Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
3-БОЛУМ.
Бул дүйнөдө кимдин маңдайына эмне жазылган. Так ошондой - кимге эмне. Ооба, бул дайыма ошондой. Эч ким баш тарта албайт... Тагдырды күтүп, күндөр келе берет, кете берет. Ал эми күтүү акыркы күнгө, акыркы саатка чейин уланат... Жана дайыма ушундай болмокчу.
Бирок мына кайрадан кайдан-жайдан шамал сокту - бул тагдыр, өз кароолунда туруп, сезе коюп, ушул саатта ааламдагы, адамдардын жүрүм-турумундагы, жан дүйнөсүндөгү, ойлорундагы көрө тургандын баарын көрүп калууга ашыкты. Кайрадан тагдыр өзүнүн тайбас жолуна түшөт, адаттагыдай эле алыска жетүүчү ойлорду болжоп, аргасыздан асманга кайрылып: эмне болот? эмне үчүн? кантүү керек? деген суроолорду бере, чаалыкпас тагдырдын буйругун башынан өткөрүү менен күн кечиргендердин келечегин жана бул дүйнөдөгү жолун күтүүсүз аныктайт, ошондой эле күтүүсүз окуялардын агымын астыртан камдайт.
Бирок асман шыбырды да, кыйкырыктарды да укпайт...
Жадагалса тоодогу жапайы жырткыч да - үнү каргылдана ыркырап, асманга кайрылып улуп жиберди, айдын айласын кетирди, ай андан бирде булуттарга, бирде кардуу чокуларга жашынды, анткени ал да тагдырдын жазмышынан четте калган эмес, ага да, тоо илбирсине ал алда нени камдап койгон...
Эркек илбирстердин жекеме-жеке алышуусунда утулган, тукум улоо укугунан ажыраган, жээринди Жаабарс ошол мезгилде тубаса сезим менен дагы да болсо мурунку күчүнө келүүнү эңсегени, дагы да болсо каршылык көрсөткөнү, дагы да болсо биротоло багынбаганы, эч нерсеге карабай кызуу кандуулук кылганы менен ого бетер оорлошкон өлбөстүн күнүн көрүп жатты. Мурдагыдай эле кайсы бир ургаачыга жакындагысы келип жүрдү, бирок алардын баары эчак ээленген, анын каалоосун канааттандыраар жан чыкпады. Кээде ал атаандашына кол салып, аны муунтуп же өз күчүн көрсөткүсү келчү, бирок адатта кармаштан эч ким утчу эмес. Бардык жалган үмүттөр, таттуу кыялдар ишке ашкан жок, чынында анын топто бары-жогу билинбей, ага эч ким көңүл бурбай калган, ошентип четтеп жүрүүгө, чоң олжого жыйылган илбирстердин тобунан өзүн оолак кармоого мажбур болду. Өзүн кармоо оңойго турбады, эбегейсиз зор чыдамкайлыкты талап кылды, башкалар жеп жаткан эттин калдыктарын күтүп, тарамыштары карышып калгыча карманып, жымжырттыкты сактоо керек болчу. Анын азыркы убайымдуу насиби ушул болуп калган, сыртынан баштагыдай эле айбаттуу болгонуна карабай - чоң башы, чарчаңкы, астыртан жалжылдаган көздөрү, күдүрөкөй булчуңдуу ыйык жалы жана көп учурда эптүү, жеңил кайрылган туу куйругу Жаабарс али да болсо керектүү учурда өзүн-өзү кармай билерин кабарлап турду.
Илбирстер тобунун аны менен эч кандай иши болбой калган. Жырткычтардын мезгилдик түгөйлөрү гана төлү менен аны жаалдана карап коюшчу анан дагы ал бир нерсеге айыптуудан бетер оолактап турушчу, анын мурдагы ургаачысы болсо аны теңине деле алчу эмес - көз көрүнө уялбастан куйругун чычайтып, Жаабарс таптакыр эле көлөкө болуп калгансып, өзүнө окшош уятсыз жаңы шериги менен жандашып өтүп кетчү. Жакында эле Теңир-Тоолук ак кар, көк муз тоолору менен капчыгайларын жердеген тукумдаштарынын арасында жол баштоочу болуп жүргөн Жаабарс эми ушундай басынтууларга чыдоого мажбур болду. Топтук жашоодон четтетилгенден кийин ал кашкулак, суур же кээде коён өңдүү майда жандыктарга аңчылык кылуу менен эптеп күн көрүп жүрдү. Башта күн сайын өлтүргөн ача туяктуулардын этине тойгондой болуп карды тоё эт жебесе да, Жаабарс ачкачылыктан азап чеккен жок. Баштагыдай олжолуу да болбой калды.
Ошого карабай анын каршылык көрсөтүүгө болгон эрки кайтпады, чынында кол тийгис болуп калган, тизелеп жашоого аргасыз жээринди таалайына баш ийбеди. Бардыгына каршы ачуу чындыкты кабыл алгысы келбей жан дүйнөсүнө бүлүк түштү, анын жырткычтык жаратылышынын түпкүрүндө нааразылык күчөдү, ал үчүн кара жолтой болуп калган бул аймакты, тоолорду жана капчыгайларды калтырып, кайра кайткыс, өтмөктүн артындагы, болгондо да асман тиреген ак карлуу кырканын артында жайгашкан башка дүйнөгө бөлүнүү, түбөлүккө, мүмкүн болушунча тезирээк кетүү жөнүндө ой мээсинде бышып жетилди. Эч бир жан жашабаган, өтө сейрек жетүүчү ал жакка - жай мезгилинде жана саналуу күндөрдө гана жетүү мүмкүн - жадагалса бийик учуучу куштар да жете албаган Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын ортосундагы эң бийик чокулуу бөксө тоого баруу турат алдыда. Жаабарстын жанын жай алдырбай ичинен түрткү берген күч, ашып-ташкан кусалык азгырган жак ушул турбайбы. Тээ бир кездерде ал жакка жайды өткөрүү үчүн барган, бирок анын азыркы муңу, зары - башта колдон келчү нерсенин эми кол жеткистиги...
