Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Күндөрдүн биринде падыша вазиринен сурайт:
-Менин кызматымды кылып жүргөн кызматчым менден дагы бактылуу экендигин байкадым, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң? Болбосо жыргаткан деле эч нерсеси жок. А мен болсо падышамын, бардык нерсенин ээсимин, бирок жүрөгүмдө аныкындай тынчтык жок, маанайым да cуз...
Муну уккан вазир мынтип жооп берет:
-Өкүмдарым, сиз ага “99 эрежесин” колдонуңуз!
Падыша:
-Ал кандай эреже?- деп сурайт.
-Түнү бир капчыкка 99 алтын тенге салабыз дагы, эшигинин алдына таштап кетебиз. Капчыктын үстүнө болсо “Бул 100 алтын тенге сага белек катары берилет” деп жазып туруп, эшигин тыкылдатабыз жана назар салып турабыз...
Падыша вазиринин сөзүн макул көрүп, ошол түнү “Бул 100 алтын тенге сага белек катары берилет” деп жазылган капчыкты кызматчынын эшигинин алдына таштап кетет. Кызматчы эшикти ачып эки жакты карап, капчыкты таап алат. Толкундануу менен алтындарды санай баштайт, бирок ар бир санаган сайын эле бир алтын кем экендигин байкап “Бир болсо сыртта түшүп калган го” деп бала-чакасы менен биргеликте бир алтынды издей баштайт. Түнү менен уктабастан алтынды издеп чыгышат, издебеген кычыгы калбайт. Жадагалса айдоо талааларын жана көчөнүн ар бир кычыгына чейин карап чыгышат. Бирок, аттиң таба алышпайт...Жетпей жаткан теңгени таба албаганына ызааланган ата балдарын сөгүп-сагып, уруп да жиберет. Өмүрү урушпаган өмүрлүк жары менен чатакташа кетишет.
Эртеси күнү кызматчынын маанайы жок, кабагы бүркөө. Анткени түнү менен уктабастан жетпей жаткан теңгени издеген да. Бир эле күндө өңү бозоргон, капаланган , ар бир нерсеге дароо ачуусу келген жана арыздана берчү бир адамга айланган бул кызматчы падышанын алдына келет. Ошентип, падыша “99 эрежесинин” сырын үйрөнгөн экен.
Турмушта дагы ушундай эле көрүнүш. Көпчүлүк учурда Жараткан бизге тартуулаган 99 жакшылыгын унутуп коебуз дагы, балким тагдырыбызга жазылбаган бир нерсенин артынан издеп жүрө беребиз. Жыйынтыгында 99 жакшылыкты байкабай жүрүп, өмүрүбүз да өтүп кетет. Келиңиздер жетпей калган нерсени эмес, учурда биз ээ болуп турган Алланын жакшылыктарын санап көрөлү. Ооба, үйгө жетпей жүргөндүрсүз, батирден батирге көчкөндөн тажадыңыз. Бирок ошол эле учурда канчалаган адамдар килейген үйүндө жалгыз жашап, бала жытына зар экендигин унутпаңыз. Балким айлыгым аз, күнүмдүк тамак-аштан ашпайт деп ойлойсуз. Бирок учурда чөнтөгү акчага толуп турса да, алдындагы тамакты жей албай жаткан оорукчандардын абалын элестетиңиз. Ата-энем мени түшүнбөйт, эл катары бир машине минсем болот эле деп кайгырып жүрөсүз. Ошол эле учурда жер бетиндеги адамдардын жартысы ата-энесинин элесине зар болуп жүргөнүн ойлонуп көрүңүз.
Напсибиз дал ошол кызматчынын капчыгында жазылган “100чү жакшылыкты” эңсей берет. Бирок ошол жүзгө жетсе деле ыраазы болбойт. Туугандар, биз 99 жакшылыкка шүгүр кылсак, Жараткан бизге чыныгы 100чү жакшылыкты сөзсүз насип этет. Биз жоготкон ошол жакшылык- каниет жана топуктук экендигин унутпайлы. Шүгүр кылган пенде гана чыныгы бактылуулукка жана жан дүйнө тынчтыгына ээ болот. Болбосо кедей байга, бай Кудайга жетем дейт!

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5