Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
52-53-БӨЛҮМ
Оштун бери жагындагы «Асан чек» деген жайда тууган көп, баары эле билет.
— Маргаландачы? Кокондочу?
Карасакал оозун жарым ачып, эмне дешин билбей акактап токтоло калды.
Ушундан соң майор Ионов:
— Кадырлуу Карасакал, — деди, — өзүңүз ойлонуп көрүңүзчү, эч ким билбеген сиз
менен шартнамага кантип беш бармакты басыша алабыз? Кадыры болобу ал
шартнаманын? Эл баш коймок түгүл, мазак кылбайбы биздин ал шартнамабызды, ыя?
Тилмеч которду. Карасакал оозуна кан келе түшкөндөй тамшанып, нес болуп отуруп
калды. Тилмеч эрдин тымпыя кымтып, мисирейип тиш ачпайт, ал «өй, бирдеме
дебейсиңби, эми эле үй артында бир кочуш алтын бердим эле го» десең да мизбакпай
турган, не танып, не «жалаа» деп, кайра айыпка жыктырыштан кайтар эмес. Карасакал
бөркүн башына кийгенди унутуп, ошол соксойгон бойдон эшикке сүйрөлүп араң чыгып
кетти.
Бу арканын кадырлуу баласы мырза Шабдандын кадырын ак байрак кылып
көтөрүп, ушунчалык тоо аралап келген орустардын бирдеме жөнүн сүйлөшмөк максаты
барлыгын сезди Курманжан.
Орусча, аскер төрөсүнүн кийимин кийген «тууган» улам эсине келет. Шабдан —
мырза, сыпаа, сылык, кылайган кара мурутунан жымыйып, көзү күлүңдөп, дили тазабы,
не кебинен беймаани, не жүзүнөн бейадеп бирдеме кетирбейт. Орус төрөнүн алдында
бүжүрөгөнү билинбейт, өз кадыры, өз салабаты өзүндө, пас тартпайт. «Ким бу?..—дейт
датка өзүнчө, түкшүмөл. —Эл башында каран күн түшкөн убакта арга издеп, жер кезген
азаматпы? Же...».
Көп эле каадалуу кишилерди көргөн өз заманында датка айым. Кай бири өздү да,
жатты да ылгабай алдап, жорголоп кете берчү ыймансыз шум, кай бири ак көңүлү
байманасы, кылычына гана таянган күүлдөгөн көзү жок көгөн эрлер болгон. «А бу
ким?..» деп ой толгоду керээт айым.
...Те илгерки жымыраган бир тынч күндөрдүн биринде сарыбагыштын тынайынын
бийи Жантай үчүкесинин «каранын каны» атанган Ормонунун акылгөйү Калыгул бийди
мейманга чакырган имиш. О кезде мейманчылык айлап созулчу экен. Те байыркыдан
ошол күнгө чейинки болуп өткөн, мындан нары болор окуяларга дейре ой алмашуу,
пикирлешүү — ой толтуруу, адамзаада катары сөөлөт, салабат арттыруу сыяктуу болгон
делинет. Жылдап сөз араң жеткен бир жагы арап, түрк, бир жагы иран, кытай, бир жагы
үч тайпа орус тараптарында не окуя, не көйкөй болуп жатканына баам салышып,
өзүлөрүнчө болжоп, ой тегеретишчү экен го. Жантай бий акылгөй агасы экөвү көп күнү,
көп түнү өзүлөрү жалгыз, сөз кадырын билбеген алабармандан жан жолотпой,
өзүлөрүнчө ширин аңгеме дүкөн курушкан дейт.
Бир күнү Калыгул бий тиги эрте менен эрте, түштө, кечте дайыма от жагып, дааратка
суу жылытып, колго суу куюп, а сөз башталганда каралай көзү жалдырап сөз тыңшап,
дайыма от боюнда отурган баланы кунт коюп тиктеп калат:
— Бий, ушу бала кимдин баласы? — деп сурайт.
Жантай бий элтейип, бирпас токтоло калган дейт.
«Неге сурап калды?..» деп чоочулап, «жаман болжол айтып коёбу» деп, жүрөгү
калтылдайт экен:
— Оулия, бу... менин көкүрөк күчүгүм эле, оулия...
Калыгул башын ийкеп, балага жүзү жылымдап отуруп:
— А болсун, болсун... —дептир дейт. — Сиз экөбүз, бий, сарыбагыштын ичинде «эл
башкардык, көк болдук, элдин жүгүн көтөргөн бук этпеген лөк болдук» деп жүргөн
экенбиз. Бу бала маңдайы жарык, кайда чыкса жолу ачык, пейили кенен, колу ачык...
бу баланын акыл сөзү жалпы кыргызга өтөт ко, атагы орус менен кытайдын чек арасына
кетет ко...
— А-ай, айланайын оулия...—деп, Жантай бий сүйүнгөнү бир жагынан, «көзү тийип
кетпегей эле» деген коркунучу бир жагынан, каргылданып ыйлап жиберген экен. —
Жүрөт да бир көөдөк, жүрөт да бир чүрпө, айланайын оулия...
Ошол күндөн кепке үйүр Шабданга Калыгул оулиянын назары түшкөн деген сөз
жалпы кыргыз кыпчак элине тараган, ушул отуз алты жаш курагында «Атантай
жоомарт» атыккан адам мезгилдин өтө чалкеш учурунда, мына, Курманжан даткага
бетме-бет келип отурат.
Пикирлешүү ортого тигилген жасалгалуу өргөөдө болду.
— Эң авалы, — деп, сүзүлгөн көзүн өйдө кылбай, акырын баштады Курманжан, —
өзүбүзчө болуп, сүйлөшөр сөздүн теги-жайын тууганча билишип алсакпы деп,
жаныбызга ашыкча «кулак» албай отурабыз.
Шабдан дайымкы жадырап турган өңүндө:
— Ырас болгон, апай, ырас болгон. Кеп тарайт эмеспи, ар ким ар кепти өз алынча
аңдайт эмеспи, ошон үчүн биз дагы орус төрөнү кошо алган жокпуз, апай.
Бир тиктеп, кайра саргыл жашыл көөхар көзүн жылт эттире ылдый кыла, башын
акырын ийкеп, «куп жакшы» дегенин сездирип, андан соң сөз күтүп, мелтиреп калды
Курманжан.
Шабдан:
— Болор кептин тегин сезип отурасыз, эстүү жансыз, — деди асте, — бу орус деген
ат түгүндөй көп экен, а биз аттын кашкасындай биртке элбиз...
Кылт-кылт баш ийкеп, «билебиз» дегенди туйдуруп койду Курманжан.