Ашууга жол тик жана аскалуу, бийик жана эч эрибеген кар аркылуу кетип, аягы койчунун бир короо кою сыяктанып, шамалдар тоодон тоого айдаган өрөөндөргө түшүп, ашууну бойлой сойлоп, житип кетчү булуттарга жете көрүнбөй калат. Ушунун баары жакын эле жерде...
Ушунун баарын Жаабарс улам токтой калып, буттарын алмаштыра, бир жерде буйдалып, күрткүлөрдү кечип, дагы канча жүрүү керек, көз менен болжоп карап жатты. Анан кар дөбөлөрдү жалпайта кечип, тамагына чейин карга көмүлүп кетип баратты, төрт бутунун бардык тырмактары менен чапчый, тарбалаңдай таштуу аскалардын муз кыртышына бүт денеси менен жабыша калып сойлоп баратты. Бирок азыр дагы дем ала албай энтигип, олжосун зыркырата кууп бараткандагыдай жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү кулагына жаңырды, анан калса эң коркунучтуусу - буттан чалып артка силккен, деми кыстыгып, күшүлдөгөнү болду, айланадагы дүйнө бүлбүлдөгөн элес сымал урап баратты. Андан ары бийиктеп жылганга күч жетпеди - кыркырап, мууна ырылдады, бирок бир да кадам алдыга жыла алган жок... Баштагыдай күчүнө толуп турганда алеки саатта Үзөңгүлөш ашуусун ашып, акыры тигил, башка дүйнөгө жетмек. Асман тиреген бейиш төрүнө... Эгер аша алса эле бул мертебе ал артка кайтпай, ал жакта түбөлүккө, акыркы күнү бүткөнчө, акыркы көз ирмемине чейин кала бермек...
Ошентип багынбас тоо кыркалары менен короолонгон бийик тоолуу бөксө тоонун босогосунда өжөр Жаабарс жанын үрөп, аргасы түгөнө башын чулгуй, шагыл таштарды тырмактары менен тытмалап шилеп жатты, табияттан үн чыгарып ыйлоо дарамети берилген болсо эмине, айланадагы тоолорду титирете өкүрүп ыйлабайт беле.
Жаабарс ашууну багынтууга бир нече жолу аракеттенди, бирок анте албады... Бир жолу деми кыстыгып кыйналып жатканда анын түбүнөн эле онго жакын мүйүздүү аркарлар - жырткыч илбирс жакын жерде жоктой - текирең-таскак салып өтүп кетишти. Алар аны көрүштү, ал болсо жаратылышынан тоо илбирстеринин негизги олжосу болуу үчүн жаралган жаныбарларды байкамаксан болуп койду... О, тоолор, жер жүзүндө ушундай да болобу? Бирок тоолор мелтирешет. Оо, асман ушундай да болобу бул дүйнөдө? Асман да бийикте унчукпады. Жаабарс кусалуу башын шылкыйтты...
Бир кезде баары ойдогудай болчу эмес беле, кимди гана болбосун түпсүз чуңкурга оп тартып, таштарга уруп, таш талканын чыгара турган тике шаркыратмадан бир күүлөнүп аттап кеткен күндөрү да болгон. Бирок ал кезде Жаабарс ушунчалык күчтүү жана шамдагай эле, ал үчүн эч бир тоскоолдук жок - түпсүз чуңкур да, айлампа да, бороон да аны бир тууганындай кучактап, "Жаабарс, мага жакын кел, Жаабарс, кел бери!" деп тоодон бир кайып аял чакыраар эле. Илбирс анын чакырыгына умтулуп бой таштачу, аял болсо көздөн кайым болуп кетип, кайра башка жактан үнү угула турган: "Мага жакын кел, Жаабарс, кел мага!" Анан ал кайрадан жаанын огу менен тең сызып жөнөчү... Бул дүйнө ага таандык болуп турган ошол маалда ал үчүн үлгүрүү, кубалап жетүү, ашып өтүү жана дайыма жеңишке ээ болуу кеп эмес эле. Айланадагы дүйнө анын дүйнөсү болчу.
Мына эми ал багынбас ашуунун алдында чайналып, тырмышып, кыйналып жана кемсинип жатып, өткөн күндөрүн кусалана, азап тарта эстеп турду.
Чак түш болчу. Күн сайын чак түш болот, бирок ал эстен кеткис чак түш эле...
Жай да эстен кеткис болучу...
