
Тажрыйбаңызды тынымсыз арттырыңыз.
Сырды кыргычтан өткөрөрдө алгач кыргычты өсүмдүк майы менен майлап алыңыз, ошондо сыр кыргычка жабышпайт, а кыргыч оңой жуулат.
Балыкты сууга салып алып тазалаган оң. Ошондо кабырчыктары учуп айлананы булгабайт.
Уксуска, кваска, туздалган бадыраңдын суусуна бир нече мүнөткө чылап коюу – катуу этти жумшартуунун натыйжалуу ыкмалары.
Камырга кошула турган жумуртканын сарысына бир аз туз себелеп койсоңуз, даярдалган азыгыңыз жагымдуу сары түскө ээ болот.
Сүттүн батыраак бышышын кааласаңыз, ага бир аз шекер кошуп коюңуз.
Этти ысык духовкага бир аз коюп туруп, анан кайнатсаңыз шорпосу даамдуу болот.
Тамакка кошулган жашылчалар канчалык чоң болуп тууралса, кайнаганда алардын курамындагы пайдалуу заттары ошончолук аз жоголот.
Балыкты кууруганда майдаланып кетпесин десеңиз, алгач аны туздаңыз, андан кийин унга оонатып 10-15 мүнөт коюп коюңуз, андан кийин гана жакшы кызыган майга салып кууруңуз.
Көпкө туруп калган майонез кычкыл даамга ээ болуп калса, ага бир кашык муздак суу кошуп аралаштырып коюңуз.
Пияз жеген болсоңуз, артынан бир аз сүт ичип койсоңуз, оозуңуздагы пияздын жагымсыз жыты дароо кетет.
Эгер жумуртканы күчтүү отто кайнатсаңыз, агы катуу, сарысы жумшак болуп калат. Жай отто кайнатсаңыз, тескерисинче. Андыктан жумуртканы орточо отто кайнатып бышырган оң.
Жумуртка кайнап жатканда жарылып кетпесин десеңиз, суусуна бир аз туз кошуп коюңуз.
Сизге жумуртканын агы эле керек дейли, а сарысы дагы бир нече күн сакталып турушу керек. Мындай учурда жумуртканын эки учун ийне менен тешип, агын чуурутуп куюп аласыз, сарысы ордунда кала берет.
Бышкан пирог калыптан чыкпай жатса, калыпты бир аз бууга кармап туруңуз же муздак сууга сала туруңуз.
Консерваланган азыктын банкасы ачылбай жатса, банканы оодарып туруп капкагын жылуу сууга бир нече мүнөт сала туруңуз, андан кийин банка оңой ачылат.
Колуңузду кокусунан кесип алдыңыз дейли, сизде эч бир керектүү каражат жок. Мындай учурда кескен жериңизге шекерден себелеп койсоңуз, кан бат токтойт.
Балдар көп жыгылышат. Мындай учурда тийген жерине тоголоктолгон ным гезитти бассаңыз, оору басаңдайт жана көгөрбөйт.
Картошканын кабыгын ыргытпаңыз. Аны майда туурап, ысык суу, уксус жана туз менен аралаштырасыз. Бул аралашма бөтөлкөлөрдү, графиндерди жууш үчүн сонун каражат болуп эсептелинет.
Жашылчалар кайнаган сууну төкпөй бөлмө гүлдөрүнө куюңуз.
Үйдү оңдоп-түзөөдөн кийинки боёктун жытын батыраак кетириш үчүн бөлмөнүн бир нече жерине тарелкага туздан салып коюп коюңуз.
Машинаңыздын терезелерин ным марлиге оролгон туз менен сүртсөңүз тердебейт.
Апельсиндин же лимондун кургатылган кабыгын күйгүзүү менен ашканадагы ар кандай жагымсыз жыттардан арылсаңыз болот.
#3


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 33