Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Колдон келсе картайууну токтотуп койолу дейбиз, жок колдон келбейт экен. Баягы жаш кездегидей эле жүрөк тунук, көкүрөк таза, бирок, анан ушу бирок бар да! Мына туулган күнгө кандай сонун кептер, куттуктоолор айтылган жок. Баардыгыңыздарга чын дилимден ыраазымын. Эми көңүлүңүздөрдү акындардын ырларына, жана өтө маанилүү жазылган айрым бир арноолорго берсем. Мени менен бирге ыр ааламында калкып, таразалап көрсөңүздөр!
Келин кезибизден жолдошторубуз классташ Индира Ахматовна аяшым мага каалоо тилек айтуу үчүн сайттагы дос, акын Маматибраим Жаныбеков агайга кайрылган экен. Агай эки беш мүнөтто томөндөгү ырды жазып жөнөтүптүр. Агай сизге терең ыраазычылыгымды билдирем, ошондой эле мумкүн болсо Москва шаарында 5 жылдан бери түптөлүп нечендеген таланттарды таптап келе жаткан "Москва кайрыктары" адабий клубубузга мүчө болууңузду сунуштайт элем. Жаш муундарга, кыргыз элине сабак болчудай ырларыңыз, кулк мүнөзүңүз, сиңирген эмгектериңиз менен үлгүсүз. Чыгармачылык бийиктиктерди багынта берүүңүздү каалайм, адабий майданда бирге иштерди алып барып жаш таланттарга жол көрсөтүп, алдыга сүрөсөк. Ыйык орозо күндөрү чексиз ыраазычылыгымды Маматибраим агай сизге, досум Индирага жолдоп, чың ден соолук, бакубат өмүр каалайм!!
Тагдырдын уу шамалы.
Элүү кырдын мөлтүр тунук булагы,
Айланып тур шоокуму күч дайрага.
Көк шибери адыр-түздө буралып,
Түркүн түстүү гүлгө толуп жайнаган.
Учу узарып кечээги жаш көчөттүн,
Уул кыздын жаркылдаган энеси,
Чоң эне деп эркелесе небере,
Балкып турган бак нурунан денеси.
Элүү жашта жетип турган баралы,
Нурга толуп жанып турган жамалы.
Мааракенин күнөөкөрү, сен учун,
Сокпосун эч тагдырдын уу шамалы!
Маматибраим Жаныбеков. 16.06.2016. Ош шаары.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 23
Дайыма кулуп журунуз.
Кен пейил шайыр эжекем,
Жаркырап турат жузунуз !!!
Он сегиздей кулкунуз,
Жаш кыздардай турунуз.
Фигураныз жакшына,
Жуз жашта да шундай журунуз )))
Ар дайым бакыттын койнунда күлкү кубаныч коштоп жүрсүн.