Бул өңдүү бийиктикте булутсуз, ачык күндөрү күн күйгүзбөйт, ысытпайт, төмөн жактагыдай болуп жуушап жатууга, көлөкөгө кубалабайт, сыйкырдуу, чексиз жарык берип, тоо дүйнөсүн өз нуруна бөлөйт жана жандуу энергияга айланат - жөнөкөй чөптөн тартып бул жерди жайлоо үчүн учуп келишип, кыркаларды айланып учкан канаттуулардын топторуна чейин, жер бетиндеги бардык жашап жана дем алган жандыктарга сиңет. Ооба, бардык жандыктар бул саатта күндүн нуруна бөлөнүп, жашоонун жыргалына балкышат...
Ошол күнү ал ургаачысы менен күндүн жана тоолордун улуулугуна шыктана, экөө бирдей шамал менен жарыша зымырап, бири-бирине дилгирлене, Үзөңгүлөш бөксө тоосун бет алып, сызып баратышканда күн дал ушундай болуп тийип турган.
Бул жерге алар кечээ келишкен. Бороонго көмүлүп, түн жамына жолдо калбоо үчүн бир азга да жайлабастан, ашууну ашып, бир күнү кечке жүрүп олтурушту. Ошентип Жаабарс жана анын ургаачысы күн бата электе көксөгөн жерине жарыкта жетүүгө үлгүрүштү. Ал ошого татыктуу жер эле! Ал күнү табигый сезимдин чакырыгы менен келгендерге табият бардык жактан ийгилик ыроолоду. Жолдон күйүккөн жырткычтар демдерин басышып, түнөк издей башташканда алыс эмес жерде оттоп жүрүшкөн, жаңы эле көк майсаңга оттоо, суу ичүү үчүн ашууну ашып өтүшкөн он чакты тоо эликтерин көрүштү. Ача туяктуулар үчүн кыйынчылык менен басып өткөн жолдун аягы кырсык менен аяктады, ал эми жырткычтар үчүн олжолуу болду. Илбирстер дароо кол салууга өтүштү. Олжону кууп жетүү оор болгон жок, ашуудан кийин эликтер абдан чарчап калышкан. Алардын бирөөнү илбирстер чуркап бара жаткан жеринен жыгышты, калгандары качып кетти. Түнөөр алдында даамдуу жаш этке жайбаракат курсактарын кампайтып алышканы ырас болду. Асманда жылдыздар да муну билген кыязда - тоолордун үстүндө алардын төбөсүнөн бейпил жана мээримдүү жалтылдап, жарык чачып турушту.
Эртең менен ачык асманда күн жаркырап тийди, мелтиреген улуу тоо кыркалары менен чокулары улам барган сайын өңүнө чыга даана көрүнүп, жандана түштү.
Жаабарс түгөйү экөө ойгонушту да, бир чети адатынча олжо көрүнүп калабы дегенсип эки жагын карана, бир чети бийик тоонун абасынан ырахаттана дем алышып, эч кимдин буту баса элек жашыл тулаң менен бадалдарды аралай сейилдеп жүрүштү. Ал эми түшкө жакын, күн төбөдөн тийген маалда илбирстер алгач желип-жортуп, секиришип, андан соң көпкө чуркашты. Күндүн кубаты аларга айтып бүткүс сулуулук жана күч берип, тоо кабыландарын шыктандырып, алдыга карай сүрөгөндөй туюлду, анткени алар дал ушул учурда өздөрүнүн бир бүтүн экенин түшүнүштү. Бул алардын төп келишүү салтанаты болгон.
Алар ийиндеше, эч тоскоолдуксуз чуркап баратышты, ошол учурда алар үчүн бул дүйнөдө күн менен тоолордон башка эч ким, эч нерсе жок эле. Алдынан чыкса дагы аларга эч кандай олжонун кереги жок болчу. Жүгүрүп бара жаткан калыбында күндөн кубат алышып, жарыгы менен жылуулугуна балкый, жашоо ырахатынын туу чокусуна чыга, күчкө толуп баратышты. Ушундай болгон...
Жер шары Аалам селкинчегинде термелип, түбөлүктүүлүк жер бетиндеги бардык жандуунун баарын көзгө көрүнбөс кучагына алды. Жарык нурга бөлөнгөн тоо кыркалары менен өрөөндөрдүн арасында Жаабарс ургаачы түгөйү экөө сызып баратышты, күн болсо аларды тээ бийиктен алдейлеп, өзүнө чакыра, асмандагы канаттууларга арбап жатты, анткени ошол убакта алар жырткыч айбандар тукумунун жупташа чуркап бараткан периштелери кейиптенди... Кээде жырткычтар да периште боло алат. Ушундай болгон...
Аңгыча жайдын бейпил күндөрү аяктады, асман алдындагы жайлоонун убагы аягына чыгып, ал аймактагы дүйнөнүн кескин карама-каршы жагы - күтүүсүздөн тике чокулардан тоо боорлорун бойлой заматта күч алган ызгаары жана муунткан куюндары менен бороон башталды, асман ачылбай боз түштү. Ошондо илбирстер артка карай жол тартышты - качып кетүүгө араң үлгүрүштү. Башка жаныбарлар ошол бойдон кар мөңгүлөрдүн астында кала беришти, канаттуулар асмандан көздөрү көр боло, таштай катып ылдый кулашты. Ушундай болгон...
Мына ошол жакка, көк мелжиген тоого, ал жактагы сыйкырлуу күндүн алдына баруу - бул мертебе өзү жалгыз - жана өзүнүн акыркы күнүн көрүп, түбөлүккө көздөн кайым болуу үчүн Жаабарстын жасаган аракетинен майнап чыкпай жатты. Ошол жактан гана, башкача эмес ушинтип гана, бул жээринди жырткыч өз өмүр жолун аяктагысы келди.
