Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Куурдак кууруунун улуттук ашка тамактарды даярдагандай эле өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздарда куурдакты жаңы союлган малдын кой, уй, эчки ич этинен (боор, жүрөк, бөйрөк, чучук жана башка), моюн, боконо, арка эттери кошулуп куурулат. Алгач, карын менен бөйрөк майларын көөлгүтө сызгырып алат, ага анча чоң эмес бөртө-бөртө тууралган этти салат, кыя тууралган пияз, сарымсак кошот, баарын аралаштырып куурат, туз, мурч салат, отту кичирейтип, 30-40 минута бышырат. Анда-санда аралаштырып туруу керек. Куурдак куурулган майы менен бирге берилет, көбүнчө ысылык катары желет, майы жүрөккө тийбейт. Жаңы союлган малдын өз майына куурулган куурдак даамдуу.
Куурдактын түрлөрү
Кара куурдак- эт күрөң тартканга чейин майга куурулат. Бөртө тууралган боор, жүрөк, бөйрөк кошулган куурдак ширелүү, даамдуу, тузу өткүрүрөөк болот.
Солкулдак куурдак - куш тил тууралган жаш эттен бууга демделип, жай күйгөн отко бышырылат. Бул куурдактын эти жумшак жана жегиликтүү келет.
Борпошо куурдак - куурулган этке бир аз суу куюлуп, андан кийин жай күйгөн отко 30-40 минута бышырылат. Борпошо куурдак чыгы менен дасторконго коюлат.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4