Улан менен Бакыт Бишкекте фирмасынын иштерин жолго коюп, карыздардан толук кутулгандан кийин, Бакыт уулунун ниетин билип, айылга Гүлнурга кабар берди. Телефондон Уландын үйлөнө турганын укканда, Гүлнур алгач сүйүнгөнсүп, бирок келиндин ким экенин укканда дароо өзгөрө түштү.
— Эмне? Шаардык кыз? Атасы жок дейсиңби? — Гүлнурдун үнү телефондон ачуу чыкты. — Бакыт, сен эмнени ойлоп жатасың? Биздин заңгыраган үйүбүзгө, сенин ошончо мээнетиңе атасы жок, теги белгисиз бирөөнү алып келебизби? Шаарда өскөн кыз мал караганды билбесе, нан жапканды билбесе, биздин каада-салтты түшүнбөсө, ал бизге келин эмес, элес болот го! Мага айылдан эле, ата-энеси бар, оокаттуу жердин кызын таап берели дебедим беле?
Улан телефонду алып:
— Апа, Мээрим жөнөкөй кыз эмес. Ал мага эмгектин кадырын үйрөткөн адам. Атасы жок болсо эмне болуптур? Анын тарбиясы абдан жогору! — десе да, Гүлнур көгөрүп көнбөй койду.
Акыры Бакыт катуу айтты:
— Гүлнур, мен он беш жыл талаада жүрүп, бир жолу менин сөзүмдү ук дебедим эле. Бул жолу менин айтканым болот. Мээрим бул үйгө келет. Болду, чекит!
Сөйкө салганы Бишкекке, Зууранын ашканасына барышканда Гүлнурдун түрү баарына байкалып турду. Ал ашкананын ичине кирип, мурдун чүрүрөйтүп, тегеректи жактырбагандай карап жатты. Зуура ачык маанай менен тосуп алып, дасторкондун эң таттуусун койсо да, Гүлнур чайды ичкенсип, чыныны столго "тарс" эттире коюп жатты.
Мээрим келип жүгүнүп, чай сунганда, Гүлнур анын жүзүнө да караган жок.
— Ии, шаардык кыз, колуңан оокат келеби деги? Биздин үйдө жумуш көп, тиги Бишкектегидей маникюр жасап отурганга убакыт жок, — деди элдин көзүнчө чукчуңдап.
Төркүндө отурган кошуна аялдар бири-бирин карап, шыбырашып жатышты. Гүлнурдун бул кылыгы жана келинди басмырлаганы баарына өөн учурады. Бакыттын ачуусу келип, аялын көзү менен атып жибере жаздады. Бирок Мээрим эч сыр бербей, жумшак гана: "Үйрөнөм, апа, баарын жасайм", — деп сыпайы жооп берип жатты.
Бишкектин четиндеги чакан ашканада бүгүн өзгөчө толкундануу бар эле. Зуура кызы Мээримдин чачын өрүп, ак жолугун камдап жатып, көзүнө жаш алды. Ал кызын жөн гана турмушка узатып жаткан жок, ал өзүнүн жүрөгүнүн бир бөлүгүн, эң кымбат тарбиясын ишенимдүү колго тапшырып жаткан.
— Кызым, Мээрим, — деди Зуура кызынын колун кармап. — Сен бара турган үй заңгыраган сарай болгону менен, ичи али муздак. Бакыт байкең тоодой адам. Ал он беш жыл бою таш тиштеп, балдарым деп жашады. Сенин башкы милдетиң күйөөңдү гана эмес, ошол атанын баркын көтөрүү. Ата сыйланган үйдө кут болот. Кайын энең Гүлнур катаал аял болушу мүмкүн, бирок сен мээрим менен ташты да жибитесиң. Уланга тирек, атага сыймык бол! Өз атаңдай көрүп жакшы мамиле кыл!
Айылдагы той Бакыттын кадыр-баркы менен абдан чоң өттү. Заңгыраган үйдүн алдына ак боз үй тигилип, мал союлуп, бүт айыл чогулду. Бирок Гүлнур тойдо коноктордун арасында жүрүп, келинин мактагандын ордуна: "Атасы жок жерден алдык, Бакыт менен уулу кулагымды жеп жатып көндүрүштү. Шаардык кыз, эртең эле качып кетпесе болду", — деп жайылтып жатты.