Бирок жол жок. Ал аша албас ашуудагы жол бекем жабык. Жаабарс ыркырап, улуп, тик аскага энтиге тырмышып чыгып, ылдый кулап жана кайрадан титиреген буттарына туруп жатты...
Эмне үчүн тагдыр бул тоо илбирсине ушул арзыбаган нерсени ыраа көрбөдү? Анын көксөгөнү, бар болгону - ашуудан ашып, анын ары жагында жок болуу, түбөлүккө калуу эмес беле... Тагдырдын мындай кыянаттыгына өзгөчө бир себеп бар беле? Ал ага так ушул жерден, Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын этегинде керек болдубу? Тагдырдын оюнда эмнелер бар эле?
"Жан дегениң э? Ага бары-жоктун баарын түртө салууга болот. Эрк жана аң-сезим - мына ушулар адамдагы эң негизги нерселер!" - деп оюн жигердене ортого салган окурмандардын бири менен Арсен: "Андай экени го талашсыз, бирок кээде жан дүйнөдө болуп жаткан нерсенин маанилүүлүгүн, мейли биз анын маанисин терең түшүнө бербесек да, жокко чыгарууга болбойт. Жан дүйнөнүн каалоосу көп учурда, алтургай тарыхый кырдаалдарда да чечүүчү мааниге ээ. Жан дүйнө бул жакшылык менен жамандык башат алуучу булак. Жан дүйнө аң-сезимдин уюткусу!.." деп талашып-тартыша кеткен макаласын даярдап жаткан. Ал кээде себеп болуп калганда, тиги-бу туурасында ой жүгүрткөндү жакшы көрчү.
Бирок азыр анын ой жүгүртүүгө да чамасы келбей турат. Компьютерге ал кечте Арсен Саманчин жологон да жок жана ошол терең ой катылган кызыктуу макаласын эч качан аягына чыгара албай калары оюна да келбеди. Ар күнү кечкисин укчу музыкасын да койбоду. Аны да мындан ары эч качан бош убактысында укпай калары дагы эле оюна келген жок.
Каргыш тийген "Евразия" шоу-ресторанында болгон окуядан кийин, анын жан дүйнөсү токойго өрт койгондой жалбырттады. Жанын коёрго жер таппай, заманасы куурулуп - өзүн-өзү кантип колго алаарын билбей, ачуу менен санаанын баштан ылдый жаба берген иримине чөгүп баратып, кайрадан суурулуп чыга калып жатты. Бир нече жолу ал өзүнүн бойдок турмушун кечирген үйүнүн жалгыз терезесине жакындады да, эмнеге, эмне үчүн экенин өзү да түшүнбөстөн ал жерде тура берди. Кызык, эми ал өзү жөнүндө, өзүнө-өзү чоочун болуп калгансып, үчүнчү жакта ойлонуп калды.
Улутунду, башын ары-бери чайкады, ресторандан келген боюнча чече элек галстугун кармалап туруп, улам караңгы мейкиндикти үңүлө тиктей берди - бет маңдайдагы ушуга окшош көп кабаттуу, көп квартиралуу, боз жана чоң панелдүү имараттагы бардык терезелердин жарыгы өчкөн. Күйүп турса деле - эмне пайда? Үчүнчү корпустагы жетинчи кабатта жашаган жана азыр терезенин түбүндө аргасыз ойлор менен алпурушуп турган бул киши менен коммуналдык кошуналардын кимисинин кандай иши болмок эле?
Курулай эле кайгырып, күңкүлдөй берүүдөн эмне пайда? Ал кимди айыптап, кимди коркутат? Баары бүтпөдүбү. Аны такси бул кунарсыз жети кабат үйлөрдүн короосуна алып келгенде, жарыктарын көздү уялта бетке уруп, артынан калбай келе жаткан бир чет элдик машине аларды кууп жете келди. Арсен Саманчин көздөрү да жакшы көрбөй, машинеден түшүп жатканда тиги чет элдик машинеден олбурлуу эки киши ага жакындады. Турган-эткендерине караганда аны коркутуп-үркүтүп, басынтып, керек болсо сабаш үчүн жиберилген өңдүү. Бирок баарынан мурда алар такси айдоочуну: "Кана, тезирээк кетип кал бул жерден!" деп жолго салышты.
Ал эми Арсен Саманчинди дубалга такашты. - Кана, улуу урматтуу, үйүңө жеттиңби? Ушундай сасыган жерде жашайсың да, анан кийгениң чий калпак. Арсен Саманчин эч нерсе деп жооп айтууга үлгүрбөдү, алардын бирөөсү чий калпакты анын көзүнө түшүрө катуу ылдый тартып жиберди. - Көзүңдү ач, өз ишиң болбогон соң кийлигишпе! Макалаларыңды таңгактап күрүлдөткөнүңбү, бул бойдон калбайт. Сага окшогондорго ок дайыма табылат! Түшүндүңбү, жексур? Дагы туура эмес бир нерсе жазып көр - бүт тамгаларды унутасың! О, шүмшүк, базарда жүргөнсүп тоюп алган тура. Жогол бул жерден! Эсиңде болсун кеч боло электе, куйругуңду түй.
Аны калтырып, тигилер дароо катуу ылдамдыкта сызып кетишти. Артынан таш ыргытса кана алардын... Бирок кайдан! Кыйналып, көңүлү айнып турган. Күңүрт күүгүмдө кире беришти көздөй унчукпай жөнөдү. Чий калпагын оңдоого гана араң алы келди.
