Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Балалыкта акыл-эске мөөр болуп басылып калган элестер эч бир унутулбайт экен. Андан бери далай жыл өттү.
Мага апамды ээрчип тайенемдикине айылчылап баргандан өткөн чоң бакыт жок эле. Автобекеттин бир бурчундагы айнектин кичинекей көзөнөгүнөн билет алып, ичи чаңыган сары автобуска олтуруп, бир сааттай жол жүрчүбүз. Дүйнөдөгү эн узак жол - тайенемдикине бараткан жол болсо керек деп ойлочумун.
Автобуста олтуруп:
- Апа, тайенем бизге жыгач эт бышырып берет, ээ? – дейм.
- Ооба, - деп апам жылмайып коет.
- Апа, биз барганда тайенем сүйүнөт ээ, – дейм.
- Ооба, сүйүнөт, – дейт апам.
Ошентип чоң көчөнүн боюнан түшүп калабыз. Сары автобус артынан чаңын бурулдатып, Жамбыл тарапка жүрүп кетет.
Талдын бутактарынан токуп жасалган эргенчекти ичкери түртүп ачып, короого киребиз. Үйдөн же кампа тамдан же алма чарбактан тайенем чыга келет. Тирилик кылып жүргөн болот. Алакандарын каккылап, алжапкычына аарчып, бизди утурлай басат.
- Карааныңардан силердин, карааныңардан... Силер да келет экенсиңер, ээ? – деп таарынычтуу да, сагынычтуу да үнү менен сүйлөнүп келет. Кучак жайып учурашабыз. Таенем мени да, апамды да шуулдатып жыттап-жыттап өбөт. Жетине албай кубанат. Көзүнө жаш тегеренип кетет. Үйгө киребиз.Төркү үйдөгү дубалда көрпө тебетейчен, чоң жакалуу ичик кийген, көздөрү чүңүрөйгөн сүрдүү абышканын сүрөтү илинип турат. Ал – таятам. Апам сүрөттү колуна алып алаканы менен аяр сылап, акырын өөп кайра ордуна илип коет. Учурашканы го. А мен сүрөттүн тушуна эмес, окчунураак олтурам. Кабагы бүркөө, жүзүндө каары бар абышка көз албай мени эле тиктеп туруп алат. Ошон үчүн корком. Анан чай үстүңдө апам менен тайенем аркы-беркини көпкө сүйлөшүшөт. Айылдагы кимдир бирөөлөрдү кеп кылышат. Тайенем кээ бир сөздөрдү чоочун киши жок болсо деле эңкейе калып шыбырап айтат. Кейип-кепчип да алышат. Дасторконго бата кылып, сыртка чыгабыз. Баса, менин жыгач эт дегенимди айтып күлүшөт.
- Жүргүлө, “жыгач” эт алып чыгалы, – деп тайенем бизди кампа тамына ээрчитип кирет. Ун салган үкөктүн капкагын ачат. Жеңин чыканагына чейин түрүп, ундун ичине колун матырып, жыгач отундай кагырап кургаган эттерди алып чыгып, үкөктүн кырына ургулап унун кагат, үйлөйт. “Жыгач” эт деген ушул. Качан келбе, тайенемдин унунун арасында ушундай сүрсүгөн эттери болот. Анан аны казанга асып, кастарлап бышырат. Чий көбүгүн улам калпып, тузун татып көрүп, кайра-кайра сапырып убараланат.
Дасторконго келген этти жеп жатып:
- Бул түтүн жыттанат, ээ? – дейм.
- Жыттанбай эле атайын ышталган да, - деп мага түшүндүрүшөт.
Гүлчөтай же, сорпо ич деп кыйнашат. А мен жегим келбейт. Андан көрө эртерээк сыртка чыгып, тайенемдин согуп жаткан чийинин таштарын ары-бери жылдырып ойносом, жаргылчагына куурулган буудайдан салып тартып көрсөм деп турам.
Биз кайрадан кампа тамга ээрчишип киребиз. Дагы бир чоң үкөктө жем бар. Тайенем жемге колун матырып, кыпкызыл чай чыныдай алмаларды алып чыгат. Үкөктөгү жемдин ичи бүт эле алма. Дубалдын боорундагы мыкка илинген чүпөрөк баштыкты алып, буулган оозун чечип, ала келген калай табагына куруттардан салат. Калганын ордуна илип коет. Чөбөгө аралыштырып жасалган майлуу курут. Жытына эле шилекейиң чууруп кетет. Тайенемдин кампа тамы жакшы. Алма, курут, талкан жыттанат. Талканды каймакка шекер кошуп көөлөп берет. Аны мен эмес апам да тамшанып жейт. А тиги ундун ичиндеги “жыгач” эттер качан болсо да тура берет. “Ун деген кыштыр- жайдыр муздак болот” деген тайенем.
Анан да үстүндө жүк жыйылып турчу бети оймолонгон эски сандыгы бар, дайыма кулпуланып турат. Оңой менен ача койбойт. Ачкычы чач учтугунда байлануу. Сандыкта түркүн кездемелер, жоолуктар, жип-шуу, жыттуу чайлар, атыр самындар бар. Ал тургай оозуңду дуулдаткан сонун момпосулары да бар. Аны Жамбылдын базарынан алып келиптир. Момпосуйдан мага уучтап берет.
Тиги чүпөрөк-сапырактарды көрсөтүп:
- Буларды өлүмтүгүмө сактап жүрөм, – дейт.
- Койчу апа, - дейт апам. Тайенемдин ушул сөзү апама жакпайт. А мен болсо “өлүмтүгүмө” дегенди анчейин түшүнбөсөм да жакшы сөз эмес экенин туюп турам. Ошон үчүн сандыктагы буюмдарды кармалагандан кооптоном. Ошентсе да тайенем мага бир байлам капрон жоолук, апама көйнөк тиктирип ал деп кооз кездеме тандап берет.
Мына, андан бери далай жылдар өттү. Тайенемдин да көзү өткөнүнө көп болду. Ал кезде жайдыр-кыштыр тоодон түшпөй, мал артынан жүргөн чабан уулу кийин айылга көчүп келип, баягы кампа тамды тыптыйпыл бузуп, ордуна чоң үй салып жашап жатыптыр. Кийин барсам ал үй мага чоочун сезилди. Кампа тамдын ордун жоктодум.
Ушу кезге чейин тайенемдикиндей “жыгач” этти эч жерден жеген жокмун. Азыр да даамы таңдайыма келе калат.
Кайран гана менин сарамжал тайенем. Күлсө да, ачууланса да кулагында термелип турчу көөкөр сөйкөсү, этек-жеңи көлкүлдөгөн кең көйнөгү,чоң чөнтөктүү тукаба кемсели, күмүш топчулары, чач учтугуна байланган ачкычтары, чачына сайып койчу ийри тарагы, бырыш баскан тарамыштуу колдору - баарысы көз алдымда.
Андан бери далай жыл өттү. Ошо кезде апам отузга чыга элек жапжаш кези экен. Азыр улгайып калды. Барган сайын тайенеме окшошуп баратат.
Элмира Ажыканова

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев