
Алай элинде Нияз молдо деген ысым айтылганда эле анын ириде айкөл, сөзмөр, көк жал баатыр болгондугу эскерилет. Өз мезгилинде отуз уул менен ичкилик уруусундагылар ар кандай шартта, аш-тойлордо, жортуулдарда, чек ара бекитүү масилетинде Нияз молдонун пикирин сурап, кеңешин алып турушкан. Нияз Досу уулу 1874-жылы Нурада төрөлгөн. Анын түпкү аталары Маат бий болсо, атасы Досу миң башы, бай болгон. Нияз өз таасирин Кең Алайга бекемдеп, Сары-Кол, Кара-Тегин, Кашкар өрөөндөрүнө чейин таанымал адам эле. Кытайда улуттук партия бекем түптөлүп, улуттук Өкмөт түзүлүп революциялык күчтөр каршы чыга баштаган учурда чоң кеңеш жыйын өткөрүлөт. Ошол кеңешмеге Алайдан жооштор уруусунан Нияз Досу уулу катышканы бар. Ал 1927-28 жылдарда улуттук Өкмөт жарыялаган Чан Кайшинин саясатына каршы чыккандардын бири катары тарыхта айтылып калды. Генерал Чан Кайши канкор шовинист катары Чыгыш Түркстан аймагындагы баш көтөргөн кыргыз, уйгур, дунган ж.б. улуттардын мыктыларын каматып, өлтүртө баштайт. Бул чөлкөмдө жооштор көп жашай турган, ошолордун өмүрүн сактоого Нияз молдо көп далалат жасаган. Ал бул тарапта ээлик кылууну көздөгөн Англия разведчиктери менен эркин алака түзгөн. Ошол эле учурда орус баскынчыларынан көп азап көргөн, жооштордун абалын аягандыктан Эркеш-Там чек ара заставасында элине камкордук көрө баштайт. Алардын мал-мүлкүн ортолукка алып коюсуна ачык каршылык көрсөткөн.Бир туугандарына, уулдарына бекем калканч болуп туруп берген. Совет бийлигинин чек араны бузбоо шартына деле көнгөн эмес. Жаңыбай деген уулу жаралгандан күчтүү балбан, эр жүрөк болгон. Ошол уулун Кытайда аскердик мектептен окуткан жайы бар. Бул учурда Улуу-Чаттагы кыргыздардын бирикмесине Нияз молдо тез-тез чакырылып, саясий ишкердүүлүгү арта баштаган эле. Улуу-Чаттагы жооштор соода ишине абдан берилген адамдар болуп алар Ош, Анжиян, Кокон аймагына байма-бай каттаган, алардын коопсуздугун Эркеш-Тамда, Сопу-Коргондо, Гүлчөдө Нияз өзү көзөмөлдөп баш көз болуп турган. Элине күйүп-бышып кам көргөн Нияздын кадыры аябай бийик болгон. Жыйырманчы жылдары басмачылар Кашкарга кача баштаган мезгилдерде алар Нияздын айылына тийишип, мал-мүлкүн тоноодон коркушкан. Нияз Кытайдагы Чыпак казы, Осмонаалы пааша, Ороз бийлер менен тең ата сүйлөшө алган. Ал орустардын чек арачыларынын бекем, күчтүү баратканын байкап 1913-1914 жылдары өзү катышкан Эркеш-Там постуна өз таасири менен иштөөгө мажбур болгон. Анын бул максаты чек ара бөлүгүндө Кытай тарапта калып кеткен жооштордун чек ара аркылуу Алайга жакшылык-жамандыктарга ээн-эркин өтүп туруусуна, жардамым тийип турсун деген ниети эле. Баса, кытай-орус чек ара аныкталып, анын шартнааме салтанатына Ниязды чакырышканда ал эр жүрөктүүлүк менен кыргыздар экиге бөлүнүп калабы деп макулдук кол коюу, мөөр басуу аземине жападан жалгыз каршы чыккан. Ошентип чек ара кайтарып калган Досунун урпактары Нияздын тарбиясы, тууган дегенде, Алай дегенде күйүп – жанган намысынын негизинде чек арага кызмат өтөшүп, ээн-эркин алайлыктардын өтүп турушуна ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришкен. Бир мисал, алайлык айтылуу Арапбай казыны Эркештамда Юсуфжан өзбек аскерлери менен кармап, зынданга салганда аны билип клган Нияз уулу Пиримбай Юсуфжанды коркутуп, аскерлерин сабап отуруп бошотуп жиберет. Юсуфжанды өлтүрүү керек, мунун түрү суук, орустарга сатылып Нияздын балдарына кыянат кылганы калды, ата мага уруксат бер, мен аны өлтүрүп Кашкарга качып кетейин деп Жаңыбай балбан айтканда кайра аны Нияз молдо жазалап заставанын камерасына үч күнгө каматат. Бир эсеби Нияздын басмачыларды тымызын колдоо көрсөткөндүгүнүн себеби болуп айтор Юсуфжан Ошко аскер гарнизонуна рапорт жазып Ниязды инилери, уулдары менен аттырып салууга уруксат алып келет. Анын үстүнө Нияз тобу менен Кытайга качканы калды деп кутум уюштурушуп, жалаа жапкан аскерлер булардан кутулсак бизге жеңил болот деген алсыздык ойго алдырышып НКВДга карапайым элдин атынан арыз жазышкан эле. Ошентип, 1934-жылы Нияз молдону баш кылып, анын эки иниси Жума, Коргонбайды, уулдары Миңбай, Пиримбай, Эргешбай, Жаңыбайды ээн сайга жашыруун чакыртып аттырып салышкан.
Нияздын тобунан кутулдук деп алайдагы аскерлер аябай сүйүнүшкөн экен. Эл мындай каргашадан катуу сестенип, Кытайга качып кетүү амалы жооштор арасында күч алган. Нияз молдо өзү күчтүү илимдүү, санжырачы, жомокчу болгондуктан балдарына көп тарыхты айтып берчү. Атасынан угуп калган куйма кулак балдары 1927-жылы Алайга фольклор жыйнаганы келген Кусеин Карасаевге, Зияш Бектеновго, Белек Солтоноевдерге кезигишип элдик оозеки чыгармаларды айтып беришкен. Мисалы, Нияз уулу Бекмурза “Перизат” деген элдик ырдын 79 сабын, “Асманда учкан кептердей” деген ырдын 67 сабынайтып берсе, Нияз уулу Эргешбай Карай көздү” – 56сап, “Аккайнарды” – 101сап, “Лайлиханды” – 16сап, Ак назикти” – 46сап, “Аккымчаны” – 125сап, “Актолкунду” – 80 сап кылып айтып берген. Ал эми жээн небереси Акназар уулу Гадан “Селки айымды” – 128сап менен айтса “Датка айымды” – 135 сапка шурудай тизген.
Атактуу Мадамин – бек, Ботобек акын, Сулайман Күчүков, Ади – басмачы, генерал Исакбектин атасы Мону ажы, Бөрүбай молдо сыяктуу тарыхый инсандар өз доорунда Нияз молдонун көсөмдүгүнө, эр жүрөктүүлүгүнө баа беришкен. Ал эми анын урпагы Сопу-Коргондогу маданий кызматкер, чебер-ууз, айжаркын аял Азия Шарипова деген раматылык эже көзү тирүүсүндө чоң атасы Нияз жөнүндө сыймыктануу менен көп айтаар эле, жаштык кылып жаздырып албаганыма кээде өкүнүп калам. Нияздын жана анын бел туткан бир боорлорунан тарагандардан Оштогу белгилүү илимпоз, патриот инсаны Инамидин Бекмурзаев, эмгектин ардагери Арстан Ниязов, топ оюнунун чебери, педагог Жаныбек Абдраевдер көздөрү өтүп кетсе да Нияздын урпактары деп эмгиче сыймык менен айтылып келет. Нияздын 2 аялы болгон, Калча деген аялы 8 бала төрөсө, Турганбү деген 21 жаш кичүү сулуу аялы да 8 бала төрөп берген. Досу уулунан тарагандар жөнүндө раматылык Арстан Ниязов (ал менин атамдын эң жакын досу эле) санжыра жазган, азыр аны китепче кылып дагы бир патриот уулу Бишкектеги “Ак босого” жаңы конушунун өз айылынын урматынан ататканга идея берген Сейит Бекмурзаев басмадан чыгарыптыр деп угуп сүйүнүп калдым. Сейит дагы илим жактап, учурда бизнесте жүрөт. Айтмакчы Алай жеринде Нияз молдо ордо оюнун уюштурганы элде айтылып келет. Анын бир тууганы Шерматтын небереси Абдраев Абдылда улуттук ордо оюну боюнча республикалык борбор түзүп, анын башкы калысы экендигин Нияздын канынан өткөн урпактарга мурастай сезилет.Ал эми Эл агартуунун отличниги,патриот , таланттуу агай Султаншарип Кожоев азыр Бишкек-Чуй жериндеги алайлыктардын ынтымагынын акыл-кенешчиси экендигин сыймыктануу менен айткым келди.Нияз молдонун эрдиги жонундо дагы кенен изилдоолорду жургузсом деген ниетим бар,ал учун сиздерден да маалыматтарды кутомун...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6