Шабдан:
— Ырас, булар басып кирбесе биз өзүбүз менен өзүбүз боло бермекпиз. Көрдүк,
чабышып эми не кыла алабыз, качып кайда барабыз?! Карап берип тынбасак болбойт
окшойт, апай...
Курманжан жүз багып, кейигендей, ноюгандай, ички касыретинен көзү коюла
майышып отуруп:
— Ыя, арты кандай болор экен «карап берип тынгандын?» — деди акырын демин
алып, өзү суроо бере, жооп айтты акырын. —Жаман да болсо, өзүбүздүкү эле го,
чиркин?! Ордо бузулуп, мамлекет жоюлбайбы? Эл катары, башка элге тең катары
кадыр-баркыбыз кошо кетип калбайбы?..
Таң калгансып, өзү да бул ойдон алыс эместей мелтиреп калды Шабдан.
Курманжан:
— «Тыңда менин кебими — таап алат эбиңи, талап алат элиңи, тартып алат
жериңи...» деген, оулия аваңардын оулия кебине кулак туткан эмес экенсиңер го, түзү
ийги иним?!
Кашын көтөрүп тиктеп калды Шабдан:
— Эми, апай, нары айтабыз, бери айтабыз, баары келип аздын иши аз экен го,
көптүн акысы көп экен го?! Кантебиз, бир замандагы толгон журт ушул азыр
кедерибизге кеткен, ынтымак ыдырап бүткөн чагыбыз экен...
Жүйөлүү сөз.
Шабдан:
— Эми, апай, — деп, кайра кеп улады, — дагы бизди көкө теңир өзү жалгап турабы,
орус узун чылбыр, кең тушоо экен, тыякта өз оюбузга коюп, ич ара туугандын чыры
тыйылып...
Муңканып жиберди Курманжан:
— Узун чылбыр азоону үйрөткөнчө узун болот, а азоо үйрөтүлгөн соң оозтуруктуу
жүгөн салынат, оор токум жаба токулат, ал анан эркин азоо ал токумдан өлүп гана
кутулат!
Тетик Шабдан буга жооп таба албайт:
— А болуптур, не аргабыз, не алыбыз бар?!
Жетик Курманжан буга жооп айта албайт:
— О, жараткан! Эр азамат эл четинде, жоо бетинде өлчү эле го?! Азыркы «азамат»
дегенибиз жесирин душманына басып бере турган болгонбу?!
Шабдан:
— «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген да акыл бар го, апай. Буга эмне
дейбиз?!
Курманжан жүзүн үйрүп, ордунан акырын туруп, тышка карай жөнөдү.
Шабдан:
— Будан башка не арга бар жетимге?! Эптеп эрезеге жетип албайбы?! Көкүрөк
көтөрүп албайбы?! — деп, кейий күңкүлдөп калды. — А артын берсе берешен теңир
бербейби, акыры өлбөй аман калып жетилген жетим тагдырынан көрбөйбү, апай ай?!
Майор Ионов эт жей бергенден жадаган, аны ичине албай өзүлөрүнчө сүйлөшүп
жаткан эки «туземчи» жактан шыбыш угулбайт, ишенген «войсковая старшина» күнүгө
беш жолу намазга туруп кудайына сыйынат да тымпыят, демек бир жаңсыл пикир али
булардын өзүлөрүндө жок — ушундан улам да ичкүптү болуп, көңүлү чөгө баштаган.
Муну сезип, тилмеч баштыкка салып ала жүргөн арагынан ортого коюп, куюп:
— Кана, айкөл төрөм, улуу Россиянын иши илгери боло бериш үчүн...—деп сунуш
кылды, улуу Россиянын иши үчүн ким кылчактайт, кагып жиберишип, артынан эттен
жытап коюшту.
Майор Ионов:
— Сыягы, бу кемпир да согуш жарыялаганы жатабы дейм бизге?!
Тилмеч улуган бөрүдөй өйдө тиктеп күлгөн болуп койду. Бу жоопко майор да
ыраазы, жымыйып койду өзүнчө.
Майор Ионов:
— Баягы кара немең кайда?
— Жүрөт да, жер жутмак беле аны?!
— Ким деген киши экен деги өзү?
— «Жаны жок» имиш, жерлештери айтышты го. Бу сөздүн маанисин
орусчалаштыра келсек «бездушный», «безсовестный» деген болуп чыгат.
Таң калды майор Ионов:
— Ушундай да ат коюша береби булар?
Тилмеч:
— Өз аты эмес сыяктуу, бу дагы анын жүрүм- турумуна жараша аталган кошумча ат
ко дейм.
Ойлонуп калды майор Ионов. Келерин келип, а бирок бир жолу да келген максатын
айта албаса алиге чейин?! Жөнөткөн зарделүү генерал эмне дейт?! А зарделүү генерал
бу жерге падышасы катары укук алган улук урматтуу губернатордун алдында эмне деп
жооп берет?! Ушул ойлор жүрөгүн өйкөгөн. А «кара немени» эстеп калганы «6у кемпир
кепке келбесе да, башка бир тектүү, таасирлүү кишилери менен сүйлөшүп келдик
дегенге себеп боло алабы» деген аргасыздын күйүккөнү эле.
Майор Ионов башын чайкап койду:
— Өзүлөрүнүн ичинде ушунча жаман ат алып жүргөн неме менен байланыш кылуу
шайтандын куйругун кармоо болот ко...
Тилмеч:
— Бирок, бир жакшы жери, бул кемпирин баары эле жакшы көрө бербегени
билинди. Мына, жанагы «жаны жок» жалгыз дейсизби, тең тайлашар бир жааттан бу
сөзсүз. Бүгүн болбосо эртең, бул жылы болбосо келерки жылы, иши кылып, бир күнү
мындайлардын кереги тийип калышы мүмкүн бизге...
Те баягы Мусулманкул миңбашы жоюлгандан кийинки жылдардын биринде орус
аскери Ак-Мечитти басып алса ордонун шумдары келе жаткан белээни ошол келе
жаткан алдынан тосуш ордуна аны ордо ичиндеги өз ара тымызын кылта кыйышкан
жосунуна пайдаланышып, каланын беги Жакып-бектин өзүн «кайран сепилди оруска
сатып жиберген» кылып, хан көзүнө көрсөтүшкөн. Куралы начарлыгынан,
айланасындагы элинин биримдиги жоктугунан жеңилген бек хандын каарынан
буйгалап, өзүнүн өлүмдөн качкан биртке кишилери менен тоо жымынып келип,
Курманжандын айылына туш болгон.
