- Келиңиз,сиз ким болосуз?
- Мен сенин атаң Карыбектин карындашы болом,атым Канышай.
- Сизди тааныбайт экенмин. Келиңиз үйгө кирип сүйлөшөлү!
Үйгө кирген орто жаштардагы аял ,короо - жайды айландыра карап ,Айзаданын артынан кирди.
Жайылган дасторкондун четине отурган бул аялдын жүзүнөн жашоодон кыйналганы көрүнүп турду.
Жакшылап байкаган адамга Айзада экөөнүн окшоштугу аябай билинмек,болгон айырмачылыгы жашынын айырмасы эле.
- Келиңиз чайдан ичиңиз!
- Чоң рахмат,сени үйгө киргизбей деле кууп чыгат го деп ойлодум эле.
- Эмнеге андай ойлодуңуз ?
- Байкем сен төрөлгөндөн кийин эле жеңем экөө ажырашып кетти. Кийин сага бир кайрылган жок,ошондуктан үйүнө кийирбейт го дегем. Бир жолу келип кетиптир, таенең апаң сени ала кетип,башкага турмушка чыккан деген экен.
- Балким мен жокто келгендир,бирок мен чоңойгон кезде экөөнүн тең өз үй - бүлөлөрү болуп калган экен. Мен таенемдин колунда чоңойдум. Ушул айылга турмушка чыктым ,Кудайга шүгүр үч балам бар.Ушунча жылдан кийин издеп келүүгө эмне себеп болду?
- Байкем ,сенин апаңдан кийин турмуш курган, андан бир уул ,бир кызы бар. Аялы кызы менен Түркияга иштейм деп кетип калганына он жылдай болду. Уулу менен айылда турат. Азим үйлөнгөн ,бир небереси бар. Акыркы убакта катуу ооруп,көп убактысын ооруканада өткөрүп жүрөт . Мага жолуккан сайын,сени таштап кеткенине өкүнгөнүн айтат,ыйлайт. Бул дүйнөдөн өтүп кеткенче ,сенден кечирим сурасам дейт.
Менин деле жашоом оор,байкем болбой пенсиясынан берип ,мени жиберди.
- Азыр каякта ,ооруканадабы?
- Жок,ооруканадан чыгып ,үйүндө эле. Бир табыпка көрүнүп жүрөт .
- Мени эмне кыл деген турасыз ?
- Айзада сиңдим, баарыбызды кечир . Чындыгында ушундай кызыбыз бар деп бирөөбүз да сени издеп келген жокпуз. Жашоо турмуш ушул экен да,бизди кечир. Сен чоңойдуң,үй бүлө курдуң,биздин керегибиз тие турган кезде сага келбедик.
Бирок ата деген ата ! Жаманбы ,жакшыбы сени ушул дүйнөгө жаратты ! Жок дегенде ,азыр жолугуп,бир жолу сүйлөшүп ,батасын алып кой ! Атаң жаман киши эмес,өмүр бою
кызымдын алдында күнөөлүүмүн деп,бирок жолугууга батынбай келди. Эми тиги дүйнөгө кетип калсам да ,бир көрүп ,сенден кечирим сурап кетейин деп жатат.
- Макул эже ,ойлоноюн,жолдошум менен кеңешип анан чечели.
Чайынан берип,эжесинин башына жоолук салып
- Канышай эже ,эми куттуу үйдөн куру чыкпаныз! Бул жоолукту салынып кетиңиз!
- Чоң рахмат алтыным, сага ыраазымын! Мына адрести бул жерге жазып койдум. Мен деле ошол айылда турам,эгерде келип калсаң тосуп алам.
Такси жүрүп кеткенден кийин,Айзада бир топко чейин ойлонуп отура берди.
- Эмне кылсам ,бир жолу ата болуп ,издеп келген эмессиң деп барбай эле койсомбу? Мен бала кезде ,кыздардын атасына эркелеп,белек алып бергенин көргөндө ,эмне үчүн менин атам жок деп сарайга кирип алып кандай ыйлачу элем...
