Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Муну кантип түшүнсө болот? - деди да, Саманчин кубара түшкөн эриндерин кымтып, мукактанды. Албетте, ал бир кыйла ызы-чуу салып, мобу ормойгон Ошондойдун көздөрү чекесине чыккыдай кылып, үстөлдү көңтөрүп, айгай салып, тумшукка бир уруп, намысы менен кадыр-баркы тебеленгени үчүн нааразылык билдирсе болмок, бирок азыр ага чамасы келбеди. Чагылгандай башына келген ойдон эсин жогото, ал ичиндеги уйгу-туйгу сезимдерин басты, бирок бул анын өзүн-өзү ашкере тыйганынан эмес, эсин оодарып жерге жыга чапкандай, кыйылган дарак алдына күп этип кулагандай жана бутунун астындагы жер чайкалып, титирегендей сезимден улам, анткени ал аң-сезиминде музыкалык ой жүгүртүү сыяктуу кубулжуган романтикалык агым жашаарын туйчу жана кээде бул тууралуу кыялданганды жакшы көрчү - ушунун баарысы бир заматта тиги дарак сыңары кыйрады да, таптакыр керектен чыгып, өз алдынча өмүр сүрүүнүн да кажети жок болуп калды. "Чын эле албы? Чын эле ал ушундайга бардыбы?" деген бир гана ой анын жан дүйнөсүн ушундай алааматка салды. Өзүнүн ойлоруна ишене бербей, сахнага көз чаптырды - ал сахнага али чыга элек эле, бирок оркестр аны күтүп, жеңил-желпи күүлөрдөн чолуп-чолуп ойноп жатты. Ал чөнтөгүнөн колтелефонун алып чыкты да, анын номурун тере баштады. Манжалары калтырайт. Үнүм да титиребесе экен деп коркот. Ошондойго сыр алдыргысы келбеди, бирок арга жок. Анын телефону өчүрүлгөн экен, бир нече чакырыктан соң кайдыгер үн менен өзү: "Мен Айдана Самаровамын. Телефон убактылуу өчүрүлгөн же байланышууга мүмкүн эмес" - деп билдирди жана кайрадан жоопсуз чакырыктар угулду.
- Жооп бербей жатабы? - мыскылдай, кашын серпип сурады Ошондой.
Саманчин унчукпады. Ошондой эмнени айтып жатат? Ким жооп бербей атат? Божомолдоп жатабы? Билип турабы? Же даана билеби? Териштирип олтурбады. Кемсингиси келбеди. Анын үстүнө маселе башкада: андан ары эмне кылышты чечүү керек. Ушул жерден чекит коюп, ордунан туруп басып кетсеби же түшүндүрүүнү талап кылсабы: кимден көрсөтмө түштү жана эмне үчүн ал, ресторандын баш директору мынчалык жанын үрөп атат, тим эле эшик тоскон сакчыдан да өтүп кетти го?
- Эмне болду анан? - деди Ошондой күтүп жаткан үн менен. - Турабызбы? Эшикке чейин узатып коё алам...
- Жо-жок, дал ушунун кереги жок, - деди Арсен Саманчин баш тарта. - Жолду өзүм эле билем, - деп кыжырлана кейсин жапты.
- Анда эмесе! Акылдуулук кылдыңыз. Баса, тамак үчүн төлөбөй эле коюңуз. Биз өзүбүз бүтүрөбүз, - деп кошумчалады ормойгон Ошондой.
Ошол жерден бүт бугун чыгаралбай ушуну эле күтүп тургансып, Арсен Саманчин тарс жарылды.
- Эмне дедиң? - "Сизден" дароо "сенге" өтө Ошондойду беттен алды. - Сен мени ким деп турасың? Мен эмне сага көчөдөн кайыр сурап келдимби? Бар, билесиңби кайда? Сенин рестораныңды да, сени да урганым жок. Чакыр официантты бул жерден кетээрден мурда бир тыйынына чейин төлөйм. Анан жогол! Бүттү!
- Мейли өзүң бил! Официант азыр келет. Калганы, демек, айтылгандай болсун! - деп эскертти да, Ошондой ордунан жай туруп, албырган жоон бука мойнун эч жакка бурбастан басып кетти.
Ошол жерден Арсен Саманчин одоно ката кетирди, акмактык кылды - чырды ырбатып, майдаланды.