Жакшылап мейманчылап, тыныктырып, өзү алты шаар Кашкар багытынын ошол
кездеги акыбалын аңдап турган керээт айым кытай акимдеринин ар шаарга аз- аздан
койгон аскер туруктарынан башка эчтемеси жок, түзүгүрөк кысым болгудай болсо
туруштук кыларга чамасы чак экенин айтып, качкын бек ошол жактан бактысын издеп
көрсө, бир кудай өзү жолун ачса, бир үзүрү болуп калышы ыктымалдыгын акырын
кулагына салган дейт. Камылгасын кылдырып, акырында өзүнө караштуу Акимбай
дегенди кыйла кошун менен кошуп бериптир. Кандай качкын сүйүнбөйт?! Жакыпбек
көзүнө жаш алып, керээт айымдын колуна тооп
кылып, бул марттыкты эки дүйнөдө унутпастыгына оозуна каргыш алган экен.
Ушул окуяны ойлонуп отурду Курманжан.
Көп узакпай Акимбай, Сыдыкбек, Жакып-бек диний ураан көтөрүшүп Жаангир кожо
деген бирөөнү туу кылып, кужум башташып, ар шаардагы азаздан коюлган кытай
кошундары бөөдө кан төкпөй, урушсуз эле түндө-кечте кетип калып, алты шаар
«бошотулган». «Гази» атанып сүйүнгөн кожо Меккеге ажыга кеткенинен келбей калат
да, баягы качкын Жакып-бек бүткүл алты шаарда эч ким менен бийлик бөлүшпөгөн
жеке өкүмдары болуп, кийинчерек эл оозунда «Бадөөлөт» атыгып багы ачылган.
Мына, бир убактагы качкын пенденин бүжүрөгөн кейпи, азыркы жыгалы таажы
кийген бадөөлөттүн сөөлөтү өз абалы тарып отурган Курманжан датканын көз алдынан
улам бири өчкөндөй, бири жангандай, улам алмашылып, кайталанып өтүп тургансыды.
«О, кудайдын кудурети ай...» деди купуя.
Ал «бадөөлөт» дегидей дөөлөтман, тиги осмонлылар менен, Индстанга кирген
англистер менен алака түзүп алган, Дүйнөлүк Лига билет аны. Кедерине кеткен бу
Түркстан, мына, канавайран чабылган, башынан багын алдырган.
Курманжандын өз алдынан үч чыйыр көрүнгөнсүйт, бири — ошол качкын
бектердин изи менен кетиш, бадөөлөт тагдыр алдынан чыкпаса да, кара башты
калкалаш; бири — Бадөөлөт менен кабарлашып, жакшылыкка жакшылык,
биргелешиш, андан нары өзү илгертен бу жактын таберигинен тартуу жиберип биртке
байланыш кылып келе жаткан улук кытай каникеси Сысы жактан көмөк сураныш; бири
— баскынчынын амирлигине кырың дебей куллук кылыш.
«Э-э, кара баш кайда болсо бешенесине жазылган күнүн көрөр...» деп, ой токтотту
Курманжан. Бир киши эмес, бүткүл элдин тагдыры кыл таразага түшүп турган мындай
убакта кара башын калкалап кетиш ага жарашабы?!
Бадөөлөт көргөн жакшылыгын унута электир, мусулман баласы, биргелешип кошун
жыйнашы мүмкүн. Суранса Сысы «эжекеси» жер жайнаган көп кытайдан «көмөк» деп,
эсепсиз кол жөнөтүшү ыктымал. Ылдый тиктеген бойдон мелтирей калды Курманжан.
«...эки нар жөөлөшсө ортодо кара чымын кырылат...» деди ою.
Кызылдай кыргын майданы болуп жер тепселип, эрегишкен эки дөөдөн ким
арачалайт, эл таламайга кириптер болуп... кимиси жеңерин ким билет, кимиси каларын
ким билет, ар биринин көздөгөн өз мудаты жок эмес, андан калса, кимиси качан
күйүшөр тууган болгон эле булардын?! «Экөө кылып алабыз го бир балээни...» деп,
өзүнө өзү каяша кылды Курманжан.
Көңүл чөкпөй коймокпу?! Кабагы үйрүлүп, тизесин таяна ыкшалып ордунан турду
Курманжан:
— Ким бар?..—деди акырын. Тыштан кийимчи зайып кирип, «датка эжесинин»
жүзүнө суроолуу тиктеп, колун ушаламыш эте сөз күтүп калды. Оң тараптагы жапсар
жакка кол учун акырын жаңсады. Ал жапсарда кошун алдына чыкканда, бир жакка
жолго аттанганда кийер кийими турат.
Кийимчи зайып леп этип, «датка эжесине» сулуу аялдын терисиндей жупжумшак
ийленип өңдөлгөн ак саргылт чалбар, көкүрөгү чопкуттуу ошондой эле камзол, аягына
саймалуу, өкчөсү бийик зайыпана өтүк кийиндирип, белине көүхарланып кооздолгон
кыңырык кылычы салаңдап жүргөн энсиз күмүш кур курчантты. Кызыл макмал
кептакыянын үстүнөн жука көрк үчүн жасалган зайыпана туулга, анын үстүнөн мурда
кийерге даяр коюлган ак элечек кийгизди, эки өрүм али ак чала элек чачын чачбакка
ороп койду.
Эжеси бир да жолу сыланып, каранып койгон жок. Эшилген кум санаа эс
көтөртпөйт, улам басат, түгөнбөйт, түгөнөр түбү көрүнбөйт. Кыжалатына кыжалат
кошулат.
Бирөө менен жаман-жакшы кеп сүйлөшүп отурган учурунда да эсинде Абдылла бек,
андан эч алаксый албайт. Күндө эрте менен, күндө кечинде жолун карайт, «сорок
этип», «жарк этип» көрүнө калабы деп самайт, аны бул үзүлбөгөн үмүттөн чырм эткен
кыска уйку гана бөлөт.
Ушу кийим кийген биртке убакта да көз алдында Абдылла бек. Күндө эки маал
сураган сөзү, өз үнү өзүнө угулуп турду.
«...Тыштан кабар жокпу?...» дейт өз үнү. «Тыш» дегени «Абдылла бек жактан»
дегени! «Жок али...» деген жооп алат. «Жүрөк негедир опкоолжуйт...» дейт өзү. «Кудай
сактасын, бир кудай өзү даргөйүндө сактасын...» деген жооп болот.
Түндүктөн мөлтүрөп көрүнгөн көктү тиктеп, акырын үшкүрүп алды Курманжан.
Кийимчи болобу, канике болобу эненин «балам ай» деген күйүмү бирөө гана экен го?!
