Бишкекке жазгы жамгыр куюп жатты. Автобекеттин ызы-чуусунан качып, Бакыт эски сумкасын ийинине асып, шаардын борборуна карай жая жөө басып жөнөдү. Анын көңүлүндөгү боштук шаардын боз асманынан да оор эле. Он беш жылдык мээнети заңгыраган тамга айланып, бирок ал тамдын ичинде өзүнө бир карыш жер табылбаганы анын кабыргасын кайыштырып жатты.
Ал Бишкектин четиндеги жаңы курулуп жаткан алп турак жай комплекстеринин бирине жумушка кирди. Анын колундагы катууланган чорлор жана көзүндөгү токтоолук тажрыйбалуу курулушчу экенин дароо билдирди. Бакыт эми кирпич тизбейт, ал мастер. Жаш балдарга дубалды кантип түз урууну, шыбакты кантип күзгүдөй кылууну үйрөтө баштады. Бирок кечинде баары тараганда, ал өзү жашаган кичинекей вагондо жалгыз калып, терезеден жааган жамгырга тигилип, он беш жылдык өмүрүнүн эсебин алчу.
Бир күнү жумуштан кийин Бакыт курулуш аянтчасынын жанындагы чакан ашканага кирди. Ичкериде тамактын жагымдуу жыты аңкып, үйдөгүдөй жылуулук бар эле. Ашкананын кожойкеси Зуура аттуу, жүзүнөн нур төгүлгөн, бирок көздөрүндө терең кайгынын изи бар аял экен.
Бакыт тамак ичип жатып, Зууранын кардарлар менен сылык сүйлөшүп, ар бирине мээрим менен мамиле кылганын байкады.
— Алыстан келген окшойсуз? — деди Зуура Бакытка чай сунуп жатып. Анын үнү ушунчалык жумшак болгондуктан, Бакыттын тоңуп калган жүрөгү бир аз жибип кеткендей болду.
— Москвадан келдим... Он беш жылдан кийин, — деди Бакыт акырын.
Зуура токтоп калды. Ал Бакыттын жарылган колдорун, чарчаган көздөрүн карап, баарын түшүндү.
— Он беш жыл... Демек, сиз "баатырсыз". Бирок баатырлар да чарчашат. Келиңиз, бул чайды ичиңиз, бул менин сизге конок катары сыйым болсун.
Ошол күндөн баштап Бакыт күн сайын ушул ашканага келе турган болду. Алар сааттап сүйлөшүп, бири-бирине ичтеги бугун чыгарышты. Зуура да Москвада беш жыл иштеп, жолдошунан айрылып, эки кызын жалгыз бутуна тургузган экен. Ал Бакыттын айылдагы окуясын укканда, көзүнө жаш алды.
— Бакыт, сиздин күнөөңүз жок. Сиз аларды акча менен эмес, жаныңыз менен баккансыз. Алар муну түшүнбөсө, демек, алардын сокурдугу, — деди Зуура аны аяп карап.
Бир күнү Бакыт катуу ооруп, жумушка чыга албай калды. Зуура муну угуп, дароо анын вагонуна ысык шорпо, дары-дармек көтөрүп келди. Ал Бакытты карап, маңдайына нымдуу чүпүрөк басып, жанында отурду.
Бакыт көзүн ачканда, Зууранын жүзүн көрүп, ичинен бир нерсе "дирт" этти. Он беш жыл бою ал бир гана "акча салсам экен" деп жашаса, азыр биринчи жолу "мен кимдир бирөөгө керек экемин" деген сезимди туйду.
— Зуура... — деп шыбырады ал. — Рахмат сага.
— Өлгөнгө эрте, Бакыт. Сиздин али бактылуу боло турган күндөрүңүз алдыда. Сиз сыяктуу инсандар кор болбошу керек.
Арадан 9 ай өттү. Бакыт өзүнө келип, атүгүл Бишкектен кичинекей бир жер алып, өзүнө чакан үй сала баштады. Бул жолу ал "сарай" эмес, эки адамга жете турган жылуу уя куруп жатты.
Дал ошол бейпил күндөрдүн биринде анын телефонуна Гүлнур чалды. Анын үнү мурдагыдай текебер эмес, калтырап, ыйлап жаткан эле.
— Бакыт... Улан кырсыкка учурады! Чоң машинаны сүзүп алыптыр, карызга баттык, сотко берип жатышат... Алар сени издеп жатышат. Бакыт, куткарып кал балаңы! — деп жалбарып жатты Гүлнур.
Бакыттын колундагы кашыгы жерге түшүп кетти. Ашканада тамак ичип отурган. Ал Зуураны карады. Зуура баарын угуп турган.
— Бар, Бакыт. Алар сенин каның. Бирок бул жолу эркин адам болуп бар — деди Зуура ишенимдүү.
Бакыт терең дем алды. Анын алдында чоң сыноо турду.
4-бөлүмдүн аягы.
Уландысы бар....
Рано Акматова
#мигрант_элдик
@подписчики
Комментарии 16