- Эй, сен! - Ошондойго кыйкырды ал, тиги артка кылчайганда ачуулана бетке айта салды. - Сен ойлобо мени кубалап жолго салдым деп, ушуну менен бүттү деп! Мен муну жөн калтырбайм. Менин да байланыштарым бар. Мен журналистмин, көз карандысыз журналистмин! Эсиңде болсун!
- Эмнесин эстемек элем? Тимеле көр муну. Сенин ким экениңди урдум! Сенден жадагалса аялдар жаа бою кача баштаптыр.
- Сенин кандай ишиң бар?
- Ошондой, өзүңдүн таштанды экениңди билип жүр. Журналисттер азыр коркулдаган чочколордой, тойгузуп койсоң болду гезиттеби, сыналгыдабы айырмасы жок коркулдай беришет. Журналист имиш! Азыр беш мүнөттөн кийин бул жерден жоголбосоң, акмак, өзүңдөн көр... Күч колдонобуз. Бүттү! Жап оозуңду!
Ошол бойдон Ошондой жини келгенинен түктүйө түшкөн жүзүнөн көз айнегин жулуп алып, көз карандысыз журналисттин кыйкырыгына көңүл бурбастан ары басып кетти.
Бул окуянын уландысы кандай болоорун Арсен Саманчин билсе кана!
Официант келди:
- Кечиресиз, мына сиздин эсеп!
Бирок ачуусу тарай элек Арсен Саманчин кагазы бар тарелканы ары түрттү да:
- Адегенде мага арак алып келчи! - деди.
- Арак?
- Ооба, арак! Кыргызча түшүнбөсөң - водка!
- Азыр алып келем. Канча?
- Канча көтөрө алсаң ошончо! Тез!
- Азыр!
Официант буфетти көздөй шаша жөнөдү. Ачуусун баса албаган Арсен Саманчин айланасына көз жүгүрттү. Аны менен эч кимдин иши жок эле. Ресторан өзүнүн кечки жашоосу менен жашап жатат, эл жык-жыйма, балкондо да жайнашат. Тынбай сүйлөшкөндөр, күлкү, чөйчөктөрдүн шыңгыры, көпчүлүктүн күүлдөгөнү. Дубалда ары-бери ойногон жарыктарды коштогон залдын маанайы менен үндөш музыка да жан дүйнөнү козгоп турду. Ал гана жалгыз, бул көпчүлүктөн бөлүнүп калды. Башы маң болду, бүгүнкү үмүттөнгөнү ишке ашпай калаарын түшүнүүдөн, кечиккендигинен жүрөгү кысыла баштады. Бул асылуу кайдан экенин даана билсе го - Айдананын өзүнөнбү же анын жаңы колдоочуларынанбы? Эгер анын өзүнөн болсо, анда кантип Арсенди сатууга дити барды, душмандарга чыккынчылык кылып, алардын жеке ишине кийлигишүүгө кантип жол берди, ушундан кийин ал ким эми? Кандай жүзү кара! Эмне үчүн? Аны мынчалык жектеп кубалоого эмне себеп болду?
Ооба, бир окуя болгон. Кийинки убактарда өтө эле узакка созулуучу тыныгуулардын бири алардын мамилелеринде пайда болгондо, аны менен жолугушуудан айым баш тарта баштаганда, жакында болгон. Ошондо ал дагы ушул жерге келген жана сахнанын түбүндө, кейсин колунан түшүрбөй кечке чейин ага тигиле карап тура берген. Анын ага: "Эй, жалтырак кагазга оролгон каныша, эсиңе кел, сен чын эле Кайып колуктуну, ал сенин кейпиңде сахнада жарала электе эле көөмп таштадыңбы? Аны сыгандардын бийине сатып жибердиңби? Же көөп кеттиңби?" - деп кыйкыргысы келген.