Ашыгы, кеми болбойт турбайбы?! Туну эле Абдылла бек, журтка төбөсү көрүнүп да
калган эле, айласы кетсе акыл салары, айттырбай тилин алары, байкатпай кадырын
билери эле. Ушул баш жарган ойго басынып турган чагында таянычы болот эле го?! «Не
күндү көрүп, кимдин көзүн карап, кайларда каңгып жүрөт болду экен ай?..» деди
Курманжан, эне жүрөгү бирөөнүн куу чеңгели мыжыккандай эзилди, жүрөк каны куу
чеңгелден сыгылып тамчылагандай болду.
Не элден азган бала кайгысы, не бейкүнөө кырылган эл кайгысы, өз көңүлүнөн, өз
дилинен көбүргөн арман өз кулагына кыл кыяктын өксөгөн, муңканган күвү болуп угула
баштады. Бирде жел канатындай серпиле күчөй, бирде сыздап, кандайдыр бир
ымыртка, туңгуюкка сөнө...
Кийимчи зайып тегерене карап, кийимдин биртке да болсо бырышын жазып, сылап
сыйпап, жуккан бирдемелерин чымчып алып, эжекесинин ушул алтымыш төрт жаш
курагындагы али карылыкка моюн суна элек толукшуган келбетине кубанып, тегерене
басып жүрөт. Бели али кымча, чопкут көтөргөн көкүрөк али толо. Жеңсиз, эки ийинден
ашырылып көкүрөккө бүчүлөмө «жабынчы» деп аталган кырмызы макмал жамынтып,
керегеде илинип турган элик сап камчыны леп алып, колуна берди.
Элирген сары бээ, датка дайым минген мал, жайы- кышы колдо, үйүргө кошушпайт,
дайыма ыкчам, шатыраган зарделүү жорго. Тува элек болгон соң «байтал» аты өчө
элек, «гүл сары байтал» деп коюшат, көңүлү түз эл ээсин кошуп «гүл сары минген датка
эне» дейт, а ичи жаман кай бирөө «у-у, куу байтал минген жезкемпир» деп өңгөчүн
тартынат.
Гүл сары байталга токулган ээрдин күмүштөлгөн көк сырлуу башын кармап, аттана
берер болуп, тиги миракыр1 эптей кармай берген үзөңгүгө аяк салбай токтоло калды
Курманжан.
«...күмүш ээр көк кабак,
көркүн көрсөң бир санат...
күлүккө тынчы болбосо
күмүшүн ал да, отко жак —
күйүшөрүн болбосо
күүлдөшкө күчүң чак,
күлө багып жатка жак...»
деди дили, арман ой алда кайда толкуп ташып сапырылып. Ал колтуктан сүйөй
беришке үлгүртпөй леп аттанды, эч кимди кошо жүр дебеди, эки жагын каранбады,
үзөңгү кактырбаган гүл сары байталдын лепилдеген жоргосу менен кетти.
Кайда барат?
Өзү «жүр» дебеген соң эч ким артынан ээрчишке батынбай карап эле кала беришти.
Небереси Мырзапаяс, боз кунанчан, караан улай жүрүп, артынан барганда чоң
энеси кыраңда гүл сары байталдан түшпөй колун серелеп, Сопу-Коргон жолун карап,
былк этпей турган экен.
Уландысы бар...
СЫНГАН КЫЛЫЧ
54-БӨЛҮМ
Биерге чоң энеси күндө бир убак келет, күндө ушинтип жол карайт. Не кылгырган
жаш, не уясына ылдыйлап бараткан кечки күндүн кызылы чагылышканы, чоң энесинин
көзү бир түркүн саргылт жашыл көөхар өңдөнүп, жылтырап көрүнөт.
«...алтын ээр ак кабак
аземин айтса бир сабак...
атка тынчы болбосо
алтынын ал да, отко жак —
аяшарың болбосо
айтышарга алың чак,
акырын сүйлөп жатка жак...»
Кыл кыяк бул дүйнөнүн алды кызык арты өкүнч экенин муңканып, өмүрүнүн катаал
мезгилинде калтылдап турган адамдын өз көңүл өзөгүнөн сызылып, өзүн термейт. Эч
качан кейип көрбөгөн, эч качан
каралай көзүнө жаш алып көрбөгөн, жүрөк сескендирген шегин ушул азыр да
«тагдырга чара жок» деп, өз кайратына өзү кептелип, акыл тегеретип карманып турат.
Дагы бек уулунун келеринен түңүлбөй кайтты.
Көбүгү сүттөй, таштан ташка согула сымаптай чачырап, күүлдөп жаткан көк кашка
суунун боюна келишти. Үйдөй боз таштын көмкөрө беришиндеги көк ирим көлмөдө
белгилүү «алайдын алтын балыгы» деген кызыл балыктар жылт-жылт секирип, кайра
сууга чулп-чулп этип түшүп, жем талашып, көл түбүндө бураңдашып, ойноп, жойлоп
жүрүшкөн. Түшүп, гүл сары байталды коё берип, ойногон алтын балыктарды көпкө көз
талыбай карап отурду Курманжан.
Сууун шары күү-шау, күү-шау, жээкке жакын өскөн кызыл табылгы, бир шалайы
сууга тийип калган, тынымсыз булаңдайт. Теребел салкынча, аваны байкалбаган бир
нымдуу буу сергитип тургансыйт.
Көлмөгө ойноо бала Мырзапаяс чүкөдөй таш ыргытып жиберди, таш чалп этип
түшкөндө көлмөнүн бети тегеректене, ойногон балыктар дым болуп калды.
— Кой, кагылайын, — деди чоң энеси акырын күбүрөй, — булар да кудайдын бир
зыянсыз жаныбары, чоочутпа...
Жылт-жулт эте көз кубантып, кош-кош секиришип, кызыл балыктар ойной
башташты кайра.
Бала жалжылдап мойнун созот, а чоң энеси өз санаасы, өз кыжалаты менен өзү
кайрадан бетме- бет.
«...Ыя, атабызды өлтүргөнгө энебизди алып бере туруш абзелби?.. Жетим
жетилеби, өз акысынын теңи боло алабы?.. Же... атасын өлтүргөндү «ата» деп,
запкыдан жүрөгү өлүп, көргөн ит күнүнө көнүп, тегин, ата наркын унутуп, жумшаса
кулу, минсе малы болуп кала береби?..» Өз үйүнө кайрылбай, унчукпай гүл сары
байталдын саал жоошуган кылтылдаган жол жоргосу менен түз эле «коноктор» өргүп
жатышкан айылга бет алды Курманжан, жанында небереси.
Өргөөнүн түрүлүү эшигинен Шабдан ага карай келе жаткан «апайын» көрүп, эшикке
чыгып, гүлө багып тосуп, гүл сары байталды тизгинден алып, «апайын» колтуктан
сүйөгөн болуп, гүл сары байталдан түшүрүп алды.