Эми кагыла элек боз уланча бушайман болуп жатты: кандай кылыш керек, эмне кылат, мындан ары кантип жашайт, кайда барат? Ал эмне болуп жатат? Башынан көп эле нерсе өттү го...
Үйлөнүп да көрдү. Үйлөнүү тою да болгон. Баары унутулду. Туугандары болсо дайыма какшайт: биринчи ирет болбой калды - экинчисин создуктурганда эмне? Аракеттен! Бирок ал биригүү көпкө созулбады. Айла жок башка адамга айлануу колунан келбейт. Ошентип эки жакка кетишти, ажырашышты, бири-биринен кутулушту. Сүйүү - бул таңкы шоола, бир гана ирет күйөт, түбөлүк жаркыраган таң болбойт деп чын айтылса керек. Бирок буга эч ким макул болбойт, өзүнө түбөлүккө күйүүчү, өчпөс таңды талап кылышат... Мейличи. Таңбы, эмнеби, бири-бирин эч качан билбеген сыңары ажырашып кетишти. Мына ушул районго көчүп келип жашаганына үч жыл болду. Албетте, дурус аял үчүн ага окшогон адам менен жашоо оңой эмес. Төрөгөн да жок. Үлгүрбөдү. Туугандары жемелешет. Буга ким күнөөлүү? Түйшүктөн башы чыкпай жүрдү, казынада тыным албай эмгектенди. Акча! Баары бир Арсенге окшогон идеяларына берилген адам менен оокат кыла албайсың. Аны акылдан айныган идеячыл десе да болот. Ал үчүн бул дүйнөдө идея баарынан жогору турат. Бечара идеалист. Анын үстүнө кафедралык чыгаан. Аны минтип Орто Азия аймагы боюнча талдоо-баяндамасын даярдоо үчүн келген англиялык кабарчы айым атаган. Тиги-бу туурасында көпкө маектешишкен. Мына ошондо лондондук кабарчынын айтканы:
- Саманчин мырза, сиз бир нерсеңиз менен биздин өз идеяларынын өзгөчөлүгүнө бекем ишенген кафедралык чыгаандарыбызды элестетип жатасыз. Мына сиз да өз идеяларыңызды кыраакы кайтарып, коё бербестен алаканыңызда уучтап турасыз.
- Рахмат, муну угуу жагымдуу, жашырбайм. Бирок мен көбүрөөк тоолук чыгаанмын. Тоодо чоңойгом. Ал эми тоодо жардан учуп кетпөө үчүн эч нерсени көз жаздымында калтырбоо жана дайыма баамчыл болуу зарыл.
- Демек, сиздин кафедра - тоолор экен да. Чынында эле, - деп жылмайды англичан айым, - силердин чар-тарабыңар тоолор. Тигине алыста кандай тоо кыркалары көрүнүп турат!
- Аныңыз туура, биз тоолуу өлкө эмеспизби. Бирок мен туулган тоолор эң алыскы жана эң бийик тоолор, ошондуктан алар Үзөңгүлөш деп аталат, башкача айтканда, бул чокулар - асман тиреген үзөңгүлөр.
- Кандай кооз. Мага бул сүрөттөлүш абдан жакты. Англис тилинде - stirrup деп айтылат. Андыктан сиздин тоолоруңузду англисче - stirrup тоолору десе да болот.
- Кандай керемет! Кыргызча бул стиррап тоо! Үзөңгү тоолор! Менин жердештерим сыймыктанышат экен да. Ал эми мен тоолук гана эмес, кафедралык чыгаан болууга да каршы эмесмин. Кафедралар ар тараптуу, эң маанилүү идеялар менен алектенишет эмеспи.
- Демек, мен жаңылбаптырмын. Рахмат. Сөздү айттырбай түшүнгөн кесиптешиң менен маектешкен абдан жагымдуу.
Мына азыр короодогу караңгылыкка маанисиз тигиле, терезенин жанында туруп, Арсен Саманчин ошол сүйлөшүүнү эстеп, ойлонуп калды: мына ушундай, урматтуу "кафедралык чыгаан". Бүгүн турмуштун дагы бир "таттуу" сабагын алдың. Даамын таттың! Балы менен! Баракелде! Акыры жетти! Базар агымына эч кандай кафедра туруштук бере албайт. Мына сени базар камчысы менен чокуга койгулап кубалашты, сабашты жана тумшугуңду жарабыз деп коркутушту. Жадагалса сүйүүнү да сатылчу буюм сымал базарга коюшту. Сен болсо эми гана түшүндүң. Сыягы, сен ишкердик заманга жарабайт окшойсуң. Соцреализм деген нерсе үчүн дагы бир өзүнчө жаза. Стирраптык чыгаан имиш, айылдагы туугандарың сени менен өзгөчө кайра куруу жылдары сыймыктанышчу экен. Эми эстерине келишет. Мындан ары кайда жоголуу керек жана эмне кылыш керек? Тиги, Кайып колукту жөнүндө унут, унут эми! Анын кимге кереги бар? Идея кезинде эле аны попса тебелеп атат. Попса салтанаты. Бизде попса заманы! А сен мүңкүрөп башыңды ий же коштошпостон жоголуп кет. Ошентсе да кандай кылуу керек? Москвага кетсеби, ал жакта ишеничтүү адамдар бар, бирок ал жакта да попса күч алууда! Иши кылып туташ туңгуюк, аягы да көрүнбөйт... Эки жыл мурун баары ушундай жаман болот деп ким ойлоптур? Айдана менен агама коштошуу катын жазайын...