Уу какшык аралаш дагы бир сөз тилинин учунда турду, бирок ал бир да сөз айтпады... Жөн гана карап тура берди, ал эми кейстин ичинде өз убактысын күтүп, анын улуулугуна ишенген чыгарма - кол жазма, дудуктуктун туткуну болуп жатты. Бирок ал убакыт качан келет? Анын кимге кереги бар эле? Ага, Айданага гана... Ал эми музыка болсо, ошол маалда адаттагыдай эле сахнада күңгүрөп, добулбастын дыбыры күч алды, ырчы айым дагы безелене ырдап, жалпы көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан дене кыймылдарын аткарып жатты, залдагылар жалпы аны коё беришпей, көздөрү менен жутуп жиберчүдөй болушуп, дүркүрөтө кол чаап жана эстен тана кыйкырып жатышты, ал, Арсен болсо сахнанын жанында туруп алып, анын бул оор музыкага күң болуп, баш ийип, денеси жана үнү менен коштоп жатканын карап, азап чегип жатты. Алардын көз караштары бир нече жолу ошол акылсыздыктын бороонундагы чагылган сымал чагылыша кетти. Ал го кеп эмнеде экенин түшүнөт дечи.
Мына эми жаңы түрмөк. Ошол эле окуя кайра башынан болгону турат, бирок бул ирет аны ошол эле кейси менен, ошол эле улуу чыгарма менен залдан кубалап чыгышууда... Арийне, ал баш ийүүгө аргасыз эле.
Официант табагындагы бир бөтөлкө арагы менен кайтып келди.
- Мынакей. Сизге куюп берейинби? Чөйчөккөбү же стакангабы?
- Стаканга.
- Канча?
- Толо.
Анан дал өрттөнүп жаткан түпсүз чуңкурга куйгансып, ал стакан толо аракты көңтөрүп ичип жиберди. Аба жетпей, шалдайып олтуруп калды. Өзүнө өрт коюп жибергиси келди.
- Канча төлөйм? - деп эсепке көз жүгүртө олуттуу сурады, анан официантты таң калтырып, ошондой эле олуттуу түрү менен (бир тыйынга чейин) төлөдү да, унчукпастан эшикти көздөй жөнөдү, сөөктүү ийиндерин какайтып, тарамыштуу мойнун созо бир стакан арактан кийин түз басып кетүүгө аракеттенди.
Кийим илгичтен чий калпагын алып, баягы эле олуттуу түрү менен аны башына кийди. Ал жайдыр-кышдыр чий калпак кийип жүргөндү жакшы көрөт. Айдана аны жөн жерден "калпакчы" деп атабаган. Тышка чыгып баратып, сахнадан угулган анын, Айдана Самарованын үнүн укту. Ресторан жалпы кол чаап жиберди - көптөн күткөн нерсе болду - укмуш айым келди! Алгачкы шаттанган кыйкырыктар угулду: "Ай-да-на! Ай-да-на!" Бирок Арсен Саманчин артына кылчайбады, бир аз гана кадамын жайлатып, мастыгын күч менен башкара: мына сага суктана бер, көрсөтмө курал-жарнак менен моданын туу чокусу, - деп ойлоого жетишти. Мындай таасирдүү натыйжага жетүү үчүн бүтүндөй инфраструктура эмгектенет, аман калуу үчүн жарыш жүрөт. Атак-даңк, таанымал болуу, акыр аягы, акча самандай сапырылып турушу үчүн керек. Алтургай ал мыскылдап күбүрөндү: "Акчасыз жашоо жаман, эч нерсеге жарабайт, ой-ля-ля!" Ачуулана жерди бир тээп, тамагы айрылганча каткырып, бийлеп жибергиси келди... Бирок өзүн кармап калды. Дароо ыйлагысы келип кетти. Кудайга үнү жеткидей, асман аңтарылып кеткидей кылып өкүргүсү келди. Жыйынтык чыгайын деп калды, коркунучтуу бир нерсе жасап жибере электе бир жакка барып жашырынуу керек. Убакытты өткөрбөй кетүү керек, кеч боло электе таптакыр көздөн кайым болуу зарыл.
"Сүйүү жана өлтүрүү! Ушундай кантип болсун? Сен жөн эле мастыгыңдан! Жок, мастыгыңдан эмес, - ал башына келген ойдун өзүнөн денеси муздай түшүп, өзүнө-өзү жооп берди... - Сүйүү жана өлтүрүү..."
Ал кетип баратты, мээсин: көрүмдө да унутпайм, кечирбейм!.. деген бир гана ой ээлеп алган.