Майор Ионов, тилмечи тездеп басып келишти. Эки жактан салам айтышып
калышты, саламга асте- асте баш ийкеп, бирөөн да тиктеген жок Курманжан.
Өргөөгө кирип отурушту. Бир түркүн шашкансып келген датканын түрүнө, кийимине
көз түшүп, кабагын карап, бир кооптуу сөз күтүп калышты баары. Түнү бою кирпик
какпаган сыяктуу, көзү киртейип, иреңи герсары тартып, жүдөңкү экен.
Курманжан дагы эле өйдө карабай, кабагын же бүркөбөй, же жазбай, эрини
бозоргон жүдөңкү, суз абалында:
— Төрө, — деди акырын, — мен ыраазымын, төрө, кудай жалгагыр, жанагы кара
сакалчан менен эле сөзүңөрдү бүтөрө бергиле, мен ыраазымын. А деле киши, биздин
көзү өткөн даткабыздын туугандарынан...
«Баягы кара неменин бизге келгенин билип алыптыр, кекетип атат...» деп которду
тилмеч. Көзү чекирейип кетти майор Ионовдун:
— Жерге кирсин ошол кара неме!
Анын актанганын өңүнөн, үнүнөн эле сезип:
— Чын сөзүм, мырза, мен ыраазымын, — деди Шабданга, — бармак басыша турган
башка бирөөнү тапкылачы, кудай жалгагырлар, куткаргылачы мени бул кордуктан,
маскаралыктан... эки ортодо алдастатпай...
«Сүйлөшүүдөн баш тартып атат...» деп которду тилмеч, майор Ионов оозуна сөз
кирбей соксоюп отуруп калды. «Тигиниси эмне дээр экен?..» деди ою.
Акырын:
— Эми, апай, асте кылыңыз, акылга келиңиз, — деди Шабдан, — бул ишке кимдин
кадыры өтөт, ким жарайт акыры?!
Тилмеч күбүрөй баштады эле, Шабдан кол учун шилтеп, аны токтотуп койду.
— Ушу «багындык» деген сөздү айтышкабы?!
Шабдан:
— Ал сөз кимдин оозунан чыкканы эп? Кеп мына ушунда, апай.
— Андай болсо,—деди Курманжан майорго карап, — андай болсо, төрө, ачыгын
айтыш абзел, сиз менен иш бүтпөйт, бизге капа боло көрбөң, көрүп турабыз ниетиңиз
жаман эмес окшойт бизге, бирак сиз бүтүргөн иш калпыс болуп калышы мүмкүн,
себеби ушул ки, сизден чини да, бийлиги да чоң акимдериңиз бар, ал акимдер не
жаратат, не жаратпай коё алат. Бүгүн биз кылган шартнама эртеңки күнү не
жаратылбай, не кем баа болуп калса, орустай журтка эчтеме эмес, а биздин биртке
журттун башына кыйынчылык түшүп калат. Ошон үчүн...
Тилмеч майор Ионовдун ийнине саал эңилип алып, акырын күңкүлдөп
шыпылдатып которуп жатты. Майор Ионовго ыгына жараша убада кыла беришке,
бүтүм бүткөрүшкө кеңири укук берилген болучу. Бул мелтиреген карасур зайыпты же
коркутууга, же алдоого болбой турганын сезип, сөз ыгын күтүп, башын ийкеп, угуп
отурду.
— Ошон үчүн, — деп, сөз улады Курманжан, — бир береке эле сизди быякка
жумшаган Искебүл- пашанын өзү менен сүйлөшсөк, төрө.
Тилмеч которду.
Майор Ионов башка сөзгө өтпөй:
— Мейли, жүйөсү бар, —деди, — сиздин көңүлүңүзгө жараша болсун, урматы улук
датка айым.
Мүнөт жакындап, салтанатка катышчулар коргондун эшиги жакка улам серп
салыша, ошол эле учурда урматы улук генералдын да ичкериден шаңдана чыга
келишин күтүшө көңүлдөрү бөлүштү боло башташты.
А генерал Скобелев эң акыркы ирет бою-башын каранып, сеңселген мурутун
атырлап, «эми чыксам бекен» деген кыязда, али чыга элек. «Токтоо болмок абзел!»
деди генерал өзүнө. Үлбүрөгөн жука пардеден тыш даана байкалып турган.
Те коргон оозунан аңгыча сары бээ минген, ак элечек зайыптын сөөлөтү көрүндү да,
эки жагынан саал арттарак эки атчан киши коштоп, кабагы суз, бет алдын гана
мелтиреп тиктеген боюнча, туштарабынан аваз кылган көпчүлүктүн көз алдында төрдү
көздөй келе берди. Алтын саймалуу кымкап тон кийген, жакасынан эки өңүрүн
тегерете кере карыш кундуз кармалган, зайып затына ылайык ничке күмүштөлгөн
кемер курчанган, белинде кыны ар түркүн асыл таш чөгөрүлүп кооздолгон кичинекей
кыңырагы жүрөт.
Жай, жайкала басып чыга келди генерал да. Тике карашынан, өзгөчө эркин тутунган
сөөлөтүнөн аны «ушул Искебүл паша» деп, жазбай баамдады да, бээ үстүнөн асте
салам айткан кабак көрсөтүп, тизгин жыя калды Курманжан. Генерал бир көз ирмемде
эмне кылуу керектигин болжоп, ошол замат кубана мейман күткөн үй ээси өңдөнүп:
— Келиңиз, келиңиз, аттан түшүңүз, өтүнөбүз, урматтуу датка айым,—деп, атайын
кабак жаркыта тосо кадам басты.
Түшүүгө эптенбей, түшпөйм да дебей Курманжан бир аз ыңгайсыз абалда токтоло
калды да, ошол бээ үстүндө турган бойдон эле белиндеги кооз кындуу кыңырыкты чече
баштады.
Бул эмне каадасы?! Таң болгондой элтейип тиктеп калды генерал.
Көк ноотунун үстүндө мурдатан даярдалып коюлган шартнаманын болжол тексти,
жана да кол коюлуп бүткөн соң сыяпат үчүн ооз тийилет деген биртке мөмө салынып,
ак күмүш табак турган.
Бир аз аралашып, адат баамдай калган майор Ионов мөмөсүн көмкөрө төгө коюп,
күмүш табакты кош колдоп, Курманжандын алдына тосо берди. Бирок, Курманжан
кыңырагын табакка салмакчы боло өйдө кармаган бойдон генерал Скобелевди
мелтиреп тиктеп, токтоло калды.
— Урматы улугум, муну сиз өзүңүз кабыл алууңузду каалап турат окшойт... —деди
тилмеч генералга акырын.
