Предыдущая публикация
Күзгү Нөшөр

Күзгү Нөшөр

12 июн 2025

СЕЗИМ СЕРЕСИ

5- бөлүк
Бир күнү сот болуп мен үйдөн даярданып иним экөөбүз эми гана келгенбиз сот залына Акыл жок,улам чалып чакырып жатып келтирдик,ал келип да ар нерсени бир айтып ачуума тийип , мүнөзүн көрсөттү,анан өзү сураган 300миңди ата энем бар экен,бир тууган бар экен сураштырып таап берип, үйдү өз атыма өткөрдүм,анткени балдарым чоңоюп калышкан , аларды окутушум керек,жок дегенде үйдү баламдын атына өткөрбөсөм Акыл балдарды да ойломок эмес,алименттен да баш тарткан эле.Сот бүтүп кол коюлуп үйдү өткөрүп,ЗАГС кыркылуусуна да арыз кетти.Бир чети кутулганыма шүгүр кылып жатсам, бир чети карап туруп ушундай адам м-н кантип жашадым экен деп күн сайын өкүнүп бараттым, көңүлүм күндөн күнгө калып баратты.Андан дагы жаманы адамдардын байма бай берүүчү суроолору ого бетер алсыратып жатты, сөз адамдын энергиясын ушунчалык алып коёт экен , түн бир оокумда кээде сыртка чыгып ыйлап - ыйлап алып жүрдүм ,балдарыма көрсөтпөй.Кээде жалгыздык алсыратып кыйнаса,кээде башымдагы толгон токой суроолорго жооп таппай кыйналып жүрсөм,кээде балдарымды карап жүрөгүм ооруучу болдум.Акыры башымда ушундай күн да бар турбайбы?!- деп кабыл алууну үйрөндүм.Жакшы дагы ошол тапта мектепте иштеп окуучулар га сабак берип алаксыйм, сырдашып турчу коллегаларым да бар, үйгө келсем бир тууганым иним каралашып жүрөт жанымда,анан психология боюнча окуумду да улантуу керек болуп,бул депрессия деген кырдаалдан ушинтип чыктым десем болот.Психология га келип,бүт жашоомду анализдей баштадым,ар кандай өнүккөн инсандар м-н баарлашып отуруп жашоом кызыктуу боло баштады.
Анан өзүм сыяктуу аялдарды изилдей баштадым, эң кызыгы баарынанда эркектердин психологиясы мага кызык болду, анткени жолдошум менден эмне себептен кетип калды,менден кандай кемчиликтер кеткенин билгим келчү.
АВТОР : КАМИЛОВА АЙКАН МЫКТАРБЕКОВНА
Уландысы бар......
Чыгарма жакса лайк басып коммент жазып бөлүшүүнү унутпаңыз мусулман бир тууганым 🤍

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Күзгү Нөшөр

Күзгү Нөшөр

ЛентаТемы 3 148Фото 1 751Видео 77Участники 37 913
  • Подарки
Левая колонка
Всё 3 148
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться