Кээде адам бир буюмду сындырып алдым дейт экен , ал чындыгында жүрөктү сындырганын билбей калат турбайбы ...
Апам өзүнөн улуу эжеси экөө сүйлөшүп , мени жалгыз уулуна шерик кылып багып аламын деп бир топ аракет кылган экен . Тогуз бир туугандын ичинен мага токтогон себеби , ушул эжем мени "жерден алган , киндик энем " болуптур . Мен кыш чилдеде төрөтканада эмес үйдө , болгондо да үйдүн айбанында төрөлгөн экенмин . Төрөлгөндө апам бир азга өзүн жоготуп өзүнө келгенче муздак жерде жатып муздай түшүптүрмүн . Ошол күнү , ошол саатта кудай айдап ушул эжеси келип калып , жерде жаткан мени жылаңач этине салып ысыткан экен . Ошондон мээрими түшүп калса керек , анан мен да башка бир туугандарымдан айырмаланып " жылуу , ыңгайлуу , жумшак , жеңилди тез тандап , ыгын тапканга жашымда эле маш болуп , ушул абжеме ыктай түшкөндүгүм үмүттөндүрсө керек .
Сегиз - тогуз жашымда болсо керек тентимиш жаным сонуркап , үйдөгү түйшүктөн качып абэжемдикине келип жашаганыма алты - жети күн болуп калган . Кылган ишим үйдүн артында шакка аркандалган торпокту эки маал жылдырып коймой . Анан экөөбүз отуруп алып ичкен чайыбыздын идиштерин жууп алып коймой . Ошол күнү экөөбүз ичкен чай пиалалар менен тамак жеген тарелканы жууганы алып келдим . Тарелка чындап биздин үйдө жок жука , жеңил анан апаппак үчүн гүлдөрү ачык болуп кооз гүлдүү эле . Жууп бүтүп туруп бурула бергенде ,жууганда чачыраган суудан сыйда болуп калган жерден бутум тайып чабылып түштүм .
Колумдагы идиштер ыргып пиалалар томолонуп , тарелка жерден чыгып турган алакандай ташка тийип тең экиге бөлүнүп калды .
" Ай" деген үндөнбү ,же чабылып түшкөндөгү үндөнбү
жетип келген абэжем :
Бул эмне кылганың , келип - келип ушул тарелканы да сындырасыңбы :- деп жонума шапалагы менен бир койду .
Апамдан жеген далай муш - шапалактар эмес чыбыктарга салыштырмалуу бул мен үчүн катуу да , ачуу да эмес эле . Тарелканы сындырган күнөөмү жумшартууну ойлоп , андан да чоң себеби " үйдү апамды сагынып калган мага чоң шылтоо болду . Ошол жерден эле үнүмдүн болушунча бакырып коё бердим . Мындайды күтпөгөн байкуш абэжем түшүнбөй эле калды .
Эң жаманы ал " бирөөнүн " баласын уруп алды ... баладан өткөн " тамырчы" барбы . Жакшы көргөн , сүйүктүү абэжесинин алсыз , жаралуу жерин бала аябасын , ошол жерге урунаарын " ак көңүл " балага зар " абэже туйбады .
Ордумдан тургузуп , кучактап өпкүлөп соорото баштады . Жүзүндөгү кызылы бозала болуп , алаканындагы жыбыраган жылуулук да чачылып кеткендей баланын бетине жетпей , денесин түшүнүксүз майда калтырак аралап көзүндөгү отту мунарык басып өттү ... балалык эркелөө , мээрим күткөн аял , эне өзү берген жылуулугуна бала тараптан жооп күтүп жатты ...
баланын жаштыгын , акылы да бала экендигин унутуп күнөөнү өзунөн издей баштады . Өзүнө өзү ушунча күн берген мээримин , аракетин бир тарелка деп талкалап алдым да ойлоп жатты ...
Бала тарелканы да , шапалакты да эбак унуткан эле .
Бала апасын сагынган эле .
Эки дүйнө - эки жерде такыр эки башка санаада турушту ...
Абэже " азыр жумшарат , кайтат " деген үмүттө ...
Бала болсо " ушул бойдон " болсо да кетемин , кийинбей , жасанбай , жылаңаяк эле жөө болсо да кетемин деп кадам таштады .
Азыр эле балага жагып жатат деп уялап жаткан "аялдык , энелик " мээрим ... үмүт ортодо асылып турду
Анчалык катуу тиерин ойлобогонун ., мени кандай жакшы көрөөрлүгүн , айткан нерсемди алып береерлигин ., тарелканы " паланча " сиңдиси белек кылып берген кымбат , сапаттуу тарелка болгондуктан ичи ачыша түшкөндүгүн ., бирок аны да кечиргендигин .., ал гана эмес эртеге базарга алып барып каалаган кийимимди сатып береерлигин , кааласам айылда эч ким кие элек кеда сатып бере тургандыгын ... токтобой , үзбөй сүйлөп жатты .
Балада бөтөн аял - апасы эмес , башка аял кучагына чакырып жатат деген ой ... сүйөттүр , мээримин аябайттыр ... бирок ... бирок апасы эмес ...
А мен кайдан , үйдөгү түйшүк , апамдын таң заардан тургузганы , мойнума тагылган күнүмдүк милдеттери кошулуп өз үйүмдөгү " жылуулукка " энелик мээримге кетким келип шылтоо таппай турган экенмин .
Ордумдан шарт турдум да эшиктин оозунда турган тапичкемди кармап чоң жолго атып чыктым . Байкуш абэжем эмне кылаарын билбей артымдан чыгып чөнтөгүндөгү шириндиктерин , тыйындарын көрсөтүп :
мэ мына буларды , үкалариңа алып барасың , деп жалынып да жатты . Мен кайтсам эле эжем кармап камап кое тургандай :
Мен сизге бала болбоймун , кетемин абэже мени коё бериңиз - деп жалынып жибердим
Абэжем эми түшүнгөндөй , бир аз өзүнө келип :
- Майли садага болоюн , алып калбаймын айланайын , кел кийимдериңди кий , майка трусачан ушу кебетең менен кантип кетесиң , сени качып жүргөн бала экен деп милийса камап коёт , кел жуунтуп жакшына кийинтип саарлап өзүм жеткирип коёмун - деди
- Ана алдап атасыз , ошентип алдап алып каласыз деп бакырып да , ыйлап да жаттым . Бирок бул кебетем менен жалгыз кеткенден коркуп да жаттым .
Ошончо чоң аял мендей "гежирди " кантип сооротуп , ымалага келтирип , жанагы эле сүйүктүү абэжеси боло албай эзилип турду .
Эгер эжемдин азыркы абалын апам көргөндө ... чөгөлөп отуруп алып ушунча бала берген Кудайга миң ирет ыраазы болуп , ал балдарды төрөп чоңойтом деп тарткан азаптардын , чалы экөө тытынып иштеп тапкандары ,жетер - жетпес тиричиликтеги кемтиктердин жанында , пенденин колунан келбеген балага шерик издөө өксүгү кандай оор экендигин көрүп Кудайга миңдеп ыраазычылыгын айтмак .
Бирок , бир тууганын кыйнап жаткандыгын көрүп мени катуу жазаламак .
Ошентип ошол күнү абэжем экөөбүз үйгө кайттык ...
Эсимде мындан үч же төрт жыл мурда ушул абэжемдин кичүү баласы үч - төрт жашында " жок болуп " калып түн жарымда үйдөн абэжемдикине апам мен анан үкам үчөөбүз түнү келгенбиз .
Апам менен абэжем экөө чындап өксүп узак ыйлашкан .Кулагымда калганы көзгө көрүнүп калгандыгы , жашы өтүп эми төрөй албастыгы , жалгыз баласына өбөк - жөлөк болот деген үмүтүнүн кыйылганы болду окшойт .
Узак ыйлашты ... өксүп ыйлашты ...
Анан токтоп бири - бирин аяр сылашып Кудайдын буйругуна арга жок экендигин, тагдырга моюн сунуп эми калгандарына өмүр тилеп көп кейип , жүрөгүбүздөн нааразы болуп жазып - тайып Кудайдын улуулугуна моюн сунбай күнөөгө батпайлы дешип : жалгыз баласына зар какшап өмүр ырыскы , көп бала ти леп бата кылып токтошкон .
Экөө узак ыйлап да сүйлөп да жатышкан сөздөрдүн арасында абэжемдин
Ошол бата , ошол тилектер Кудайдын кулагына жетип жалгыз баласы 7 - 8 балалуу болуп , үйүнүн базар болгонун көзү көрүп калды абэжем .
Азыр көз алдымдагы сүрөткө боёктун түсү жетпейт окшойт :
Бала да , баёо азыр эле жылмайып жиберчү , кучагыма боюн таштачу бала да деген эненин көзүнүн сүрөтү ...
кош колун жайып , асманды карап жайылган алаканына батыра албай жаткан жүзүнө чыгарган жылуулукту балага жеткире албай жаткан эненин албырган жүзүнүн сүрөтү ....
андан 4 - 5 кадам эле аралыкта бул элестердин бир үзүмү да эмес тек бир аялды апасын эмес , апасын сагынган
ошол сагынычтын күчү бардык баалуулуктарды тебелеп кетүүгө даяр баланын сүрөтү эле .
Жылдар өттү ... Ошол күнкү мен качкан " бөтөн " мээримдин ордун эч нерсе толтура албасын түшунгөндө , мезгил өтө кеч болуп калыптыр .
Мен ошондо тапичкемди сүйрөп артымды карабай качып баратып , мээримге толгон жылуулукту гана таштабастан , көзү бар бирок сокур балалык менен жумшак назик уяны тебелеп качыпмын .
Азыр кээде жашоонун чилдесинде калып , жан дүйнөм тоңуп кимдир бирөөнүн чын дилден чыккан жылуулугуна зар болуп калганымда баягы " сынган тарелканын " добушу угулат .
Азыр ал тарелканы чогултсам , андан кооз тарелка кармап турсам да ошол жылуулукту таба албаймын .
Көрсө , адам баласы эң чоң байлыгын
- өзүн сүйгөн жүрөктү -
колунда турганда эмес , ал эбак топуракка айланганда гана издеп калат экен ...
КОЧКОРБАЕВ АБДИМУТАЛИП
Б И Ш К Е К
2026 ж МАРТ .
#сынгантарелка_элдик
Комментарии 3
Жүрөк ооруйт го.