Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

10 сен 2024

Той

Кайнэжем уулун үйлөп, тойго камынып жатканбыз. Жасанып-түзөнүп дегендей сакалымды кырып алайын дегем. Сырткы бөлмөдө аялым гезит барактап отурган. Ал сүйлөсө «Ыкы...» деп эле жооп берем. Оозумун баары көбүк болсо, анан кантип сүйлөшөм?
- Тим эле койкойтуп чыгарган экенсиң... – деди аялым үнүн бийик чыгара.
- Ыкы ... – дедим.
- Ошо... Сулуу десең сулуу экен... Телмирип тиктегенин кара...
- Ыкы...
- Буларыңын он түрлүү көйнөгү болсо керек...
- Ыкы...
- Биз болсо жүрөбүз салпактап, бир көйнөктү он жыл кийип...
- Ыкы...
- Булардын эрлери көзүн карап турат да. А сага болсо баары бир...
- Ыкы...
- Сага баары бир болуп калган экен да, көрсөтөм...
- Ыкы...
Бөлмө заматта тынчтыкка бөлөндү. Бети-башымды жууп сыртка чыксам аялым былтыят. Бир жакка кетчүдөй камынып алыптыр. Дагы жакшы 10-15 түп сакалым бар. Апсайган сакалым болсочу, апасыныкына жетип калмак экен.
- Өй, тур кийин, тойго жөнөйлү... – дедим астейдил.
- Барбайм! – деп бурк эте, алдыма гезитти ыргытып койду.
Гезитте иштегеним эле болбосо, тиги актрисанын сүрөтүнө түк тиешем жок. Дардисин билип эле турам. Ичимдеги синоптиктер «азыр бороон-чапкын» болорун эскертип жатышты. Ушу апааттын алдын алгым келбейт да такыр. Кудум эле кыргыздын МЧСинин өзүмүн да. Алар деле сел жүрөрүн билип туруп, алдын алышпайт го. МЧСтин менден айрымасы селди тазаламыш болуп пайда табышат имиш. А мен төгүлүп-чачылып кала берем.
Дардисин билип эле турам, алдын алгым келбейт да, чорттуку...
- Тур эми, эжең күтүп калды. Эртерээк барып көз көрсөтүп туралы...
- Барбайм, өзүң бара бер...
- Кудай жалгасын, өзүм эле бара берем... Да здравствует свобода!!!
- Араң эле турасың ээ, тырбык. Баягы «Ака...» дегендер келет деп сүйүнүп атасыңбы. Сени аларга така кылам, шашпа!.. Болгон акчаңы ырчылардын кулагына кыстарып, галстугуң мойнуңа төрт оролуп, тартаңдап бийлегиң келип атабы?..
- Өй, менин арак ичпей калганыма канча болду?
- Ичпей калсаң эми ичесиң! Көздөрүң айтып турбайбы... Элдин эрлери аялын сыйлап турат экен. Же сен сыйлап, жакшы көрүп койгонду билбейсиң...
- Өй, жакшы көрүп-көрбөгөндө деле менин аялымсың го, акыры. 35 жылдан бери жаныңда жүрөм го...
- Түрмөгө түшкөнсүп жылдарыңды санап жүрөт экенсиң да. 35 жыл деп коет...
- Өй, сен өзү ооругандан соосуңбу?..
- Ооруп көзүмдү жалдыратып турсам, ээ... №1 враг сенсиң!..
- Мени кара, той меникиби же сеникиби?.. Урдум ушу тоюңду, өзүң барып тойлой бер...
- Ошо да. Өзүңдүн туугандарыңдын тою болсо таң атпай жетип барат элең. Меникине келгенде эле ушинтип, бир нерсени баштап турасың...
- Өй, мен баштадымбы же сен баштадыңбы?! Ме, бу эжеңе берчү кошумчаң. А бул сенин жанагы көзүңү күйгүзгөн көйнөктүн пулу. Болду... бүттү!..
Бөлмөгө кирип жатып алдым. Тынчтык өкүм сүрөт. Көмкөрөмөн жатам. Убакыт деле өткөн жок, эй.
- Балдыздарың «жезде» деп эле турушат. Күтүп атса керек бечаралар... – деген сөздү угуп, унчукпай жата бердим.
- Быйылкыга болот эми ушу. Кийинки тойду дагы караштырабыз да... «Элдин алды болосуң» деп атат туугандарым. Эжем сени бекеринен куда башы кылып кошкон жок да. Эртең эле биздин жакшылыгыбыз болот. Алар деле тикесинен-тик турушат, көрөсүң. Эме... жанагы кайнагамдын тоюна майдаланбай эле тай кошуп койбосуңбу. Качан барсак төгүлүп-чачылып турат го, байкуш кайнагам... – аялымдын мээрими бир башкача.
Мен деле таш эмесмин да. Кылчайып карасам, парпырап кийинип алыптыр. Өзүнө жарашканын айтпа. Убакыт деле өткөн жок, эй. Дүкөнгө учуп жеттиби, акылым айран. Мындайда катындарга канат бүтөт окшойт.
Ошентип, идеалдуу үй бүлөдөй тойго жөнөдүк. «Жапондордо үй бүлөдө такыр урушпайт экен» деди колтугумдагы аялым. «Анткени аларда той жок да...» дедим жылмая тиктеп.
Аялымдын туфлисинин тык-тык деген добушу биздин жашоонун ыргагын коштогонсуп, кулагыма бир жагымдуу угулат десең. Жапондорго окшогон суз жашоонун мага не кереги бар деп коем ичимен.
Дардисин билип эле турам, алдын алгым келбейт да...
Шекербек Калыков, Бишкек шаары 10.09.2022ж
#той_элдик