Бул дүйнөдө кимдин маңдайына эмне жазылган. Так ошондой - кимге эмне. Ооба, бул дайыма ошондой. Эч ким баш тарта албайт... Тагдырды күтүп, күндөр келе берет, кете берет. Ал эми күтүү акыркы күнгө, акыркы саатка чейин уланат... Жана дайыма ушундай болмокчу.
Бирок мына кайрадан кайдан-жайдан шамал сокту - бул тагдыр, өз кароолунда туруп, сезе коюп, ушул саатта ааламдагы, адамдардын жүрүм-турумундагы, жан дүйнөсүндөгү, ойлорундагы көрө тургандын баарын көрүп калууга ашыкты. Кайрадан тагдыр өзүнүн тайбас жолуна түшөт, адаттагыдай эле алыска жетүүчү ойлорду болжоп, аргасыздан асманга кайрылып: эмне болот? эмне үчүн? кантүү керек? деген суроолорду бере, чаалыкпас тагдырдын буйругун башынан өткөрүү менен күн кечиргендердин келечегин жана бул дүйнөдөгү жолун күтүүсүз аныктайт, ошондой эле күтүүсүз окуялардын агымын астыртан камдайт.
Бирок асман шыбырды да, кыйкырыктарды да укпайт...
Жадагалса тоодогу жапайы жырткыч да - үнү каргылдана ыркырап, асманга кайрылып улуп жиберди, айдын айласын кетирди, ай андан бирде булуттарга, бирде кардуу чокуларга жашынды, анткени ал да тагдырдын жазмышынан четте калган эмес, ага да, тоо илбирсине ал алда нени камдап койгон...
Эркек илбирстердин жекеме-жеке алышуусунда утулган, тукум улоо укугунан ажыраган, жээринди Жаабарс ошол мезгилде тубаса сезим менен дагы да болсо мурунку күчүнө келүүнү эңсегени, дагы да болсо каршылык көрсөткөнү, дагы да болсо биротоло багынбаганы, эч нерсеге карабай кызуу кандуулук кылганы менен ого бетер оорлошкон өлбөстүн күнүн көрүп жатты. Мурдагыдай эле кайсы бир ургаачыга жакындагысы келип жүрдү, бирок алардын баары эчак ээленген, анын каалоосун канааттандыраар жан чыкпады. Кээде ал атаандашына кол салып, аны муунтуп же өз күчүн көрсөткүсү келчү, бирок адатта кармаштан эч ким утчу эмес. Бардык жалган үмүттөр, таттуу кыялдар ишке ашкан жок, чынында анын топто бары-жогу билинбей, ага эч ким көңүл бурбай калган, ошентип четтеп жүрүүгө, чоң олжого жыйылган илбирстердин тобунан өзүн оолак кармоого мажбур болду. Өзүн кармоо оңойго турбады, эбегейсиз зор чыдамкайлыкты талап кылды, башкалар жеп жаткан эттин калдыктарын күтүп, тарамыштары карышып калгыча карманып, жымжырттыкты сактоо керек болчу. Анын азыркы убайымдуу насиби ушул болуп калган, сыртынан баштагыдай эле айбаттуу болгонуна карабай - чоң башы, чарчаңкы, астыртан жалжылдаган көздөрү, күдүрөкөй булчуңдуу ыйык жалы жана көп учурда эптүү, жеңил кайрылган туу куйругу Жаабарс али да болсо керектүү учурда өзүн-өзү кармай билерин кабарлап турду.
Илбирстер тобунун аны менен эч кандай иши болбой калган. Жырткычтардын мезгилдик түгөйлөрү гана төлү менен аны жаалдана карап коюшчу анан дагы ал бир нерсеге айыптуудан бетер оолактап турушчу, анын мурдагы ургаачысы болсо аны теңине деле алчу эмес - көз көрүнө уялбастан куйругун чычайтып, Жаабарс таптакыр эле көлөкө болуп калгансып, өзүнө окшош уятсыз жаңы шериги менен жандашып өтүп кетчү. Жакында эле Теңир-Тоолук ак кар, көк муз тоолору менен капчыгайларын жердеген тукумдаштарынын арасында жол баштоочу болуп жүргөн Жаабарс эми ушундай басынтууларга чыдоого мажбур болду. Топтук жашоодон четтетилгенден кийин ал кашкулак, суур же кээде коён өңдүү майда жандыктарга аңчылык кылуу менен эптеп күн көрүп жүрдү. Башта күн сайын өлтүргөн ача туяктуулардын этине тойгондой болуп карды тоё эт жебесе да, Жаабарс ачкачылыктан азап чеккен жок. Баштагыдай олжолуу да болбой калды.
Ошого карабай анын каршылык көрсөтүүгө болгон эрки кайтпады, чынында кол тийгис болуп калган, тизелеп жашоого аргасыз жээринди таалайына баш ийбеди. Бардыгына каршы ачуу чындыкты кабыл алгысы келбей жан дүйнөсүнө бүлүк түштү, анын жырткычтык жаратылышынын түпкүрүндө нааразылык күчөдү, ал үчүн кара жолтой болуп калган бул аймакты, тоолорду жана капчыгайларды калтырып, кайра кайткыс, өтмөктүн артындагы, болгондо да асман тиреген ак карлуу кырканын артында жайгашкан башка дүйнөгө бөлүнүү, түбөлүккө, мүмкүн болушунча тезирээк кетүү жөнүндө ой мээсинде бышып жетилди. Эч бир жан жашабаган, өтө сейрек жетүүчү ал жакка - жай мезгилинде жана саналуу күндөрдө гана жетүү мүмкүн - жадагалса бийик учуучу куштар да жете албаган Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын ортосундагы эң бийик чокулуу бөксө тоого баруу турат алдыда. Жаабарстын жанын жай алдырбай ичинен түрткү берген күч, ашып-ташкан кусалык азгырган жак ушул турбайбы. Тээ бир кездерде ал жакка жайды өткөрүү үчүн барган, бирок анын азыркы муңу, зары - башта колдон келчү нерсенин эми кол жеткистиги...
Ашууга жол тик жана аскалуу, бийик жана эч эрибеген кар аркылуу кетип, аягы койчунун бир короо кою сыяктанып, шамалдар тоодон тоого айдаган өрөөндөргө түшүп, ашууну бойлой сойлоп, житип кетчү булуттарга жете көрүнбөй калат. Ушунун баары жакын эле жерде...
Ушунун баарын Жаабарс улам токтой калып, буттарын алмаштыра, бир жерде буйдалып, күрткүлөрдү кечип, дагы канча жүрүү керек, көз менен болжоп карап жатты. Анан кар дөбөлөрдү жалпайта кечип, тамагына чейин карга көмүлүп кетип баратты, төрт бутунун бардык тырмактары менен чапчый, тарбалаңдай таштуу аскалардын муз кыртышына бүт денеси менен жабыша калып сойлоп баратты. Бирок азыр дагы дем ала албай энтигип, олжосун зыркырата кууп бараткандагыдай жүрөгүнүн дүкүлдөгөнү кулагына жаңырды, анан калса эң коркунучтуусу - буттан чалып артка силккен, деми кыстыгып, күшүлдөгөнү болду, айланадагы дүйнө бүлбүлдөгөн элес сымал урап баратты. Андан ары бийиктеп жылганга күч жетпеди - кыркырап, мууна ырылдады, бирок бир да кадам алдыга жыла алган жок... Баштагыдай күчүнө толуп турганда алеки саатта Үзөңгүлөш ашуусун ашып, акыры тигил, башка дүйнөгө жетмек. Асман тиреген бейиш төрүнө... Эгер аша алса эле бул мертебе ал артка кайтпай, ал жакта түбөлүккө, акыркы күнү бүткөнчө, акыркы көз ирмемине чейин кала бермек...
Ошентип багынбас тоо кыркалары менен короолонгон бийик тоолуу бөксө тоонун босогосунда өжөр Жаабарс жанын үрөп, аргасы түгөнө башын чулгуй, шагыл таштарды тырмактары менен тытмалап шилеп жатты, табияттан үн чыгарып ыйлоо дарамети берилген болсо эмине, айланадагы тоолорду титирете өкүрүп ыйлабайт беле.
Жаабарс ашууну багынтууга бир нече жолу аракеттенди, бирок анте албады... Бир жолу деми кыстыгып кыйналып жатканда анын түбүнөн эле онго жакын мүйүздүү аркарлар - жырткыч илбирс жакын жерде жоктой - текирең-таскак салып өтүп кетишти. Алар аны көрүштү, ал болсо жаратылышынан тоо илбирстеринин негизги олжосу болуу үчүн жаралган жаныбарларды байкамаксан болуп койду... О, тоолор, жер жүзүндө ушундай да болобу? Бирок тоолор мелтирешет. Оо, асман ушундай да болобу бул дүйнөдө? Асман да бийикте унчукпады. Жаабарс кусалуу башын шылкыйтты...
Бир кезде баары ойдогудай болчу эмес беле, кимди гана болбосун түпсүз чуңкурга оп тартып, таштарга уруп, таш талканын чыгара турган тике шаркыратмадан бир күүлөнүп аттап кеткен күндөрү да болгон. Бирок ал кезде Жаабарс ушунчалык күчтүү жана шамдагай эле, ал үчүн эч бир тоскоолдук жок - түпсүз чуңкур да, айлампа да, бороон да аны бир тууганындай кучактап, "Жаабарс, мага жакын кел, Жаабарс, кел бери!" деп тоодон бир кайып аял чакыраар эле. Илбирс анын чакырыгына умтулуп бой таштачу, аял болсо көздөн кайым болуп кетип, кайра башка жактан үнү угула турган: "Мага жакын кел, Жаабарс, кел мага!" Анан ал кайрадан жаанын огу менен тең сызып жөнөчү... Бул дүйнө ага таандык болуп турган ошол маалда ал үчүн үлгүрүү, кубалап жетүү, ашып өтүү жана дайыма жеңишке ээ болуу кеп эмес эле. Айланадагы дүйнө анын дүйнөсү болчу.
Мына эми ал багынбас ашуунун алдында чайналып, тырмышып, кыйналып жана кемсинип жатып, өткөн күндөрүн кусалана, азап тарта эстеп турду.
Чак түш болчу. Күн сайын чак түш болот, бирок ал эстен кеткис чак түш эле...
Жай да эстен кеткис болучу...
Бул өңдүү бийиктикте булутсуз, ачык күндөрү күн күйгүзбөйт, ысытпайт, төмөн жактагыдай болуп жуушап жатууга, көлөкөгө кубалабайт, сыйкырдуу, чексиз жарык берип, тоо дүйнөсүн өз нуруна бөлөйт жана жандуу энергияга айланат - жөнөкөй чөптөн тартып бул жерди жайлоо үчүн учуп келишип, кыркаларды айланып учкан канаттуулардын топторуна чейин, жер бетиндеги бардык жашап жана дем алган жандыктарга сиңет. Ооба, бардык жандыктар бул саатта күндүн нуруна бөлөнүп, жашоонун жыргалына балкышат...
Ошол күнү ал ургаачысы менен күндүн жана тоолордун улуулугуна шыктана, экөө бирдей шамал менен жарыша зымырап, бири-бирине дилгирлене, Үзөңгүлөш бөксө тоосун бет алып, сызып баратышканда күн дал ушундай болуп тийип турган.
Бул жерге алар кечээ келишкен. Бороонго көмүлүп, түн жамына жолдо калбоо үчүн бир азга да жайлабастан, ашууну ашып, бир күнү кечке жүрүп олтурушту. Ошентип Жаабарс жана анын ургаачысы күн бата электе көксөгөн жерине жарыкта жетүүгө үлгүрүштү. Ал ошого татыктуу жер эле! Ал күнү табигый сезимдин чакырыгы менен келгендерге табият бардык жактан ийгилик ыроолоду. Жолдон күйүккөн жырткычтар демдерин басышып, түнөк издей башташканда алыс эмес жерде оттоп жүрүшкөн, жаңы эле көк майсаңга оттоо, суу ичүү үчүн ашууну ашып өтүшкөн он чакты тоо эликтерин көрүштү. Ача туяктуулар үчүн кыйынчылык менен басып өткөн жолдун аягы кырсык менен аяктады, ал эми жырткычтар үчүн олжолуу болду. Илбирстер дароо кол салууга өтүштү. Олжону кууп жетүү оор болгон жок, ашуудан кийин эликтер абдан чарчап калышкан. Алардын бирөөнү илбирстер чуркап бара жаткан жеринен жыгышты, калгандары качып кетти. Түнөөр алдында даамдуу жаш этке жайбаракат курсактарын кампайтып алышканы ырас болду. Асманда жылдыздар да муну билген кыязда - тоолордун үстүндө алардын төбөсүнөн бейпил жана мээримдүү жалтылдап, жарык чачып турушту.
