
Көкүрөк чөл, а жандүйнөм ыр самап.
Көңүл калды болуп кеткен көбүнөн,
Жүрөк кургур качан билбейм нурданат...
* * *
Мезгил өтүп өзгөрүпмүн таанылгыс,
Мен өзүмдү бөлөк көздөн карасам.
Мен кимгедир мээрим болуп төгүлсөм,
Мен кимгедир мерез болуп баратам...
* * *
Бир көз ирмем кубанычка алданып,
Үмүт үзбөй жашап келем эртең деп.
Жашоо мага уу жуткурган учурда,
Жан айламды таппай калам элтеңдеп...
* * *
Бул өмүрүң ачуубу же таттуубу,
Көнүп калдым иче берип баарысын.
Качан болсо кыла бербей түпөйүл,
Берчи мага жүрөгүмдүн даарысын...
* * *
Ал дарынын атын таппай келемин,
Ал дарынын аты балким- кубаныч.
Ал дарынын аты балким- аруулук,
Ал дарынын аты балким- сураныч...
* * *
Кандай дары болсо дагы аяба,
Көкүрөккө күйүп турган жалын бер.
Ар ким менен келе бербейт сүйлөшкүм,
Сырдашканга ырдын эки сабын бер...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 82