Комментарии 22

Замира Тургунбаевна
Замира Тургунбаевна
😂
10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Chika Raxmanovna
    Chika Raxmanovna
    😂
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Алия Нурел
    Алия Нурел
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Эльнура Тыналиева
    Эльнура Тыналиева
    Абадан соонун , Эгерде чыныгы жашоодон алынган болсо 😃
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Nurlan Matkalykov
    Nurlan Matkalykov
    😀😀😀👍👍👍
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бактыгул Арыстамбекова
    Бактыгул Арыстамбекова
    😂😂
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ЭрЗаДа KG
    ЭрЗаДа KG
    Аялдар парпырасак жарашатда куп эле 😂
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айжаркын Машаева
    Айжаркын Машаева
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гүлбарчын Замужем
    Гүлбарчын Замужем
    Күйөөм жазбады бекен 😂
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    NIVEA 🦅
    NIVEA 🦅
    😂
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    NIVEA 🦅
    NIVEA 🦅
    ответила Гүлбарчын
    😂
    10 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ответил Гүлбарчын
    😅😅😅😅
    11 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    НЕ ВАЖНО НЕ  ВАЖНО   ЗАМУЖЕМ
    НЕ ВАЖНО НЕ ВАЖНО ЗАМУЖЕМ
    Бир тутулуп турабызда кичине чыдап койсонор отуп кетет 3-4 эле кун😂😂😂
    11 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кыял Аттокуровна
    Кыял Аттокуровна
    Сонун экен❤️
    11 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ajarkul Kaparovna
    Ajarkul Kaparovna
    😂
    11 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дакен Эсенбаева
    Дакен Эсенбаева
    Жакшы жазылыптыр
    11 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Тамара Бешеналиева
    Тамара Бешеналиева
    💋
    16 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Султанбай кызы
    Султанбай кызы
    ответила НЕ ВАЖНО
    Меники жарым саатта отот кетет буркан шаркан болуп😂
    16 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нура Жаныбековна
    Нура Жаныбековна
    😂😂
    17 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌹🌹🌹🌹 ❤❤❤❤
    🌹🌹🌹🌹 ❤❤❤❤
    Накта биздин жашоого. Бул уй булоону окуп куду озумдун жашоом элестетип кетим😂😂мен да кееде ушунтип конокго бараарда куйомо кычып бир урушуп алам😂менин бейишимго❤️ куйом 💋
    17 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 516Фото 3 391Видео 8Участники 5 308
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 516
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться