Предыдущая публикация
Все самое интересное

Все самое интересное

7 апр 2019

ГЕМОРРОЙ МЕНЕН ЦИСТИТКЕ ДАРЫ БОЛГОН БӨЛМӨ ГҮЛҮ

Эл ичинде акча дарагы же “толстянка” аталган бөлмө гүлү көпчүлүгүбүздүн терезебизди кооздоп турат. Айрымдар бул гүл байлык жана бардарчылык алып келерине ишенишет. Ошондой эле аны дарылоо каражаты катары колдонгондор да бар. Негизи эле бул гүл өзүнүн көрүнүшү менен кичинекей даракка окшоп тургандыктан, кооздук үчүн аны көптөр өстүрүшөт.
“Толстянка” көп түрлүү. Бирок бөлмө гүлү катары “акча дарагы” кеңири өстүрүлүп келет.
Эскертүү: Толстянкада жогорку концентрациядагы мышьяк болгондуктан аны дары каражаты катары ашыкча колдонууга болбойт. Дозадан ашык колдонууда ич өтүү, кусуу байкалат.
Эриндеги учук.
Бир нече жалбырактын ширесин сыгып алуу керек. Аны ар бир 30 мүнөт сайын учукка сүйкөө керек. Ошондой эле пахта тегерекчесине сиңирип алып, аны пластырь менен бекитип коюуга болот.
Ангина, тонзилит.
10 жалбырактын ширесин сыгып алып, 200 мл сууга аралаштырабыз. Аралашма менен күнүнө 3-5 маал тамакты чайкоо керек.
Ашказан жарасы жана он эки эли ичеги ооруларына. Эртең менен 1 саат тамактын мурда 2 жалбыракты жакшылап чайнап жеп коюу керек.
Пиелонефрит, цистит.
Толстянканын 5 жалбырагын жанчып, 200 мл ысык суу куюп, 1 саат демдеп, чыпкалап алуу керек. Тамактын алдында 15 мүнөт эрте күнүнө 3 жолудан 1 чоң кашыктан ичүү керек.
Артрит, артроз. 10-15 жалбырактын ширесин сыгып алып, ооруган жерлерге уктоо алдында сүйкөө зарыл.
Геморрой.
Тең экиге бөлүнгөн жалбыракты ооруган жерге койсо, дароо жардам берет.
Күйүк, көк, эт чоюлуу, жаракат, кесик, тытыктар. Жалбырактардан жасалган боткону ооруган жерге коюп, бинт менен таңып коюу керек. Таңууну кургаганына жараша 2-3 саатта бир алмаштырып туруу керек.
Айрым маалыматтар боюнча толстянка абаны зыяндуу микробдордон жана бактериялардан тазалайт. Ошондой эле, кээ бир ишенимдер боюнча үйгө байлык жана ийгилик алып келет.

Комментарии 3

J N S
J N S
😍
7 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    минавар мумедова
    минавар мумедова
    Сакранит
    13 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Зулфия Эрмамат кызы
    Зулфия Эрмамат кызы
    👍👍👍
    26 апр 2019
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Все самое интересное

    Все самое интересное

    ЛентаТемы 14 522Фото 5 387Видео 2 184Участники 86 296
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 14 522
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться