окуп, жашап жүрдүк. Экинчи курсту аяктап, үйгө кетээр учур жакындап калган. Университеттин чарба жумуштарына жардам берип, каникулга бир аз кечирээк кетмек болуп, бир - эки бала болуп калганбыз. Ошол күндөрдүн биринде окууга тапшырганы келген абитуриенттердин ичинен " аны " көрдум. Бою узун, чымыр денелүү, келбетинен кандайдыр бир сүр да байкалып турат. Негедир мен анын ошол " сүрдүүлүгүн " жактырдым. Каштары кара, калың экен. Байлап таштап койгон чачы, кашы менен түспөлдөшө, сулуу көрсөтүп турат экен. Негедир мен кызды жактырдым. Ары - бери өтүп, көрүп калсам, байкап жүрдүм. Кийин биздин жумуштарыбыз аяктап, үйлөрүбүзгө кеттик. Унутуп калышым толук мүмкүн эле...
Окууга келип, окуп жүргөн күндөрдүн биринде, " сүрдүү " кызды көрүп калдым. Балдар менен кээде сабак бүткөндө топ ойноп кетээр элек. Ойноп жаткан бизди караганча, курбусу менен биз тарапты карап, сүйлөшүп отуруптур. Ошол күндөн баштап, аны акмалап, таанышууну көздөдүм. Бул аракетим да, бат эле ишке ашты. Булардын группасындагы кыздар менен, мени менен чогуу жашап окуган балдар ынтымактуу болуп, жакшы байланышта болуп кеттик.
Үчүнчү курс болуп калгандыктан, мурункудай убакыттарыбызды сабакка көп деле бөлбөй калганбыз. Сабакка караганда кыздарга көбүрөөк алаксып калгансыйбыз... Анткени, лекция жүрүп жатса да, менин оюм " сүйгөн кызымда " . Тезирээк көрүүгө ашыгам... Сабактан чыгып, аны күтүп турам. Жашаган жерине чейин сүйлөшүп барганча , жеткирип коем.
Ошентип жүрүп, бири - бирибизге жакын болуп кеттик... Сезимибизди досторубуздун баары билди. Кээде чогуу жашаган балдар менен өзүбүз айтмакчы ", жетим отуруш " өткөрчү элек. Ар кимибиз өзүбүз сүйлөшүп жүргөн кыздарыбызды ээрчитип келебиз. А мен аны... Эх, ошентип биздин таттуу, баео, аруу махабатыбыз башталган ...
"Жетим отурушубуз " ар дайым көңүлдүү, шаттуу өтөт. Жупуну болсо да чакан дасторкон жаябыз. Колдон келген тамак - ашыбызды жасайбыз. Чогуу отуруп ырдап, тамаша айтышып, убакытыбызды көңүлдүү өткөрөбүз.
Кыздар кээде тээ бир оокумга чейин отурушат, андайда жолдо каттам токтоп, калып да калышчу. Ал күндөр мен үчүн - бакыт. Анын таттуу, жумшак эриндеринен өөп, кучакташа жатып алып таң атырчубуз. Таттуу эриндерге магдырап ...экөөбүз тең уктап калчубуз... Биз бирге бактылуу элек...
Бул бактыбыз бир жылдан өтүп калган. Бишкектен кичинесинде мени менен бирге өскөн жакын эжемдин баласы келип калды. Алар Бишкекте жашап, соода - сатык менен иштешчү. Бишкектен Ошко, Оштон Бишкекке " товар " ташып, дүңүнөн өткөрүп, каттап эле жүрүшчү. Менин байкашымча, алардын соодасы абдан жакшы эле. Себеби, мындайча айтканда " эпсиз " байып кетишкен болучу.
Айтып өткөндөй, Эрлан экөөбүз чогуу өсүп
калгандыктан, анча - мынча сырларыбыз болсо жашырышпай эле сүйлөшө берчүбүз. Алардын Оштогу үйүндө экөөбүз кечки тамакты ичип отурдук. Бойдок эмеспизби, сөзүбүз айланып келип, " кыз " маселесине келди. Мен " аны " айттым, ал көрүүгө кызыкты. Мен көрсөтмөкчү болдум...
Бул күнү да кезексиз отурушубузду уюштуруп жибердик. Дасторкондун баарын Эрлан көтөрүп бермек болду. Биз эмне, баарын бат эле уюштурдук. " Кечебиз " башталды ...
Баарына жагып, көңүлдүү болуп жаткан кече, Эрланга жакпады. Ал Оштун маданияты менен тарбияланып , тартынчаактык сапаттары бар кыздарды сындай тиктеп отурду. Көз карашынан " шылдыңдоо " көрүнүп турду...