- Барсамбы же барбасамбы ? Кандай кылам?- деп ар кайсыны ойлонуп жатып уктап кетти.
Түшүндө таятасы менен таенеси кирип жатыптыр. Таенеси жаргылчакка талкан тартып, таятасы камчы өрүп отурган экен.
Бала кездегидей Айзаданын колунда " Манас " китеби.
Окуп жатып токтоп калган Айзаданы караган таятасы
- Кызым ,кекчил болгон жаман касиет. Эгерде кекчил боло турган болсоң,алдагы Манас бабабыздын китебин кармаба ,экинчи бизге окуп бербе ! Манас бабабыз дагы душмандарын күнөөлөрүн кечкен,ошондуктан Айкөл аталган. " Алдыңа келсе , атаңдын кунун кеч" деген баатыр бабаларыбыз. Түшүндүңбү!- деп жатыптыр. Таенеси дагы абышкасынын сөзүнө кошула,аны жактырбай карап тургандай туюлду.
Ойгонуп кетип,бир топко жатты.
- Демек ,менин барбайм дегеним туура эмес. Эми кечинде Кубан келсе ,айтып барып келели дейин.
Ушундай таятам ,таенем үчөөбүз отурган кездин ,бир эле күнү кайрылып келсе эмне...
Экөөнү тең кучактап ,өөп ,канчалык жакшы көрөөрүмдү айтат элем. Таятамдын ок - дары жыттанган сакалынан жыттап алат элем.
Эртеден кечке мергенчиликке керектүү мылтыктарын тазалап,окчонтоюн жалтырата сүрүп ,үйдө болгон бычак,кайчы,чалгы, күрөктөн бери курчутуп олтура берчи эле . Кайрактарына" шарк ,шарк " дедире кайрап , бүлөөсүнө бүлөй берет эле жарыктык.
- Таята ,эмне эле кайрай бересиз,бир деме кылайын десем эле ,колум кесилип кетип жатат.
- Ээ кызым ,бу жарыктык темир деген нерсе ,адам баласынын биринчи коргоочусу болгон .Ушул темирди ойлоп чыкканча адам көп жырткычтарга жем болгон экен.
Эркеги бар үйдө мокок бычак дагы болбош керек, бардык курч темирлер курчуп туруш керек.
Эркектин жакшы ,жаманы , кайраттуулугу үйдөгү темир буюмдарынан билинет кызым.
Кайраты жок эркектин бычагы мокок ,өзүнүн да кайраты жок мокок болот. Курч бычак ошол үйдүн ээсинин курчтугун ,кайратын билгизет.
Илгери үйгө конок келгенде ,эркекти бычак- макисинен ,аялды боз үйдүн жасалгасынан эле сынап койчу...
Байыркы замандарда жырткычтардан сырткары , жез тумшук,албарсты,азыткы, чаңырык, жапайы киши дегендер адамдарга өч болгон экен.
Ошол албарсты менен жез тумшуктар дагы бир гана темирден корккон тура.
- Оий таята ,анан аларды эмне кылып коркутчу экен?
- Алар темирди кайрак ташка кайрай баштаганда ,ошонун үнүнөн коркуп каччу экен. Анан бара - бара адамдардын өнөрү күчөп ,кылыч,найза кийин мылтыкты ойлоп тапкандан кийин алыскы тоолорго,киши буту баспаган бийик аска- зоолорго чыга качкан тура !
- Таята ошолор азыр барбы ?
- Бар болбогондо ,бар. Бирок бийик тоолордо,аларды жайлоого чыккан малчылар менен мага окшогон мергенчилер кезиктирсе керек.
- Таята ,сиз көрдүңүз беле ?
- Мага окшогон илгеркилердин көбү билет алар жөнүндө,силерге айтып берсең жомок деп билишет.
Аларды изилдеп жүргөн бир окумуштууларга жолуктум эле илгери Сары- Жаздан...
Жумуштан келген Кубанга бүгүнкү окуяны төкпөй - чачпай айтып берди.Ары ойлонуп,бери ойлонуп жатышып ,бир чечимге келишти. Ушул келе турган ишембиде жолго чыкмай болушту.
Атасынын айылы Чүйдөгү тоо түбүндөгү айыл экен.
Үйүнө кошуна келинге сүйлөшүп ,балдары менен карап турганга макул болду.
Жума күнү күйөөсү экөө Караколдун чоң базарына барып ,ала турчуларын бүт алышты.
Уулу менен эки кызын кошо алып алууну чечишти.
Буга чейин таятасы бар экенин аларга эч ким айтып бербегендиктен үчөө таң калып жүрүштү .
Алар эмес ,апасы дагы атасын такыр көрбөгөнүн угуп алышып , апасына боору ооруп да алышты.
Ысык - Көлдүн салкын абасынан өтүп ,Сары Өзөн Чүйдүн мээ кайнаткан ысыгына жете келишти.
Сураштырып отуруп,кечке маал,атасы жашаган тоо түбүндөгү айылга кирип келишти.
Айыл бака- шака, кеч кирип уйлар бададан келип жаткан убак .
Күнү бою тоолордун жапжашыл тулаңына тойгон ,желиндери чакадай болуп чатыраган уйлар ,музоолорун ,кээ бири жей турган жемдерин издей үйлөрүнө баратышты.
- Салам алейкум,Карыбек деген кишинин үйү кайсы жерде?
- Тээ тиги ,жашыл чоң дарбаза турат го ,ошондон кийинки сыры өчүп калган дарбаза.
Жүрөгү дүкүлдөгөн Айзада айылга киргенден бери эле толкунданып, өзүн бир башкача сезип бара жатты.
- Эгерде атам апам ажырашпаса,ушул айылда чоңоймок экенмин да . Атам го кеч болсо да ,мени издетип жатат. Ал эми апам эмне болду? Үйгө келсе да ,эптеп бетимен өөп коюп,бир да жолу кызындай мамиле кылган жок. Таенем өлгөндөн кийин ашында келди,ошол бойдон бир келген жок. Апам аял го,эмнеге мынчалык жүрөгү таш ,же атам аябай жаман киши болгонбу? Эмнеси болсо да ,мына атамдын айылына келдим,азыр эми жүздөшөм. Кандай адам болду экен? Баласы кандай кабыл алат ?- деп ойлонуп келип,үйүнө жеткенин да байкабай калды.
- Айзада ,келдик,жүрү түш ...
- Аа
- Айзада дейм,эмне болуп жатасың! Жүрү ушул үй экен.
Маңдайында көп жылдан бери сырдалбаган ,эски үй турду. Тегерек четиндеги заңгыраган үйлөрдүн жанында , жетимсиреген бул үй Айзаданын көзүнө өтө жупуну көрүндү.
Кубан дарбазанын эшигин түрткөндө ачылып кетти.
- Ким бар ? Үйдө ким бар ?
Үйдөн бир келин чыгып,бери көздөй басты.
- Саламатсызбы,бул Карыбек аксакалдын үйүбү ?
- Ооба ,сиздер кимсиздер ?
- Менин атым Кубан ,бул келинчегим Айзада ,баягуну...
- Иий ,Айзада эже сизсизби ? Кош келиңиз!- деген келин чуркап келип Айзаданы кучактап калды.
- Эже,биз сизди күтүп жүргөнбүз. Жүрүңүздөр үйгө киргиле .
- Азыр,биз машинаны киргизип коёлу.
- Азим ,Азим бери чыксаң!
Үйдөн узун бойлуу,ак жуумал жигит чыкты.
- Азим ,бул Айзада эжем, алар келишти.
- Айзада эже ,сизди көргөнүмө кубанычтамын - деп күлмүңдөп келип эжесине учурашты.
- Атам сизди келээр бекен деп,Канышай эжем келгенден бери жол карап ,сизди күтүп жүргөн.
- Айзада эже , келиңиз,үйгө кириңиз!- деген келиндин артынан үйгө кирди.
Сыртынан жупуну көрүнгөнү менен ичи таза, бөлмөлөрдүн терезелеринде гүлдөр өсүп турат.Жерге салынган палас,килемдер таптаза. Тиги келиндин жакшы кожойке экени бардык жагынан көрүнүп турат.
Кире беришке бутун чечип ,конок үйү аркылуу бир бөлмөгө киришти.
Төрдөгү диванда арык ,чачтары аппак өңү кубарган узун бойлуу адам ,ары карап уктап жаткан экен.
- Ата ,ата Айзада эжекем келди. Ата !
Уктап жаткан адам , ойгонуп акырын бери бурулду.
Айзада ал кишини тиктеген бойдон туруп калды.
Бир нерсе дейин десе,тамагы буулуп,сөз айта албай калган кызынын абалын түшүндү окшойт.
Келини диванга жөлөй кайнатасын отургузду.
- Айзада , алдыңа кетейин кызым. Мен сенин атаңмын,Карыбекмин...
- Ааа...атта...ата ! Ата ! Мен келдим .
- Карааныңдан кагылып кетейин , келгениңден айланайын!- деген атасы , кызын кучактап ыйлап жатты.
Айзада дагы атасын кучактай ,ушуга чейинки чогулган ызасын ,сагынычын ,таарынычын ушул ый менен чыгарып жаткансыды.
Эшиктен кирип келген Кубан ,уул- кыздары ,Азим ,анын уулу ...баары атасы менен кызынын жолугушуусуна тоскоол болбойт,унчукпай карап турушту. Баарынын көздөрүнөн жылтылдаган жаш көрүнөт.
- Болду кызым ,болду . Кудайыма миң мертебе шүгүр. Сени көрсөткөнүнө,ыраазымын. Сени таштап кеткеним үчүн кечир кызым !
- Кечирдим ата,демек маңдайыбызга ушундай тагдыр жазылган. Ата мен эч кимди күнөөлөбөйм.
- Кана ,Азим , эжең келди,баягы козуну алып кел алдыңа кетейин.
- Ата ,бул менин жолдошум Кубан. Ошол таятамдын айылынан болот.Бул Азат , небереңиз ,бул Нурзат , Эльзат.
- Алдыңа кетейиндерим,козуларым . Силерди көрсөткөн Жаратканыма чексиз алкыш!
Алып келгендерин түшүрүп ,козу союлуп ,бака - шака түшүп, кубанычтары коюнуна батпай сүйүнүп отурушту.
Азимдин келинчеги Рита дагы ,аябай тың келин экен,бир заматта конок үйдүн дасторкону жайнап калды. Азимдин төрт жаштагы уулу Адил Азаттын мойнуна минип алган.
Кубан Азимге жардамдашып ,козу союшуп жатты.
- Ата ,эмнеге апам экөөңөр ажырашып кеттиңер?
- Жаштык кылдык окшойт да,мен да айтканымды бербедим. Ата- энемдин жалгыз уулу болгондуктан,айылга жашайбыз дедим. Апаң шаарга эле иштеп,жашайлы деп макул болбоду.
Аңгыча сен төрөлдүң, экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Менин апам оорулуу адам эле. Ал төшөккө жатып калды,карындашым Канышай багып жатты. Анан жалгыз уул болуп,оорукчан энемди,карыган атамды бакпасам ,эмнем уул деп айылга кетип калдым. Окуумду да бүтпөй калып,айылда эле кара жумуш,кичине мал,жер иштетип калып калдым. Бир топ жыл бой жүрдүм,балким апаң кайрылабы деп күттүм. Анан бир жолу айылынарга барсам,күйөөгө чыгып кетти дешти . Ошондон кийин бул Азимдин апасына үйлөндүм . Анын да бир кызы бар экен,мурунку күйөөсүнөн....
Кийин муундарым ооруй турган болуп калды. Аялым кызынын артынан Түркияга кетип келбей койду. Түрк күйөө баласынын балдарын багып ошол жакта. Мен Азим менен өзүң көргөндөй мына...
- Ата , эмнеңиз ооруп жатат?
- Муундарым ооруйт ,жылдан жылга күчөп баса албай баратам. Доктурга деле көрүнүп жүрөм ,ай сайын бир оор укол саят.Аны сайбаса күчөп ,баса албай калам. Анан бул Петровка деген айылда бир курд кемпир бар экен. Ошого эки жолу барсам ,жакшы болуп калдым. Эртең да барышым керек эле.
- Анда биз алып барып келебиз ,мен да сиз менен кошо барайын.
Атасын карап олтуруп ,буту - колдоруна оролуп турган кара жипчелерди байкап калды. Бүгүн түнү уктап турса ,балким түшүндө аян берилип , атасынын оорусун тагыраак карап көрүүнү чечти.
Аңгыча дарбаза ачылып,сырттан Канышай кирип келди.
- Алтыным менин ,мен билгем,сенин жүрөгүң байкемдикиндей жумшак экенин сезгем. Кош келдиң өз үйүңө! Ушул үйдө сенин чоң атаң,чоң апаң жашаган.Алардын арбактары да ,неберем келди деп ,ордунан которулуп жаткандыр.
- Келдим эжеке ,кантип келбей коём ! Бала үчүн ата да ,эне да ыйык эмеспи! Баарын тандаса болот,бирок ата- эне менен балдарды Жаратканым берет. Аларды тандай албайсың да!
- Акылдуум менин,Кудайым өмүрүңдү узун кылсын! Таанышып ал бул жезден Сапар ,балам Ренат ,келиним Сайкал.
Эки кызым Россияда иштейт. Буюрса алар менен да таанышасын.
Бардыгы дасторконго отуруп ,бата кылынып чоң ата,чоң энесине куран окутулду.
Айзаданын алып келгендерин машинадан үйгө ташып киришти.
Айзада атасына деп алган дубленкасын кийгизип,башына суусар тебетей кийгизди. Бул суусарды Максат досу тоодон тузакка түшүрүп ,атайын Кубанга берип жиберген эле.
Канышайга пальто,жоолук, Азимге куртка,Ритага жакшы көйнөк,Азимдин уулуна велосипед белекке беришти.
- Чоң ата ,менин велосипедимди караңызчы! Эми Эмилдин велосипединен меники жакшы болот.Айзада эжеке рахмат сизге,папам алып бербей жаткан.
- Иий жаным ,коё тур сага дагы момундай кийим бар - деп жакшы спорт кийим алып чыкты .
- Айий эжеке ,мен крутой болуп калдым го- деген Адилдин сөзүнө баары күлүп калышты.
Ар кайсыны кобурашып,бардыгы көпкө чейин олтурушту.
Четинен уйкусу келген балдар төшөккө кулашып ,уйкуга кетишти.
Айзада дагы атасы менен көпкө сүйлөшүп олтуруп ,уктоого камынды.
- Ата ,эртең канчага барышыбыз керек?
- Сегизде чыгалы,бирок силер уктап эс алып алсаңар жакшы болмок.
- Жок ата ,балдар уктай берсин,биз Кубан экөөбүз алып барып келебиз.
Катуу чарчаган Айзада,бат эле уйкуга кетти.
Түшүндө ак сакалчан сары тон кийген аксакал карыя,ак жүздүү,жүзүнөн нуру төгүлгөн байбиче Айзаданын чачынан сылап,кеседеги кымызды сунуп жатышыптыр.
-Кымыздын даамдуусунан жөн эле тилиң такылдайт,мынча даамдуу кымыз иче элек экенмин . Рахмат ,ыраазымын -деп жатып ,Айзада ойгонуп кетти. Саат жети экен,акырын күйөөсүн ойготуп сыртка чыкты.
Атасы эбак ойгонуп ,жуунуп ,кийинип даяр болуп калыптыр.
Кечээкиден бүгүн атасынын өңү да,баскан турганы да оңолуп калгандай...
УЛАНДЫСЫ БАР...
НУРИДА КАРАБАЛТИНСКАЯ
#каракойнок_элдик
Комментарии 56