Ал терезенин жанында туруп, көпкө чейин ушул ойлор менен алпурушту. Анан - кантип экенин өзү да билбей - уктап кетти, тынч уктады. Кызык, ал кечте шаардык да, колтелефон да шыңгыраган жок. Адатта түн ортосуна чейин телефон чалышып, тынчын алышчу. Журналист, болгондо да көз карандысыз, мындайча айтканда, эгемен, Арсен Саманчинге ошондой болгону ылайык - бу да болсо сөз эркиндигинин шарапаты. Учкашкан соң түшөм дебе. Арыздар ушунчалык көп түшчү! Кай бирлерин басма сөз аркылуу чечүүгө мүмкүн болоор эле, кай бирлери - мүмкүн болбойт, эми ал жактоочу эмес да, бар болгону ММКнын дыйканы. Ал эми ар кандай шылуундар өз кызыкчылыктарын басма сөз аркылуу алдыга жылдырууну көздөп, элдин алдында өздөрүн көрсөтүү үчүн, жеңишке жетүүнү жана жалпыга дүңгүрөп таанымал болууну көксөп, алардын итче ырылдашкан атаандаштыгына кошулууну талап кылып кандай гана амалдарга барышпады... Бүгүн болсо үн-сөз жок. Таң калыштуу. Анын кемсингени жөнүндө кулактары чалып калбады бекен?
Жеке ырчыга, кайсы бир кездеги опера сахнасынын кудайына, азыркы бардык бурчтардагы "жарнактарда сүрөттөрү илинген - эстрада айымына" өзү жөнүндө да эмес, бар болгону жакында эле экөө биргелешип алып чыгышкан идея - кеңешип ойлонулган опера жөнүндө эсине салууга аракет кылып, ушунчалык катуу кагуу жеген бул адамга кайрылуунун кажети жок экенин жырткычтык жыт алгычтык менен сезип калышкандыр. Эми белгилүү болгондой ал бир опера-утопия турбайбы. Ал бардык байланыштарды үзбөдүбү, аны бирөө сыйкырлап өзүнө тартып алгандай - өз сакчыларынын курчоосунда кол жеткис болуп калды. Эмне болсо ошо болсун, бирок композиторду кандай кылуу керек? Токтотуш керекпи? Атайын Айдана үчүн классикалык операны жараткан бул маэстродой композиторлор азыр сейрек. Музыкалык чөйрөдө өтө абройлуу, Кайып колукту идеясын жан дили менен кабыл алган жана мынчалык сейрек кайрымдуулукка оңой менен барбаган каржылоочу менен келишим түзүүгө жетишкен композитор Аблаевге ресторанда болуп өткөн окуяны кантип түшүндүрөт? Кандай шерменделик! Сакчылар аны көчөгө алып чыгышып, муштумдарын түйүп коркута, таксиге түртүп салышты да, таксинин айдоочусуна: "Дос, бул эргулду токтотпостон түз Орто-Сай кичирайонуна алып бар. Бир аз ашыкча ичип алды" дешти. Анысы аз келгенсип шопурга акча да беришти.
Мына ушинтип Арсен Саманчинди "депортациялашты" б. а. жазалап кууп чыгышты, экинчи келгис кылып жолго салышты. Баарынан жаманы, чыга бериштеги фойедеги жаркыраган күзгүдөн ал өзүн бою менен көрүп, чочуганынан кыйкырып жибере жаздады. Абдан аянычтуу, басынтылган жана санда жок болуп көрүндү. Анан дагы бул кейпи кеткен чий калпагы, классикалык, модалуу имиш. Бир заматта ал коомдук жайдан куйрукка тебилип, айдалып чыккан, жек көрүндү жээриндиге айланды да калды. Ал болсо өз намысын коргогондун ордуна, бул кооз, атайын буйрутма менен жасалган күзгүдөн өзүн көрүп, тагдырына моюн суна кетип баратат. Анын демейдеги тыкандыгы, сүйкүмдүүлүгү, акылы кайда кетти? Аны бекеринен эгемен, көз карандысыз деп аташпаган чыгар, ал өз бактысынабы, же кайгысынабы, азиялык ММКтында сейрек кездешүүчү кынтыксыз, көз карандысыз журналисттерден болчу. Ал, Айдана дагы, өзү эркелетип атагандай, анын Айасы, кулагына: "Эгеменим менин! Мен да эгемендүү болгум келет, анан экөөбүз эгемен түгөйлөрдөн болмокпуз!" деп шыбыраар эле. Кайдагы! Баары тескерисинче болуп чыкты. Аны ишкер-ак сөөктөр кабыл алышкан жок, жээришти. Айдана болсо жылаңач ийиндерин куушуруп, бизнес-бейишке өтүп кетти. Кимдин эле бейиште болгусу келбесин? Баары ага батпайт, а ал жолдуу экен. Арсенде болсо го, эшигин ага кенен ачып бермек, бирок анда бейиштин ачкычы жок...
