
Күнүмдүк ичкен чайдын чамасын чылап ичкен соң ыргытып жибербестен, төмөндөгүдөй турмуш-тиричиликке жана сулуулугуңузга колдонсоңуз болот. “Кантип?” деп таңыркап жатсаңыз, анда төмөндөгү маалыматка көңүл буруңуз.
Ден соолукта:
Чыланып кызылы чыгып бүткөн чайдын чамасына муздак суу куюп туруп муздаткычка 15 мүнөттөй коёсуз. Андан кийин чарчап турган же кызарып калган көзүңүзгө бассаңыз көзүңүздү жандантат.
Жаңы чыланган чайдын чамасы суугандан кийин денеңиздеги көгала тактарды тез кетирүүгө да жардамы тиет. Анткени кара чайда ийлөө заттары кезиккендиктен шишикти бат таратып, кан тамырлардагы кан айлануу системасын жакшыртат. Жакшы жыйынтык алуу үчүн бул компрессти бир күндө эки жолу жасасаңыз болот.
Ошондой эле чайдын чамасын күнгө күйүп калган териңизге да компресс кылсаңыз жакшы болот. Эгер күн нуруна катуу күйүп калсаңыз, чай ваннасын алуу абзел.
Сакал же чач алганда кесип алган жерлерге чай баштыкчасындагы чайды муздатып туруп басса, эс алдырып тез калыбына келтирет.
Бетиңизге чыккан майда бүдүрлөрдөн арылууну кааласаңыз, көк чайдын чамасын басыңыз.
Тишиңизди жулдурганда, бүйлөнүн каноосун токтотууда же оорусун басаңдатуу үчүн чайдын баштыкчасын сууга салып туруп ооруп жаткан жериңизге салып тиштеп же басып туруңуз. Бул ооруну басып, нервди эс алдырууга жардам берет.
Чыланган кызыл чайды суутуп туруп оозуңузду чайкасаңыз, ооз көңдөйүндөгү жагымсыз жыттардан арылтат.
Мончого түшкөндө буусуна чайдын чамасын таштап койсоңуз, ден соолугуңузга өтө пайдалуу болот. Эгерде териңизди жакшырткыңыз келсе, көк чайдын чамасын таштаңыз. Ромашканын же кара чайдын чамасы болсо нерв системасын жакшыртып, стресстен чыгууңузга жардам берет.
Буттун сасык жытын кетирүүдө жылуу сууга чайдын чамасын кошуп бутуңузду 15 мүнөт салып туруңуз. Ошондой эле таң атканча чаманы бут кийимиңиздин ичине салып койсоңуз, уялткан жагымсыз жыттар сиз менен кош айтышат.
Чайды чылап, андан соң суутуп, чамасын сүзүп таштап, муздаткычтын атайын калыптарына куюп туруп тоңдурасыз. Күнүгө эртең менен ал муз чай менен бетиңизди сүртсөңүз, бырыш түшүрбөй, нервдериңизди эс алдырып, жансыз болуп бара жаткан клеткаларыңызды тирилтет.
Турмуш-тиричиликте:
Чай жогоруда белгиленгендей, жыттарды өзүнө жакшы сиңирип алат. Мисалы, муздаткычка чайдын чамасын салып койсо, жагымсыз жыттарды жок кылат. Ошондой эле сарымсак же балык тазалаганда, ичеги-карын артканда кармаган нерсебиздин жыты колубузду самындап жуусак да кетпей калган учурда чайдын чамасын муздак сууга салып, ага колуңузду 10 мүнөттөй салып турсаңыз, ал жагымсыздыктан арыласыз.
Ар түрдүү кошулмалардан турган чайдын чамасын автоунааңыздын салонуна салып койсоңуз, табигый жыпар жытты сезе аласыз.
Ар түрдүү бакча жана үй өсүмдүктөрү үчүн чайдын чамасы табылгыс азык болуп саналат. Ошол эле убакта топурактын бетине өлчөмүнөн көбүрөөк чаманы таштасаңыз, курт-кумурскалардын тез пайда болушун шарттай тургандыгын эсиңизден чыгарбаганыңыз оң. Мисалы, 1 квадрат метр топуракка 0,5 килограмм чама туура болот.
Чаманы кургатып туруп жаткан керебетиңиздин тегерегине сээп койсоңуз, кан соруучу чиркей, бүргө сыяктуу душмандарыңыздан арылтат. Кийим салган баштыгыңызга кургак чаманы салып койсоңуз күбө түшпөйт.
Каралжын түстөгү териден тигилген жакалуу баалуу кийимдериңиздин мехине чаманы сээп, бир аз убакыт тыныктырып коюп туруп атайын щёткасы менен ыргагына жараша тарап койсоңуз, баштапкы абалына алып келип жаңыланган өң берет.
Идиш-аяк жуучу каражаттардан аллергияңыз бар болсо, анда чайдын чамасы менен идиш-аяк, күзгү, айнек, пол, боёлбогон эмеректериңиздеги тактарды, майларды кетирүү үчүн колдонсоңуз болот.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18