Күмүш табакты генерал колуна алары замат Курманжан кыңырагын күмүш табакка
секин койду да, чач учтугунан бир байлоо ачкычтарды алып, күмүш табакка шылдырт
дедире акырын таштады:
— Тилмеч мырза, айтың, ыкыбалдуу төрөгө, — деди үнү басмырт, — не абалда
болгонубуз менен, биз өлкө эгеси, үй энеси эмеспизби, айтың, биз өз үйүбүздө тосуп
алгандай бололу. Көп алыс эмес, мына бу Мады кыштагында, ошол жерде өз төрүбүздө
жай көңүл менен бүтсүн калган сөз.
Кеп маанисин тилмечтен угуп, ойлоно калды гене- рал Скобелев. «Ну, бу кандайча
каадасы? Же кол коюудан эптеп кетенчиктеп жатканыбы?» деген түкшүмөл шек кылт
деди оюна.
«..өз төрүбүздө жай көңүл менен бүтсүн калган сөз...» Жүйөгө муюду генерал:
— Мейли, урматтуу датка айым, сиз айткандай болсун, — деди шар, сеңселген
азем муруту былк эте жымыйып.
Тилмеч которду.
Курманжан ыраазылык билдире саал таазим кылды да, үнсүз баш ийкеп коштошуп,
гүл сары бээнин тизгинин кайра тартты. Эч калдастоосуз, жанагы келген сынында
жайма-жай, коштогон кишилери менен кайра коргондун чоң дарбазасынан чыгып
кетти.
Бу эмне деген табышмагы? Стол үстүндөгү күмүш табакка салынган датка айымдын
буюмдарына кызыга үйрүлө калышты офицерлер.
— Бу, —деп чечмеледи майор Ионов, — кичинекей кыңырак — куралды
таштаганы, а ачкычтар, туптуура жетөө экен, Кокония өлкөсүнүн эң акыркы жети
шаарынын ачкычтарын тапшырганы. Өзгөн, Ош, Анжиян, Маргалан, Кокон, Наманген,
Кожон!
«О-о..!». «Ушундайбы?!». Баары дуулдашып калышты.
Ориенталист:
— Бул жакта мындай жосун эзелтен, бирөө бирөөгө киши аркалуу же сөз
айттырып, же бирдеме суратып калса, топусунбу, камчысынбы, иши кылып өзүнүн бир
урунган буюмун көрсөтүп коюуга кошо берип жиберишкен. Ырас, ар бир буюмдун
мааниси бар, топу болсо — сураныч, камчы болсо — буйрук. Демек, ишендирген кат
менен барабар болгон.
Ичи чыкпай калган генерал Скобелев суз:
— А европалыктарга бу ачкычтарды шылдыратып көрсөтсөк «багынтышкан экен»
деп ишенишеби?
Ориенталист:
— Жо, албетте, европалыктар жалган да болсо кагазга жазылганды «документ»
кылып калган го.
Генерал тултуя терс бурулуп, сүрөтчү илеше басты:
— Көрдүңүзбү, келбети эле бир баа, анык каныкелик сезилет, ыя, Михал Дмитрич?
Не деген төп келишкен сөөлөт?! Мына, каниги сулуулук, анык көрк мезгилди тебелеп
өтүп келе берет деген ушу!
Генерал унчукпай укту. Бу көңүл деми ташкындап турган адамдын шарданына
теңдеше алмакпы?! Минтип күкүрт чаккандай тутанып кетүү, өз ой чабытында
калкылдап учуу көркөм өнөрдүн өзү өңдүү дуваналарына гана мүнөз. А генерал
азирети императордун ыйык эркин орундатып жүргөн катаал солдат, бар болгону.
Мындан кантип согушуу керектигин сурай бер!
— Да! — деди генерал сеңселген мурутун маашырлана сыланып. — Теги көрүнүп
турат, аристократизм, албетте. Туураны туура дейлик.
«Да, — деди генерал өзүнчө купуя, — аристократизм тубаса, ак кайыптан десе
болот, адам сөөлөтүнүн, адам рухунун бийик чеги, демекчи кудай өзү берерине
түбүнөн канына кошуп берген өзгөчө дөөлөт...»
Жөнү жок жупулана бергенди генерал жактырбайт. Өз тукумун те XVIII кылымда
орус өкүмдарларына кызмат кылган, сержант туруп накта азаматтар сыйланчу орденге
жеткен Никита Скобелевден сүрүп, ошон үчүн өзүнүн бу жарыктык дүйнөдө өзгөчө бир
вазийфасы, оруну барлыгына астейдил ишенип, ачык эле мактанып жүргөн адам.
— Михал Дмитрич,—деп, оюн бузду сүрөтчү,— айланаңда не асыл көрктөр бар
экенин баамдабай, баамдоого аракет да кылбай өмүр өткөрө берүүгө болобу деги?
Таң болгондой бир тиктеп койду генерал. «Болот, чырагым» дейби?! Орунсуз, тиги
тартыша баштайт.
— Пай-пай... —деди сүрөтчү өз ой толкунунан али ажырабай, — байкайсызбы,
жараткан көп убакта ажайыптарды өзү көз кубантыш үчүн жаратып алабы дейм?
Генералдын кыртышы сүйбөй:
— Бу эмне үчүн эле жараткан «ажайыптарын» так ушул жерлерге «жаратып» отурат
экен?! — деп, ушул жагына ичи тарыгансыды.
Аны сайын кызып кетти сүрөтчү:
— Сиздин ичкүптүңүздүн себебин түшүнүп турам. Сиз бул жерликтерди
цивилизациядан адашып калган эки аяктуу жапайы, варвар, а түгүл канибал деп
ойлойсуз. Түз айтканымды кечирип коюңуз, Михал Дмитрич. Кантсе да, бул жерлерде
да этникалык жагынан өңү, сымбаты кынтыксыз адам тиби бар экени шексиз. А кокус
ушул эле аялда Тамерландын руху жүрбөсүн? Же байыркы канике энеси Тамиристин?
Биртке жумшаргансып калды генерал. Рух өтүшсө, ага князь Святославдан келиши
мүмкүн — ушул көңүлүнө келди.
— Кызык, —деди генерал, —Сиз, Василь Василич, чын эле ушул азыр да бизде
байыркы улуу аталарыбыздын руху жүрөт деп эсептейсизби?