Башынан анын жан дүйнөсүн эргиткен меццо-сопраносу үчүн, ал үчүн жазылган "Кайып колукту" пьесасын коюу идеясы менен эми кайда барат? Көз көрүнөө талкаланып жаткан заманбап опералык театрдын маселесин кайсы чуңкурга ыргытып жиберет - таланттар кайтпас жакка кетип жатат, кармап кала турган эч нерсе жокпу? Салттуу репертуардагы театр же сакталып калат же жок болот. Бул улуттук да, дүйнөлүк да маселе. Ооба, массалык маданият шылуундары Арсендин, буга окшогон жасалма демилгечинин эсебин оңой табышты, аны баш көтөргүс кылып кордошуп, мындан ары бийик материялар тууралуу ойлонбой тургандай кылышты. Бул ушуну менен бүтпөйт, алар аны моралдык жактан тебелеп, өзү бутка чалынбай жолдон качкыдай кылып, мындан ары да эгемен-идеалистти шылдыңдап мазактоону уланта беришет. Бул деле кекээрлүү мылжыйган дал ошол шоу-ишкердиктин короо шыпыргычтары, башкача айтканда, поп-модернизмдин топ-модельщиктери деп аталгандардын колунан келет. Мындай ишке алар шымаланып киришишет. Бул үчүн аларга баары - интернеттен тартып космоско чейинки бардык каражаттар берилген. Күнүмдүк жардамчылар да алардын кол астында - эстрада, басма сөз... Ай, байкуш, басма сөз! Тоталитаризм мезгилинде кулчулукка каршы күрөшүп, күрөшүп - акыры өзү базардын кулуна айланды. Эфир дагы ага кызмат кылат, радио ар бир машинеде бар эмеспи... Алтургай космостук спутниктер да ааламдык айлампада шоу-ишкердиктин алга жылдыргычтарынын ролун ойноп жатпайбы. Ошентип мунун баарысы - классикалык баалуулуктарды кысып, четке чыгаруу үчүн, футбол аянттарындагы улам күчөгөн укмуштуу толкундоолордой пайда көрүү максатында жасалат. Бардыгы алардын колунда.
Сенчи, сен болсо, адашкан энтузиаст-утопщик, башкача айтканда - утопист, байкуш, эмне үчүн баарын билип туруп, алардын жолун жалгыз торойсуң? Чын эле мүңкүрөгөн курмандыкка окшоп, өзүңдү калтыраган колдоруң менен шоумендик ордого тартуулайсыңбы? Жадагалса сүйүүңдү да табакка салып, - мына алгыла, бизге жолтоо болбосоңор эле болду деп, алардын астына таштайсыңбы? Бул сен жашоонун маңызы жана сулуулугу, кудай берген түбөлүктүүлүктүн белеги деп атоочу нерседен аргасыз баш тартуу болот, анткени сүйүү Ааламдын белеги, түбөлүктүүлүктүн күчүнөн чыккан кубат. Мына ошондуктан кошулуу ырахатын түбөлүктүүлүк менен жер бетиндеги жашоонун биргелешкен аракетинин эң жогорку көз ирмеми деп түшүндүрүүгө болот, жана ошондуктан ашып-ташкан кумарлануу жана сүйүү сезимталдыгынын салтанаты өзүндө трагедия менен драманы камтыйт, жер менен асмандын ортосундагы мамилелердин татаалдыгын аныктайт. Бардык сүйүү тарыхын акыры өлүм жыйынтыктайт, бирок Жараткандан сүйүүгө берилген түбөлүктүүлүк энчиси кийинки муундарга өтөт жана алар да сүйүүгө берилип, сүйүү аркылуу түбөлүктүүлүк агымына кошулушат. Бирок ар качан бузуку күчтөр митаамдык менен сүйүү дүйнөсүнө кол сала беришет, анткени адамдын жаратылышынын караңгы үңкүрлөрүндө алардын көбү катылып жатат жана барган сайын алар кылдат болуп баратат, ошондуктан адамдарда ички күрөш токтобойт.
Мына сен жаза бастың жана, мындай учурда айтылгандай, катуу сындың, кемсиндиң, эми өз сүйүүңдү талаага таштайсың, сага эчак жетилген адамга жана тигиге дагы сүйүү жогору жактан жиберилбеди беле. Ушунчалык жек көргөнүңдөн анын атын ичиңден да айткың келбеген шоумендин алдында уят болдуң, жер карадың. Бирок анын муну менен иши жок. Ал шаңданып атат, ал жеңүүчү. Сөздүн ачыгы, ал жагалданып жага алды жана элдин көзүнчө сенин сүйгөн айымыңды ээрчитип кетти - чынын айтканда, аны продюссери катары, андан ары зор ийгилик менен соодалоо үчүн аны сатып алууга кудурети жетти. Сен болсо өзүңдөгү сүйүүнү коштоп жүргөн жан дүйнөңдүн музыкасы жалп эте өчкөнүнөн, сандалып кала бердиң, сенин көөдөнүңдөгү мухит сымал чалкып жашыруун жаткан - мейли үстүртөн, мейли башкаларга көрүнбөс жана угулбас, мейли шыктандыруучу болсо да, бирок андан ажыроого сенин дитиң барбайт эле го. Мына аң-сезимиңдин көрүнгүс симфониясы, жашоо чөйрөсү калбагандыктан акырындап бүтүп баратканына эми кайгыра бер.