Мээрим ак жолукчан, башын төмөн салып, элдин алдына чыкканда, Гүлнур анын жанына келип, жасалма күлүп сүрөткө түшүп жатты. Бирок көздөрү муздак эле. Ал келинди уулун тартып алган душмандай көрүп жатты.
Той бүтүп, коноктор тараганда, Гүлнур Мээримди дароо ишке салды.
— Кана, келин, эми шаардык эркелигиңди ташта. Эртең таңкы беште туруп, уй сааганды үйрөнөсүң. Мен сени карап турам! — деди Гүлнур каардуу.
Мээрим унчукпай, башын ийди. Ал билген бул үйдөгү согуш эми гана башталып жаткан. Ал Зуура апасынын: "Мээрим менен ташты да жибитесиң" деген сөзүн ичинен кайталап жатты. Ал эми Бакыт болсо бөлмөсүндө отуруп, аялынын бул кылыгына кантип чекит коюуну пландап жатты.
Таңкы суук.
Айылдын таңы адаттагыдай эле боз кыроо менен башталды. Тойдун шаңы басылып, коноктор тарап, заңгыраган үйдүн ичинде оор жымжырттык орноду. Мээрим таңкы саат беште көзүн ачты. Зуура апасынын: "Келиндин кадамынан кут төгүлөт, таңды тоскон адамдын ырыскысы кенен болот" деген сөзүн эстеп, дароо ордунан турду.
Ал сыртка чыкканда аба муздак эле. Мээрим шаарда өссө да, Зуура экөө Орусияда иштеп жүргөндө кара жумуштун даамын таткан кыз болчу. Ал дароо короону шыпырып, Бакыт Уландын жумушчу өтүктөрүнүн чаңын аарчып, анан ашканага кирип, самоорго от жакканы камданды.
Дал ошол учурда Гүлнур бөлмөсүнөн чыкты. Анын үстүндө кымбат халат, чачы бир аз уйпаланган, бирок жүзүндө келинди басмырлоого даяр турган кектүүлүк бар эле.
— Ии, шаардык келин! — деди Гүлнур ашкананын босогосунда туруп, мурдун чүрүрөйтүп. — Самоорду мындай жагышпайт. Көрдүңбү, түтүнүн? Үйдү ыштап салмай болдуң го! Колуңан эч нерсе келбесе, эмнеге эрге тийдиң? Атаң жок болсо, апаң жок дегенде от жакканды үйрөтүп койбоптур да!
Мээримдин көзүнө жаш тегеренип кетти. "Атаң жок" деген сөз анын эң назик жерине тийди. Бирок ал тилин тиштеп, башын төмөн салды.
— Кечириңиз, апа. Азыр оңдойм... Үйрөнөм, — деди Мээрим жумшак үнү менен.
— Үйрөнөт имиш! — Гүлнур үнүн ого бетер бийик чыгарды. — Сени үйрөткөнгө менин убактым жок. Бар, тиги уйларды айдап кел, анан короонун тиги жагын тазала. Маникюруң бузулат деп коркпой жакшылап иште!
Бул сөздөрдүн баарын ашкананын эшигинин артында турган Бакыт угуп турду. Ал таң эрте туруп, уулу Улан экөө курулуш иштери боюнча кеңешмекчи болуп жатышкан. Бакыттын чыдамы түгөндү. Он беш жылдык сабырдуулук, миграциядагы кордуктар, Гүлнурдун акчаны гана сүйгөн мүнөзү баары бир заматта жарылып кеткендей болду.
Бакыт жай басып ашканага кирди. Анын жүзү капкара болуп, көздөрүнөн от чагылышып турду. Гүлнур күйөөсүн көрөр замат үнүн басып, актана баштады:
— Бакыт, мен жөн эле... келинге үй иштерин көрсөтүп жатам...
— Токтот! — Бакыттын үнү жай чыкса да, үйдүн дубалдары титиреп кеткендей болду. — Гүлнур, сенин оозуңдан дагы бир жолу Мээримдин атасы тууралуу же анын тарбиясы тууралуу жаман сөз чыкса, мен сени менен башкача сүйлөшөм.
