
Бул күн мен үчүн даталуу күн болуп калды. Ооба, көз жаштын күнү болуп калды. Бүгүн кызым сени жоготконума да төрт жыл болду. Адамда коз жаш түгөнбөйт экен,бугун дагы ыйлап олтурам. Айыкпас дарт экен перзентин жоготуу. Бул дартты убакыт дарылайт дешкен эле бекер эле сөз окшойт, убакыт деле дарылай албайт экен. Буну ошол дартка чалдыккан гана адамдар түшүнөт болуш керек. Кээде кор тириликтин машакаты менен унуткандай деле болуп кетесиң бирок жүрөктөгү жара барибир тез тез козгоп турат экен. Айла жок Куран окуп кудайдан бейишинен орун беришин сурагандан башка эч нерсе келбейт экен колубуздан, балким акыретте көрүшүп калаарбыз.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 10