Ушул жерден Арсен Саманчин өзүн-өзү эсине келтирип, колго алууга аракет жасады: мунун баары сезимдер, акыл-эс менен ой жүгүртүүгө аракеттен. Эгер Кайып колукту баянынын негизинде эчак опера жазылып жана партитурада болсо, башкы ролго татыктуу аткаруучуну башка шаардан же башка өлкөдөн деле табууга болот эмеспи. Кымбатыраак болмок, бирок уюштуруу маселелери чечилмек. Ойлонуп көрсө, ушундай туюлду...
Ошентсе да, баарына карабастан анын жан дүйнөсү уламдан улам өч алууну көксөп, жек көрүүнүн оргуп чыккан толкунуна чөмүлүп жатты. Азыр олигарх деп аталчулардын бир билерманы сени буту менен тебелеп жатканына чыдоо мүмкүн эмес эле. Мейли, каалашынча пайда көрө беришсин, бирок эмне үчүн элдин баары аларга баш ийип, киши өлтүрүүдөн баштап, намысын сатууга чейин көмөктөшүшү керек? Ал асмандагы жылдыздар жерге күбүлүп түшкүдөй кылып, соккуга так өзүндөй сокку менен жооп бергиси келди!
Анан Арсен Саманчиндин башына кара ниет ой түшө калды - өлтүрүп жана ошол замат өзүн өлтүрүү! Нөл-нөл! Сен жок - мен жок! Чекит! Андан кийин бул жөнүндө басма сөздө жана башка ММКда эмне деп жазышат, эл оозунда калппы, чынбы, эмне болот - баары бир!
Мурда теле жана кинодетективдерин жек көрүп мыскылдоо менен көрсө, эми мына өзү кинодогунун дал өзүндөй - калтаарыбастан, токтоолук менен киши өлтүрүүгө даяр... үч жолу таамай атып, анан башка бир жолу текшерүү иретинде, атаардан мурда душманынын бетине электршоктун соккусунан кийинкидей, анын мээси айнып калгыдай кылып, өкүмдү окуу. Андан соң тапанчаны өз чыкыйына такап туруп, машаны басуу. Бүттү, мара! Тиги дүйнөдө жолугабыз... Анан териштиребиз...
Арсен Саманчиндин ал жакка өзү менен кошо ала кеткиси келген жалгыз нерсеси - ал дагы, Айа жогорку жактагы күчтөр тарабынан кутулгус намысы чыдатпай азап чегүүгө аргасыз болоор, кордолгон "Кайып колукту" үчүн, сатылган сүйүүсү үчүн жаны жай таппай жүрүп өтөөр деген үмүт, же андан да жакшысы ишеним эле.
Экөөнөн башка бир да жанга белгилүү эмес хайдельбергдик сүйүү тарыхы анын өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин эсинен кетпей улам-улам эсине түшсө. Арсен тиги дүйнөдөн анын өкүнүп ыйлаган үнүн укса. "Кайып колукту" идеясы аларда хайдельбергдик тоолуу сепилде ошол экөөнө гана таандык айлуу түндө, ошол орто кылымдык немис шаарынын үстүндөгү романтикалык сейил бакта жаралбады беле, ал жакта экөө чогуу: ал хайдельбергдик музыкалык коомдун чакыруусу менен концерт коюп, Арсен - аны коштоп барган журналист катары - барышкан.
Токто, сенин ойлогонуң болбогон нерсе, эч нерсеге арзыбайт, кылмыш экенин айтпай эле коёюн, уят деп ал өзүн кантип гана башкарууга аракет кылбасын - эч нерсе таасир этпеди, өч алуу көксөөсү суубай, жамандыкка жамандык менен жооп берүү табигый каалоосу азайбады, тескерисинче кыжырын кайнатып, күчөп баратты. Капыстан балачагында уккан - кыргыздар аргасыз учурда айтуучу сөз же лакап эсине түштү: "Эх, эмне болсо ошо болсун, башыңды ташка урасыңбы же камчы менен өзүңдү сабайсыңбы, душмандар кол салганда, колго түшүп бербестен, ээрден аны эңип түш, көкүрөккө найза сай. Же болбосо - жаныңды кый, демек, башка арга жок..."
Бул сөздөр качан, эмне себептен жана кандай аргасыз абалда айтылганын ким билсин... Бирок мына ал да эки анжы болуп турат, душманыңды өлтүр - же өз жаныңды кый! Башка арга жок. Кандай жапайылык! Ал дароо өзүн жемелей баштады.
Ушинтип бечара толгонуп жатты, анан капыстан артка кескин кетенчиктей, үнү каргылдана кекечтенип: "Акмак! Эмнени ойлоп атасың? Эмне менен атмак элең? Сөөмөйүң мененби! - Дубалда илинген күзгүгө келип, аз жерден өзүнүн бетине түкүрүп жибере жаздады. - Сенин жадагалса оюнчук тапанчаң да жок го! Кыялданып алганын!"
Ал жалданма киши өлтүргүчтөр, киши өлтүрүүнүн ыкмалары жана жолдору тууралуу көп уккан - ал жөнүндө жазып да, сыналгыдан көрсөтүп да жатышпайбы, бирок иш жүзүндө баары эле оңой боло бербейт. Албетте, ошончого барган соң табууга, сатып алууга болот да. Бирок атканды да билүү керек... Мына сага...
Ал эми "Кайып колуктунун" кайгысы чексиз...
Таңга жуук түшүндө ал өз колтелефонун колуна кармап алыптыр, телефон чалгандын ордуна бир жакка мээлейт, бирок ок атылган жок... Ошол жерден телефон шыңгырады.
УЛАНДЫСЫ БАР....

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2