Күйө быша, генералдын алдын тосо кала, колун серелеп сүйлөп, ишендирмекчи
болду сүрөтчү:
— Ишенип коюңуз, руху гана эмес өңү, келбети, жүрүмү, а түгүл үнү көчүрүлүп
калышы мүмкүн. Сиз жанагы бизге чоочун экзотика болуп көрүнгөн айымды жакшылап
байкаган болсоңуз, анын өң түспөлүнүн тегинен, албетте, улам бир мезгил катмарын
сыйрып алып, кичине өзгөрө, бузула түшкөнүн өз-өз ордуна коюп, оңдоп отурса, бир
убакта биздин жалпы энекебиз жаратылыш өзгөчө көркөм жараткан байыркы накта
оригиналы чыга келет. Өзү үч уктаса түшүнө бир кирбеген те бир мезгилдердин шамы
али жанып турбайбы көзүндө!?
Ишенсе генерал өзүнө князь Святославдын руху келип калышына гана ишенет.
— Ну, — деди генерал күлө, — сиз, Василь Василич, идеалистсиз! Согуш
көрүнүштөрүн тартсаңыз дагы...
— Жо, — деп сөз кайрыды сүрөтчү, — чынды «чын» деш керек, мен аралашып
көрбөгөн кезимде согуш дегенди кандайдыр бир шаңдуу парад катары баамдачумун —
ойнолгон музыка, султандары селкилдеген баатырлар, кылкылдаган туу, бир жактан
замбирек күрсүлдөп, бир жактан аргымактар алкынып биртке гана элтеңдеткен кообу
бар эрдемсүү... бир аз набыт болгон кишилери да жок эмес... Көрсө, —деди сүрөтчү
өкүнө, — согуш деген өтө катаал, ырайымсыз нерсе экен. Биле албайм, муну кандай
деп актоого болот деги?
Көп да маани бербей турган, генерал кабагы үйрүлө тиктеп, сүрөтчүгө карата көңүлү
биртке кыра боло түштү. Балким, анын ар тараптан кыйын адам экенин сезгениненби,
генералдын жүрөгүнүн тереңинде тең көрүү, кадырлоо сезими жүрөр эле. Кайраты,
атайы бой салбаган, атайы дардаңдабаган мүнөзү жакчу. Нары да, «Самарканды
коргогондугу үчүн» деген аскерлик Георгий крестин да алган. Же уялганы, же
жупунулугу — ал крестти башкаларга окшоп, жаркылдатып тагынып жүрбөйт.
«Ыя, ушул биринчи же эң акыркы согушпу?! Же согуш кансыз, кыйроосуз
болмокпу?! — деп ой толгоду генерал Скобелев. — Энекебиз Россиянын тарыхый
миссиясын аткарып жүргөн баатыр адамды айыптап, үйдөн тышка чыгып көрбөгөн
бооркерлер «куралсыз байкуш жергилик элдин абалын таң кылып жатат» деп чуу
көтөрүшкөнүн кантесиң?! Кайда, кимдин гана канын төкпөсүн империясын кеңиткен,
жашоо өрүшүн жайылткан баатырын Россия илгертен баалап келген, бүгүн да, эртең да
баалайт, унутпайт».
А сүрөтчү өзүнүн көйүндө:
— Сүрөтүн тартсам болмок!
— Ким жолтоо кылат? Уктуңуз го, сиз «Тамерландын руху келип алган» деген
кекирейген кемпир үйүнө чакырып жатпайбы?!
Кыштактан обочо кыртыштуу мейкинге кырка тарта кырк өргөө көтөрткөн экен. Те
кыйла жерден ортодогу он эки канат чоң өргөөнүн эшигине дейре калы килем
төшөлгөн. Жалаң иргелгени болуу керек, айттагыдай аруу кийинишкен ак калпакчан
кишилер килемдин эки тарабына кырка турушуп, таазим кыла улук меймандарды тосуп
алышты. Генерал Скобелевдин атын эки жактан сагакташып, сакалдары жайкала
белдерине түшкөн эки кары адам өзгөчө сый-урматтын белгиси кылышып, калы
килемдин үстүнө жетелеп бастырышты.
Улук деп генералды өзгөчө жылуу жүз, урмат көрсөтүп, бул элге таан сыйчыл адат
менен дасторкон үстүн дүйүм даамга толтуруп, ашкере зыяпаттап күттү Курманжан.
Дасторкон үзүрү убагында эле ынтымак жагына ыктатыла эки жактан тең баштала
берди сөз.
Бул эл акылсыздыктан эмес, өзү кураган өз ордосу тынчсыз, жайсыз болгону үчүн,
өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын,
а бирок ак пашанын акимдери жапаа көргөн элге эмес, кайра ошол бапасыз ордого
жан тартканынан орус аскери менен көтөрүлгөн журт ортосундагы кагылыштар аргасыз
болуп өткөнүн эске салды датка айым. Муну генерал окуянын өнүгүш шартынан,
алардын ордо эгеси менен анын букараларынын ортосундагы абалды жеткилең
билбөөнүн залдарынан болуп кеткенин өзү тарабынан өкүнүч менен баян этти.
Курманжан:
— Биз бир кудайдын бирлигине ишенебиз. Бир кудайдын ар түркүн тайпа калк
ичинде ар түркүн аты бар, маани ушул ки — ким кайсы атын айтып сыйынса
баарыныкы бипбирдей дейбиз; бир кудайдын түркүн пайгамбарлары калк үчүн түркүн
жашоо турмуш ирежесин көрсөтүшкөн эмеспи, маани ушул ки — бир кудайдын кайсы
пайгамбарынын ирежесин тутунуш ал бир кудайдын өзү берген эрки деп билебиз.
Ырас, бир адам атанын тукуму болгон соң өңү-түсү, сүйлөгөн тили, тутунган дини,
көнгөн адаты, күткөн малы бөлөктүгүнө карабай түркүн тайпа калк арасында аңдашпай
турган ой-санаа болмокпу, келишпей турган кеп болмокпу, жылышпай турган ич
болмокпу?!
Тилмеч колунан келишинче майдалап маани уламыштап түшүндүрдү генералга. Бу
кудайдын бирлиги жөнүндө чыккан сөздүн себеби бар болучу. Илгери орус
падышалары журт караткан мезгилде Эдил боюндагы түркүн тайпаны күчтөп күргүчтөп,
христиан динине баш бургузган. Өзгөчө Сибирь жакта христиан кечилдери өтө чаап
«язычниктерди» кыштын күнү ыран сууга чөмүлтүшүп, кары дебей жаш дебей тегиз
чокунтушкан кезде өпкөдөн кагынып эл боо түшүп кырылып кеткен. Мындан кабары
болгон аяр Курманжан ушундай капилет мүшкүлдөн сактанып калууга далалат кылып,
алдынала айтканы болучу.
Курманжан:
— Биз келишер шартнаманын эртеңки өтүмдүүлүгүнө орустун өз баласы сиз,
Искебүл-паша, жоопкер кепил болгойсуз, биз сизди гана карманабыз, урматы улугум.