Бакыт Мээримге карап: "Балам, сен сыртка чыгып тур, Уланга чай даярда", — деди. Мээрим чыгып кеткенден кийин, Бакыт Гүлнурдун маңдайына келип, анын көзүнө тике карады.
— Сен эмнени каалап жатасың? — деди Бакыт. — Мен он беш жыл талаада иштеп, ушул үйдү курганда сен эмне кылдың? Акчаны чачтың. Балдарды мээнеттен алыс өстүрдүң. Улан мас болуп машина сүзүп, карызга батканда сен кайда элең? Сага Улан азыр түрмөдө чирип, же Бишкектин көчөсүндө кайырчы болуп жүрсө жакшы беле. Мээрим Уланга жакшы таасирин берип жатат. Мага "Ата" деген кадырымды кайтарып берип жатат!
Гүлнур калтырап кетти. Бакытты мынчалык ачуулуу көргөн эмес.
— Бирок ал шаардык... — деп күңкүлдөдү Гүлнур.
— Шаардык болсо эмне болуптур? Сен айылдык болуп туруп, күйөөңдүн маңдай терин сыйладыңбы? Жок! — Бакыт столду "тарс" эттире урду. — Эскертип коёюн, Гүлнур. Улан эми гана бутуна туруп, чыныгы эркек, жакшы адам болуп келе жатат. Эгер сен өзүңдүн чукчуңдаган мүнөзүң менен уулумдун ортосуна күмөн салып, анын мээримин өчүрүп, кайра баягы текебер балага айландырсаң мен сени кечирбейм. Улан жакшы адам болуп келе жатканда бузуп алба! Биз бул үйдө бай-кедей, шаардык-айылдык деп эмес, Адам болуп жашайбыз. Эгер сага бул жакпаса, дарбаза ачык!
Гүлнурдун оозуна сөз келбей, отуруп калды. Ал Бакыттын көзүнөн биринчи жолу чыныгы кожоюнду көрдү.
Ошол учурда ашканага Улан кирип келди. Ал атасы менен апасынын сөздөрүн угуп турса да, сыр берген жок. Бирок апасынын жанына басып келип, анын колун кармады.
— Апа, — деди Улан токтоо үн менен. — Мен Мээримди атасы жок болгону үчүн эмес, анын жүрөгүндө миң атага татыган абийири бар болгону үчүн сүйдүм. Эгер сиз мени чындап жакшы көрсөңүз, менин бактымды сыйлаңыз. Мен Мээримди ыйлатпайм деп сөз бергемин, сиз да ыйлатпаңыз. Атам экөөбүз Бишкектен компания ачып, чоң иш баштап жатабыз. Бизге үйдө тынчтык керек. Сиз биздин үйдүн төрүндө ханышадай отуруңуз, бирок башкалардын намысына тийбеңиз.
Гүлнур уулунун мынчалык акылдуу, токтоо болуп калганына ичинен таң калды. Ошол күнү биринчи жолу үй-бүлөдө Гүлнурдун кыйкырыгы эмес, Бакыттын калыс сөзү үстөмдүк кылды.
Мээрим ашканага кайра кирип, дасторкон жайды. Гүлнур унчукпай чайын ичип жатты, бирок анын көз карашында коркуу аралашкан бир сый пайда болду. Мээрим болсо Бакытка чай сунуп жатып: Рахмат, ата деп шыбырады. Бул сөз Бакыт үчүн дүйнөдөгү эң чоң сыйлык эле.
Бакыттын катуу айткан сөзүнөн кийин Гүлнур бир нече күн үнсүз жүрдү. Бирок анын ичиндеги кызганыч менен текеберлик баары бир тынчтык берген жок. «Бул кыз баарын өзүнө оодарып алды, Бакытты да, Уланды да мага каршы койду» деп ичинен кан өтүп жатты. Ал Мээримдин бир жеринен жаза басышын, ката кетиришин күтүп, аңдып жүрдү.
Бир күнү айылда чоң аш бериле турган болду.
Уландысы бар.....
Рано Акматова
#мигрант_элдик
Комментарии 9