Үйдөн бир аз алыстаганда Седеп; - тообо, адам жүз пайыз өзгөрөт десе ишенбейт элем, өз көзүм менен көрүп таң калып турам деди. Демек дээринде бар Саламат апанын тарбиясы, апа ак көңүл, бирөөгө жүрөгүн бере турган адам эмес беле деди, Адилет. Үйгө келип эле Седеп апасына телефон чалды. Салима да кубанып үч-төрт айда барып калабыз, деди. Кечинде Айдай жумуштан өтө кубанычта келди; - жеңе менин сизге жакшы жаңылыгым бар, сүйлөшүп жүргөн жигитимдин ата-энеси сиздер менен таанышабыз дейт, байкем менен сүйлөшүп көрүңүзчү деди. - Кандай жакшы Айдай, макул айтам, деп жылмайды. Эртеси күнү кечинде, шаардын так ортосундагы ресторанда жолугушуу өттү. Кудалар медицина жаатында көп жыл эмгектенген аттуу-баштуу адамдар экен. Кудагый Айдайга сабак берчи экен, ошондон жактырып уулу менен тааныштырып койгом, деп күлдү. Андан бери төрт жыл өтүптүр. Адилетти бир гана апасы жана Искендер атасы жоктугу өкүндүрүп турду. Оюнда айылдагы үйдөн Айдайды узатмай болду. Седеп Айдайдын тоюн апам менен Кеңеш атамдын келген кезине белгилейли. Алар канча жылдан бери келе элек, тойго келишсин, эс алып да кетишет, деди. - Туура айтасың, Ганс менен Мартаны кошо чакыралы, эгиздер да кошо келишсин, деп кубаттап койду Седеп. Баары жакшы болгону менен Айдай ичинен сызып аттиң ата-энем болгондо эмне, кудалары менен таанышып, менин бактымды тилеп отурбайт беле, деп ойлонуп түнт болуп кетти. Аны байкаган Алима; - ээ Айдай эмне ойлуусуң, сага эмне болду, деп сурады. Араң турган Айдай, ата-энем болгондо, деп ыйлап жиберди. - Кой кызым ыйлаба, сен эле дейсиңби, Адилет да, Саамай да, ойлуу жүрүшөт, бирок бул ойду бир гана психолог менен жеңе аласың. Сени Ракыяга алып барам, балдар үйүнүн сонун психологу бар. Мен да ошол психологго кайрылгам, уулум Камбар Европага кетип, жалгыз коколой башым калганда баргам. Негизи чечилбей турган маселе жок, бирок пендечилик кылып, алсыз болуп кетебиз, ошо кезде жакшы сөз, туура кеңеш керек. Кызым мен сени өзүм алып барып, сүйлөшүп келем, сарсаана болбо, деп жылмайды Алима. Аны угуп калган Саамай, кудайга шүгүр ата-энебиз өлөрдөн алдында Адилет байкемди таап алганыбыз жакшы болгон тура. Болбосо ай-талаада калмак экенбиз. Алима эже да апабыздай туура сүйлөп, мээримин төгүп турат, деп топук кылып турду Саамай. Аңгыча Асан-Үсөн ойгонуп, ыйлап кирди, ой-тообо, экөө бир убакта ойгонуп алгандарын карачы. Азыр баратам менин күчүктөрүм, ыйлабай тургула деп чуркады Саамай.
Тоту Арзыкулова,
Уландысы бар.
#седеп_элдик
Комментарии 5