— Ушулбу сүйлөшкөн кызың?
— Ооба, жакшы кыз, сабагынан да жакшы окуйт. Алдыңкы кыздардан ... Мен ага чын ниетимен сени мактадым.
— Хм, семиз го. Хе - хе, ушул семиз кыз жактыбы? Ээ, бели бир тутам, тал чыбыктай ичке кыздарды көрбөпсүң да! Кыз дегенди сага көрсөтүп коюшум керек экен. Тим эле, сүлкүлдөгөн кыздар бар го, чиркин! Пай - пай!
Ушул сөздү уккан менин абалымды айтпайын. Башка жегендей эле болдум го. Ушул сөздөргө маанайым түштү ...
Канчалык сага тартылып, баргым келип турса да, ошол кечеден кийин мен сенден кача баштадым. Сабактан чыгып, буттарым сага тартылат. А бирок " семиз " деген бир сөз жол бербейт. Менин жан - дүйнөмдө эмне болуп жатканын, өзүмдөн башка эч ким түшүнбөйт эле.
Эрлан өзү айткандай, " сүлкүлдөгөн " кыздарды машинасына салып келиптир бир күнү. Оо, ошондон баштап, башка дүйнөгө келгендей болдум. Кызыктуу күн менен түндөр өтө баштады.
Акыркы үлгүдөгү унаа минип, акчаны эсепсиз чачкан Эрланды, Оштун " менмин " деген чүрөгү ээрчип жүрөөрү анык эле... Өзүнө окшоп сатуучулук менен иштеген балдар менен, сулуу кыздарды жандап, түнкү клубдарга, ресторандарга бармай ... Окуп жүргөн жөнөкөй, карапайым студент мага алгач өөн учурады, а бирок бул кызыктуу түндөр жагып жатты.
Адаттагы " кызыктуу " түндөрдүн биринде Эрландар ээрчитип келген, " бели бир тутам, чачтары кулпуруп жайылган, көздөрү карагаттай " чүрөк " менен тааныштым. Дароо арбалдым. Анын сулуулугу, тамашакөй мүнөзү, эркелей сүйлөгөнү ...баары мени тартып алды. Ошентип, " семиз кызды " унуттум.
Мен " чүрөк " кызды сүйүп калдым. Анын сулуулугуна тойбойм. Аны менен жүргөндө акылымдан адашкандаймын... Кааласам, каалабасам да ал үчүн түнкү клубгабы, кафе - ресторанбы, окуумдан калып болсо да барчумун. Каражат жагын бүт Эрлан тейлеп жүргөндүктөн, ал маселе жөнүндө ойлонбой шапар тээп жүрдүм. Карып калган ата - энелүү балада, " соодагердин " баласындай акчасы жок болучу...
Себепсиз качып жүргөнүмдү менин " биринчи махабатым " түшүнбөй жүрдү... Сабактан чыкканда күтүп алчу мени жоктоп, кандай абалда калгандыгын азыр түшүнсөм керек. Ал учурда кайдан ... Окуган имаратыбыз бир болгондуктан, күндө болбосо, кээ бир күндөрү көрүп калуубуз мүмкүн эле. А мен ошол күндөн качып жүрдүм...
Ошол күн да болду. Сабактан чыгып бараткан мени көрүп, утурлай мага басты. А мен аны бир карадым да, байкамаксанга салдым, жанымдагы балага сүйлөмүш болуп, бурула басып кеттим. Бул көрүнүш эки - үч жолу кайталанды. Акыркы жолу ал мени ушунчалык аянычтуу көз караш менен карады. Алыстан басып баратсам да, анын кареги мени тиктеп турганын сезип бара жаттым...
Анын жакын курбусу бир күнү мага келиптир. Дайыма шаракташа тамашалашып, мамилебиз жакшы эле. Күтүүсүз жолуккан кыздан качып кетүүгө шылтоом жок эле. Аны таштап кеткенимдин себебин сурады.
— Билесиңби ... эмне десем, ал жакшы кыз ,
бирок..мындан ары аны менен бирге болгум келбей калды ...
— Албетте ал өтө жакшы кыз, эмне үчүн бирге болгуң келбейт? Андай кызды деле таппасаң керек, ашыкча?
— Мм .... себеби, ал семиз...
Оозума Эрландын ушул сөзү кириптир. Кандай айтып жибергенимди билбейм. Эх, ошол сөзүм түзмө - түз, эч өзгөрүүсүз жетип бараарын аңдабапмын...
Уландысы бар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9