Эртең менен ачык асманда күн жаркырап тийди, мелтиреген улуу тоо кыркалары менен чокулары улам барган сайын өңүнө чыга даана көрүнүп, жандана түштү.
Жаабарс түгөйү экөө ойгонушту да, бир чети адатынча олжо көрүнүп калабы дегенсип эки жагын карана, бир чети бийик тоонун абасынан ырахаттана дем алышып, эч кимдин буту баса элек жашыл тулаң менен бадалдарды аралай сейилдеп жүрүштү. Ал эми түшкө жакын, күн төбөдөн тийген маалда илбирстер алгач желип-жортуп, секиришип, андан соң көпкө чуркашты. Күндүн кубаты аларга айтып бүткүс сулуулук жана күч берип, тоо кабыландарын шыктандырып, алдыга карай сүрөгөндөй туюлду, анткени алар дал ушул учурда өздөрүнүн бир бүтүн экенин түшүнүштү. Бул алардын төп келишүү салтанаты болгон.
Алар ийиндеше, эч тоскоолдуксуз чуркап баратышты, ошол учурда алар үчүн бул дүйнөдө күн менен тоолордон башка эч ким, эч нерсе жок эле. Алдынан чыкса дагы аларга эч кандай олжонун кереги жок болчу. Жүгүрүп бара жаткан калыбында күндөн кубат алышып, жарыгы менен жылуулугуна балкый, жашоо ырахатынын туу чокусуна чыга, күчкө толуп баратышты. Ушундай болгон...
Жер шары Аалам селкинчегинде термелип, түбөлүктүүлүк жер бетиндеги бардык жандуунун баарын көзгө көрүнбөс кучагына алды. Жарык нурга бөлөнгөн тоо кыркалары менен өрөөндөрдүн арасында Жаабарс ургаачы түгөйү экөө сызып баратышты, күн болсо аларды тээ бийиктен алдейлеп, өзүнө чакыра, асмандагы канаттууларга арбап жатты, анткени ошол убакта алар жырткыч айбандар тукумунун жупташа чуркап бараткан периштелери кейиптенди... Кээде жырткычтар да периште боло алат. Ушундай болгон...
Аңгыча жайдын бейпил күндөрү аяктады, асман алдындагы жайлоонун убагы аягына чыгып, ал аймактагы дүйнөнүн кескин карама-каршы жагы - күтүүсүздөн тике чокулардан тоо боорлорун бойлой заматта күч алган ызгаары жана муунткан куюндары менен бороон башталды, асман ачылбай боз түштү. Ошондо илбирстер артка карай жол тартышты - качып кетүүгө араң үлгүрүштү. Башка жаныбарлар ошол бойдон кар мөңгүлөрдүн астында кала беришти, канаттуулар асмандан көздөрү көр боло, таштай катып ылдый кулашты. Ушундай болгон...
Мына ошол жакка, көк мелжиген тоого, ал жактагы сыйкырлуу күндүн алдына баруу - бул мертебе өзү жалгыз - жана өзүнүн акыркы күнүн көрүп, түбөлүккө көздөн кайым болуу үчүн Жаабарстын жасаган аракетинен майнап чыкпай жатты. Ошол жактан гана, башкача эмес ушинтип гана, бул жээринди жырткыч өз өмүр жолун аяктагысы келди.
Бирок жол жок. Ал аша албас ашуудагы жол бекем жабык. Жаабарс ыркырап, улуп, тик аскага энтиге тырмышып чыгып, ылдый кулап жана кайрадан титиреген буттарына туруп жатты...
Эмне үчүн тагдыр бул тоо илбирсине ушул арзыбаган нерсени ыраа көрбөдү? Анын көксөгөнү, бар болгону - ашуудан ашып, анын ары жагында жок болуу, түбөлүккө калуу эмес беле... Тагдырдын мындай кыянаттыгына өзгөчө бир себеп бар беле? Ал ага так ушул жерден, Үзөңгүлөш тоо кыркаларынын этегинде керек болдубу? Тагдырдын оюнда эмнелер бар эле?
УЛАНДЫСЫ БАР.. .

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев