Предыдущая публикация
Жакшы группа

Жакшы группа

24 фев 2022

Кыргызстанда өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. Президент жарлыкка кол койду

«Кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат». Мындай жарлыкка кол койгонун президент Садыр Жапаров жарыялады. «Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн ушундай жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Бул жарлыкка ылайык, кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ошондуктан, кимибиз болбойлу — баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам. Антпесек өлүм чыккан үйдө аза күтүүнүн ордуна казан-казан эт кайнап, табак-табак эт тартылып, той сыяктуу көрүнүштөр болуп жатканы бүгүн да болуп жатат. Ооба, бул жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. «Маселен, эмне үчүн менин атам 90го чыгып, акыркы сапарга кетип жатса, бир жылкы союп узатпашым керек» дегендер чыкты. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Өзүмдүн башымдан өткөн бир мисалды айта кетейин. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, «үч бодо даярдадык, жетеби» деп сурашты. Мен «кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар» деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар «алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз» деп, мени ынандырганга аракет кылышты. «Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам» деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү. Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем»,— деп жазды ал.
Кыргызстанда өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. - 934846165587

Комментарии 46

Дилфуза Жылдызбек
Дилфуза Жылдызбек
Туура чечим деп ойлоймун.
24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    М Б
    М Б
    Казак кудагыйыбыз каза болуп бардык ал уйдо 3кун тамак жасалбайт экен кошуна туугандары даяр тамак алып келип турушат экен эн туура уй булоосу аза кутуп турушат.бизде болсо келин кыздар базарга уул балдар мал издеп туш тушка жоношот 7кун 40кундо эле жашына кылып кан чыгарса болот го.именно олгон куну чуркабай
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌺🌺🌺 🌺🌺🌺🌺
    🌺🌺🌺 🌺🌺🌺🌺
    Көп нерсеге тыюу салуу керек закон чыкса гана калат да кыз ала качуу токтогондой
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    BOROYHOVA SALKYNAI
    BOROYHOVA SALKYNAI
    Келечекте эмнелер кутуп турат  бары жалан жакшылыка жол ачылсын элибиз законду так  аткарса ысырапкерчилик азайат
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Рахат Мусабаева
    Рахат Мусабаева
    ответила Расии
    Сен ата энене тируусундо сыйлаа...олгондо эл корсун болуп мал сойбой..
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Zaira Zaira
    Кыргыздардын куда соогу келет,ачка жата албайт да,ошондуктан эки кой сойсо туура болот,айылдагылар тамак жебей тарап кетиш кк
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    анаркул сарпашова
    анаркул сарпашова
    💋
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамиля (никелүү) 🌼
    Жамиля (никелүү) 🌼
    24 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ьфьаьуь Пькьь
    Ьфьаьуь Пькьь
    ответила Расии
    Сойсо болот кийинчереек,бизде сразы сойотта ошол болбойт негизи уч кундон кийин Боло берет олгон адамдын атынан эхсан деп сойсо болот
    25 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулбарчын Жылжымышева
    Гулбарчын Жылжымышева
    Эң туура чечим,колдойм
    25 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Абабакир Жумашов
    Аллах раазы болсун эркек экенсин садыр
    25 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мен Ганиева
    Бул группада жалан жакшылар го, жана бир группада билип билбей эле ар нерсени суйлошуп жатышкан👉
    25 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кана Курманалиев
    Кана Курманалиев
    ответил Мену
    Негизи туура айттыныз
    25 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Рахат Мусабаева
    Рахат Мусабаева
    Карап  турсанар.. ыйманы жоктор .акчалуу адамдар бул указ туура эмес деп.митинге чыгышат😄
    25 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аинура Асакеева
    Аинура Асакеева
    Ооба туура  чечим кабыл алынды буюрса.кудаиыма тобоо.Рахмаат Сизге Садыр Нургожоевич...
    26 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Роза Касымова
    Роза Касымова
    Эн туура ысырапкерчилике богот койуш керек курандан башка эмне отот  Мен колдойм Азаматсын Садыр
    27 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Зари Замужем
    Зари Замужем
    Эми батага эч Ким барбай калса кк эт жок деп🤭🙂
    28 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Зари Замужем
    Зари Замужем
    Туура мен да колдойм !ысырапкерчилик!
    28 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Меринса Назарова
    Меринса Назарова
    ответила Расии
    Туура айтасын мен да каршымын ар ким колудан келишинче сойсо болот да . Жаштар баары суйунуп жатат да ата энеси олсо чыгым жок алып барып комуп койушат да . Талаалап журуп ата эненин кадырына жетпегендер жок дегенде бир торпокко кучунор жетпейби уят да
    28 фев 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаркынай Маматжановна
    Жаркынай Маматжановна
    ответила Меринсе
    Эн туура айтасыз
    2 мар 2022
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Жакшы группа

    Жакшы группа

    ЛентаТемы 16 931Фото 11 038Видео 2 553Участники 83 279
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 16 931
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться