
Зээрикпей араласан кыргыз тоосун
Карасан туш тарапка канат моокум
Эн бийик ошол тоолор арасында
Кол турат кокмок болуп эн сопсонун
Эгерде барып калсан жазда эрте
Карашат тигилишип эчки теке
Суктанасын табигаттын кооздугуна
Мээнетим кетпептир деп эч бир текке
Ошол кол же картага басылбаптыр
Же китеп газетага жазылбаптыр
Жакшылап изилденип тоодогу кол
Алигиче толук сыры ачылбаптыр
Айып жок уламыштан уккан гепте
Жалган деп окурмандар айып этпе
Айтышчу карыялар жаш балабыз
Унутпайм дагы деле турат эсте
Болуптур бир койчу кыз койчу жигит
Багышат байдын коюн бирге журуп
Чоноюп бой тартканда ошол экоо
Калган дейт бирин бири абдан суйуп
Анда байлар колдон келет баарын кылат
Ач коз бай заарын чачып баарын тыят
Алдырып молдолорун малын союп
Картан чал Гупан кызга нике кыят
Кыз ыйлайт ыйлагандан эмне пайда
Жалынат жылдыздарга жана айга
Тунундо уктай албай зээриккенден
Жалынат кыз ошондо тоо таштарга
Тоо таштар кыздын мунун уккан дешет
Тоо таштар кызга колун сунган дешет
Дунгуроп жер жарылып таштар кулап
Ач коз байды малы менен жуткан дешет
Тоо таштан аккан сууга чункур толот
Ошол жерде айдын кол пайда болот
Ач коз байдан биротоло кутулдук деп
Кедейлердин башына бакыт конот
Тулоо кылып ошол жерде мал союшат
Этине кембагалдар эн тоюшат
Ошондо сулуу кыздын урматына
Копчулук Кол-Гупан деп ат коюшат
Коп отту жылдар отту озгорулду
Ал заман казан сымал комкорулду
Бирдикте совет эли кол кармашып
Батыштан Ильич туусу которулду
Азыр болсо чабандар кулук минген
Саанчылар жаркыратып каухар кийген
Чабандын кою семиз толу эгиз
Себеби ошол колдун суусун ичкен
Баргандар ошол колго жуунушат
Коргондор ошол колго суктанышат
Тушундо уктап кетсен колдогу кыз
Колундагы наристени сага сунат
Жазында уй койлорун колго айдашат
Кузундо шашылбастан кеч кайтышат
Тезирээк келгиле деп колдогу кыз
Калгансыйт арт жагындан кол булгалап
Автору Манап Маткалыков 1984-ж.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6