
)
Жамбы врач келе электе эле,эшиги-
нин түбүндөгү орундукка келип олтурду.
Санаасы санга бөлүнүп,карыган эне-
син,кызын эстегенде,жүрөгү жанчы-
лып,эртең эле жарык дүйнө менен кош
айтышчудай ахыбалда,өзүн жоготуп
олтуруп,врачтын:-Сиз магабы,деген сө-
зүн угуп,ордунан учуп турду.
Жашы элүүдөн өтүп калган,тегерек
бет,көздөрүнөн нур чачыраган,колдору
кебездей жумшак,бул адам Жамбынын
"ооруга шектүү" эмчегин абдан карады
да,"онкология десе эле,көпчүлүк бейтап
тар эсиңерди жоготуп,ооруга көпүрө түзүп аласыңар,дагы эрте келипсиз,эм-
чегиңизге катуу суук тийген,анализде-
риңизди тапшырыңыз,ошого жараша,
дарылай баштайбыз.Коркунучтуу эч
нерсе жок,шишик жок,Канча балаңыз
бар?" деп,сурады.Врачтын сөзүнөн
кийин,Жамбынын сайгылашкан жери
тып басылып,анын суроолоруна жооп
берип,анализ тапшыруу үчүн,чыгып
кетти.
Анализдерин алып,кайрадан барды
эле,айтпадым беле,корко турган эч нер-
се жок,мамологияга жатуудан мурун,
кардиологияга бир текшерилип келиңиз,жүрөккө "нагрузка" берип кой-
гон өңдөнөсүз деп,кардиологго теле-
фон чалды да,"менин бейтабым,карап бериңиз" деп,дароо кардиологго жөнөт-
тү.Кардиолог да,дасыккан мыкты адис
болгондуктан,Жамбы ооз ача электе
эле,оору эмнеден пайда болгонун,жү-
рөккө аяр мамиле жасоо керек экенди-
гин айтып,убагында келипсиз,инфаркт
алганга саналуу сааттар гана калыптыр,
азыр жатасыз деп,медсестрасын ча-
кырды.
Онкологиялык оорудан корккон Жамбы,кардиологияга ошол эле күнү
жатып калды.Мыкты врачтын көзөмө-
лүндө болуп,бир айга чукул жатты,оору-
канада.Тынчсызданышпасын деп,
айылдагы апасына да эч нерсе билдир-
беди.Ооруканадан чыгаарында:-Жаша-
гыңыз келсе,мен көрсөткөндөй,айткан-
дай режимди кармап,дарыларыңызды
өз убагында ичип,ызы-чууга аралашпай
өзүңүздү сактаңыз деп,чубалган кагазга бир топ дары жазып,кайсы маалда,канчадан ичээринен бери жа-
зып берди.Ооруканадан чыгаары ме-
нен,айылын көздөй жол тартып,канча
убактан бери ден-соолугуна бир да жо-
лу кам көрүп,текшерилип койбогонуна
өкүндү.Көрсө,адам өмүрү өтө на-
зик тура,көр тириликтин туткунунан
чыга албай,өмүрдү өзүбүз кыскар-
тат турбайлыбы деп,жол ката өкү-
нүчүн ичине катып,сары оору болуп,
келе жатты.Айылдын башына жет-
кенде,түшүп калгысы келип,көтөргөн баштыгын тиктеп,
бир жылмайып алды да,"кой,сага
нагрузка бербейин,сен мени ая,мен
сени аяйын" деп,жүрөгү менен сүй-
лөшүп,аялдамадан түшүп калды.
-Жамбы келиптир,көрдүңбү?Муну
Россияда бир байга тийип алыптыр деп
жатышпады беле,жалгыз эле келиптир го,ал бай күйөөсүнүн үй-бүлөсү бар экен,шаардан там алып берип,келип
кетип турат экен.Байкуш,Чаргынды ит
аяктай кылып,тээп салган тура.Мына
эмесе деп,ал да бир бай катын алып
алыптыр деп,калпты чындай койгулаш-
тырган Карагыз,уй кошкон жердеги
аялдардын ортосуна туруп алып,уй ай-
даган ичке чыбыгы менен жерди чукуп,
бүгүнкү күндүн "темасы" менен,тааныш-
тырып жатты.
-Тим эле тоюнда бирге болгондой
айтасың да,маңдай тери менен акча
таап келип,үй алыптыр.Чаргының шаар
да сандалып жүрүп,бир шуркуяга кабы-
лып,торунан чыга албай,ичип кетиптир.
Бая күнү,айылга келип кетти го,бомжга
окшоп,кебетеси кеткен,жүдөп өлөйүн
деп калыптыр,алмончоктой аялың менен кызыңды таштап,талаада кал-
дыңбы деп,эжекеси да,жолотпой куба-
лап,Чүкөдөй кемпирге барып,жол кире
алып кетиптир деген Шааркан,баары-
нын жаагын жаап жатканда,башына
Жамбы алып келген,жаңы жоолукту
салынып,уюн айдап,Чүкөдөй кемпир
да келип калды.
Ортодогу жымжырттыкты Калипа
бузду:-Ой,Чүкөдөй апа,көздү кызартып,
келиндер салынчу жоолукту салынып,
жашарып кетипсиз го,жаңы күйөө бала-
нын белегиби дегенде:-Калипа,тамаша-
лачу даражага жетип калдыңбы,салын-
сам,уурдап алган жерим жок,кызым алып келди.Жаңы күйөөгө тийди деп,кимдин кара оозунан кан чыгып
жатат,бирок,айтканың кабыл болушун
каалар элем,Жамбым азыр жаш,үстүн-
дө үйү,астында казаны,иштеген иши,эркелетээр энеси,эркелешээр кызы бар.Кимдин кудугуна түкүрүп,ки-
миңерге жамандык кылды,ажырашса
маңдайына жазганы ошол,уулу бар адам уулга,кызы бар адам кызды кеп
кылбасын.Боору бүтүн,телегейи тегиз,теменеси болот кимиң бар?Ар
ким бешенедегисин көрөт,таң заардан
кудайдын элегине ушак ушатканды ка-
чан токтотосуңар,сен эртең менен бир-
ди,кечинде бирди кийсең,морт болсун-
дан башканы айтпайм,айткан ушагың
кабырыңды тешээр бекен,жолуң бол-
сун.Мен сенин ыраматылык энең Зейне
менен сыр каткан аялмын,сөздүн да орун очок алчу орду болот,оозуңду жыйнай албасаң,кемечтеп кетчү киши табылат деп,шарт бурулуп басып
кетти.Топтошкон аялдын баары,
жаңы эле кемпирдин ысык алаканы жаактарына тарс эте,
тийгенсип,бадачыны күтпөстөн,жылып жөнөштү.
(Уландысы бар.)


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев