Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
🌹🌹🌹
Бир ооз сөз – 32
КЫЗ БАЛА
Кыз бала эң биринчи кезекте – аял болот, эне болот, ал бирөөнүн бүлөөсү болот. Ошол үчүн аны эркек баладан дагы башка тарбиялоо өзгөчөлүктөрү бар. Кыргыздардын «Кызы жүк көтөрсө, энесинин бели майышат» деген жакшы макалы бар. «Кызга ата-эне так жасайт, бак жасабайт» делет, бирок эне болочок турмуш тууралуу кызына үйрөтүү керек, ал анын келечектеги багын отоп, сугарып, алдына азык чачкан менен барабар. Жакшы энелер кыздарына бойго жете баштаганда мындай насааттарын айтат: кайын эне, кайын атаңды өз ата-энеңдей сыйла, биз сага таарынбайбыз, алар таарынат, ошону эске ал; күйөөңдүн бир туугандары ага турмушка чыккан соң сенин да бир туугандарың болот; көпчүлүктүн көзүнчө күйөөңдү кагып силкпе, башкарба, жемелебе; барган жердеги улуу кишилердин насааттарын угуп, аларды аткар, мурда билбеген адамдардын мүнөздөрүн үйрөн, ошого ылайык мамиле кыл; күйөөң жакшы мамиледе болгон кишилер менен сен да жакшы мамиледе бол; бирөөлөрдүн күйөөң тууралуу айткан сөздөрүн жана күйөөңдүн бирөөлөр тууралуу айткандарын бири-бирине ташыба; жаңы барган жерде эрте туруп, өз милдетиңди аткар; даамдуу тамак жаса; үй ичин таза карма; кир жууганды өз убагында аткар; колуңдан келсе үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына жардам бер; жаңы барган жериңден биздин үйгө эч нерсе ташынба, биз кудайга шүгүр, өз оокатыбыз өзүбүзгө жеткен кишилербиз; бизге сөз да ташыба; балалуу болгонго чейин жалгыз да келбе, күйөөңдү, же кайын эне, кайын сиңдилериңди ээрчите кел; балаңды үй-бүлөң менен жакын кыл, алар каралашса, кармалашса, сен балаңды алардан кызганба; жүк жыйганды, тамак кылганды, уй сааганды, сүт азыктарын жасаганды ж.б. керектүү иштерди биздин үйдөн үйрөнүп кет.
Кыз баланын бактысы өңүнүн сулуулугу, кымча бели гана эмес, акыл-идиреги, адеби, болочок эне болууга, бала төрөп, өстүрүүгө даярдыгы болушу менен көбүрөөк байланышат.
Кыз – зирек, баамчыл пенде. Кыз бала артыкча боорукердиги менен ата-энеге уул балага караганда жакын болот.
Кыргыздар кыз баланы урмак турсун, кол тийгизбейт, кыз балага кол тийгизсең колуң «ойноок болуп калат», «сынып калат», «кембагал болуп каласаң» дешет. «Көп келтек жеген кыздар бактысыз болот» деген да табырка бар.
Кыз балдарды болбогон нерсе менен ыйлата бериш, сөгүп-сагыш, азилдөө, мыскылдоо, буюмдарын зордук менен тартып алуу, бөлмөсүнө уруксатсыз кирүү – эркек балдар үчүн адепсиздик. Кыздын көңүлү гүлдөй назик болот деп айтышат, ошол гүлдү туура эмес карасаң, соолуп калат, ал эми бир жолу соолуган гүлдү кайра оңоп өстүрүш кыйын.
Кыз бир тууганы уул балдардан бир жаш чоң болсо да, аны «сиз» деш керек. Кокус энебиз бул дүйнөдөн кетсе, улуу кыз эжебиз эне ордуна эне болот, куду энелик милдеттерди аткарат жана энени сыйлагандай сыйлоого тийишпиз.
Кызы бойго жетип, көкүрөгү билине баштап, күзгү алдында көп турчу болгон кезде анын ата-энеси да кызыктай сезимге кабылат, билинбей жүрүп эле кызыбыз ушул жашка келип калды, турмушка чыгууга али жаш, жаш болгону менен эртең бирөөлөр кудалап келип калса, же кызыбыз бирөө менен сүйлөшүп жүрсө, бирөөлөр алып качып кетсе, эмне кылабыз дегенди адегенде энеси, анан ал айтса атасы ойлоно баштайт. Чын эле эмне кылышат? Турмуш ушунусу менен кызык да, кечээ эле ушул кызы төрөлгөндө теңтуштары «кырк жылкылуу болупсуң» деп куттукташканда о-ооу ал күндөр алыс-алыс деп ойлогон. Көрсө көз ачып-жумганча эле турбайбы?
Эч бир ата-эне кызын бактысыз болсун деп тилебейт. Бирок бойго жеткен кыз менен ата-энелердин, өзгөчө энелердин ортосунда түшүнбөстүк көп чыгат, а түгүл балалыктан, ата-энеликтен кечип ийген жаман окуялар да жүз берип кеткен учурлар болот. Кызы же ата-энеси жактырбаган жигитти, же куда-кудайгыйды тандап алат, же алыска кетмек болот, же ата-энеси тапкандарга каршы болот, иши кылып ар түрдүү турмуштук майда жана чоң конфликттер буга шыкак болот да, ата-эне менен кыздын ортосунан «кара мышык» аралап өтөт.
Ушундай нерселерден чыгуунун башкы жолу – ата-эненин үй-бүлөлүк милдетин туура түшүнүүсү, кызга жакшы тарбия берүүнүн натыйжасы, ата-эне менен кыздардын бири-бирин сыйлоосу. Эгер кызы жаңы барган бүлөөсүнө батып кетсе, аны узаткан ата-эненин бактысы тоодой, турмушу гүл үстүнө гүл болот, тескерисинче, кызы жаңы барган жерге батпай калса, ата-эненин ичкени ирим, жегени желим болот.
Дал ошон үчүн кыз баланы турмушка даярдоо, көнүктүрүү зарыл. «Уул туулса, жол сүйүнөт, кыз туулса, очок сүйүнөт» дегендей кызды очокээси болууга кантип үйрөтөбүз деп ата-эне сарсанаага ал киши төрөлгөндө эле бата башташ керек. Мында «кырк жылкыны» санап жүрө берген акыры трагедияга алып келет. «Септүү болгончо, эптүү бол» деп кызды болочок үй-бүлөгө, башка турмуш жагдайларына ата-эненин эшигинде үйрөнөт, анан кызда да барган жеримден бак айтсын деген үмүт болушу керек. Кээ бир кыздарды ата-энеси көнбөгөн жерине берет, мындайда кыз баары бир баса берем деп, балалуу болгонго чейин, же балалуу болгондон кийин дале келе берет. Бул эки жактын ата-энесине тең оор жана алардын ортосуна жарака салат. Мындан чыгуунун жалгыз жолу да – акыл менен иш кылуу, турмушту таразалап тартып, ошол тараза менен жашай билүү.
(А.Муратов менен К.Акматовдун «Бала тарбиялоодогу КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ» деген китебинен).

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3