Тилмеч которду. Генерал дин таратуучу беле, ал урушта ырайымсыз, өз
падышасынын түпкү көксөөсүн мындай кеп менен өткөрөрүнө келгенде сылык да,
жүйөчүл да боло алган эптүү саясатчы экен. Ал башын ийкей отуруп:
— Кадырыңыз жам болсун, урматы улук канике айым. Бул сүйлөшүүгө азирети ак
падышабыздын өзүнөн мага кеңири укук, бийлик берилген, — деп тактады. —
Ишендирип коёюн, Россия өз кол алдына караган калктарга кам көрөт, албетте, ал
калктар империянын мүдөөсүнө каршыкпай турган болсо. Ушул кез — бүткүл дүйнөдө
абал чалкештенип, жер бөлүштүрүп алып калуу кызыкчылыгы чоң өлкөлөрдү тике
маңдайлаштырып салган кез. Мына, силерге тыяктан англистер көз артып, быяктан
чириген кытай богдыханы беш салаасын сунуп турат. Ырас, ачык айтмак деркер, быякка
келүүдө Россиянын да өз кызыкчылыгы жок эмес, анын бири Россиянын өз
тынччылыгына коркунуч боло турган англис-кытай кадамын тосуу менен түшүндүрүлөт.
Эң биринчи силерге тийер көлөкөсү бул — Россия бытыранды өлкөңөрдүн ички
пайдасыз кымкуутун тыят, тыштан, өзгөчө кытай тараптан тынымсыз боло келген кас
экспансияны биротоло токтотуу вазийфасын өтөйт.
Майдалап которуп, «экспансия» деген сөзгө «жортуул» деп түшүнүк берди тилмеч.
Курманжан:
— Үч жолу калмактар жортуул кылган, ырас, үч жолу жеңилип кайра кетишкен.
Кытай... те Кумулдан нары жатат, ал жактан кийинки миң жыл ичинде жортуулчу келе
элек.
Генерал Скобелев:
— Мындан нары келип калышы мүмкүн.
— Күдай билет,—деди Курманжан, кытайлар үй ордундай жер менен үй-бүлөсүн
баккан эмгеккор, топуктуу эл. Сысы эжекебиз быякка жортуул жибере койбойт ко.
Генерал ойлонуп калды, сөөмөйү менен окумуштуу — ориенталисин накырып алып,
Сысы деген ким экенин акырын сурады. «Кытай өкүмдары, аял киши...» деп шыбырады
ориенталиси. «О-го, — деди өзүнө генерал,—кара муну, кимди пеш кылып
отурганын?!». «...а бирок, эжекесине чуркабай бизге сүйлөшүүгө макул болуп отурганы
неликтен?..» деген ойго кабылды. «Жо, бөөдө үркүтпөй бери тартыш абзел, бери...»
деген ой бекемдеди аны.
Генерал Скобелев:
— Четке чыгып кеткен уулуңуз Абдылла бекти кайра чакырбайсызбы, датка айым?
Биз жоунгердин эрлигин кадырлайбыз, бизге душман болгонуна карабай. Ага деле
биздин пейили кең улук пашабыздын кечирими болуп калышын эсиңизге салам.
Чын эле Абдылла бек жактан чоочулап, «сүйлөшүүнүн» бир түйүнү кылып алдыга
коюп отурушкан Курманжан сезбей коё алган жок, көзүн сүзө муңайып отуруп жообун
айтты:
— Ал бала силерге «душман» эмес эле, ал бар болгону өз үйүн, өз ата журтун, өз
элин коргоого аракет кылган, бар болгону, урматы улугум. Эми жашырыны жок, кой
дегенге болбой «кошун жыйнайм», «көмөк табам» деген кыжалат айдап кеткен. Бирак,
эми ал баштагыдай дүпүрөгөн эли бар бекпи?!. Эми ал элинен да, бийлигинен да
ажыраган бир качкын. Качкынды ким ээрчийт? А ээрчиген кошуну жок, көксөгөн көмөгү
жок болгон соң намыстуу бала кара жанын багыш үчүн, жеңгендердин ыракымына баш
урунуп келгенден көрө, ошол тентигенин абзел көрөт ко дейм. Камтама болбогула,
урматы улугум...
Дагы наркы-берки мудаа, санаа эки жактан астелеп ортого салынган соң
жыйынтыктоого өтмөк болду генерал Скобелев:
— Эми, урматтуу датка айым, ушул пикир алмашуулардын маанисине ылайык үч
түйүндөн турган бир шартнама даярдалыптыр, тилмеч орусча жана силерче окусун,
угалы, макулсузбу?
Баш ийкеди Курманжан.
Тилмеч окуду. «Эски хан ордону жоюу, өлкөнү Россия империясынын кол алдына
өткөрүү, бул элге карамагындагы башка тайпа журттар катары кам көрүү» делинген үч
түйүн жыйынтык кылынган экен.
Курманжан көпкө дейре ылдый тиктеген бойдон отуруп калды. Тигилер да
унчугушпай, бирде оор ойлордун алдында калган аял кишини, бирде бирин бири
тиктешип, оңтойсуз абалда өзүлөрүнчө күбүрөшө да алышпай, мелтиреп калышты. Бир
убакта өйдө карады Курманжан, саргылт жашыл көзү октолуп, акырын бир сыйра
тиктеп алды баарын:
— Ыкыбалдуу төрөлөр, — деди үнү дирилдегени сезиле, — бу Бухара, Хийва
ордолору жоюлбай этпей эле орустун ыгына алынды дейт ко?
Генерал Скобелев:
— Себеби мындай — алардын өлкөнү бытыраткан ич ара чатагы жок, өкүмдарлары
азырынча эсен соо турат. А биерде, өзүңүз билесиз, жааттардын эсеби жок, ар бири ар
жакка чоёт. Өлкө Империянын башкаруусуна өткөрүлсө, айтып эле коёюн, бири баш
көтөрүп көрсүнчү, бири эмес баары баш көтөрүп чыгышсынчы?! Катыран тыйылат,
демек элиңер тынчыйт! Кыр-рың деп көрүшсүн?!
Буга карама-каршы жүйөнү кайдан табат Курманжан?!
«Э-э... келип-келип эле өзүбүздүн ынтымагыбыздын жоктугу буларга жүйө, себеп
болуп жатпайбы, аттиң ай...» Тигинин шагы сына калганына бир аз маашырланып, үнү
абдан жумшак:
— Кана, датка айым, ушул шартнамага кол коюп, мөөр бассак болот ко дейм эми?
— деди генерал Скобелев.
Тириле калды Курманжан:
— Жеңгер төрөлөр, дагы бир ойго кулак тута аласыңарбы?
Генерал Скобелев:
— Айтыңыз, датка айым.
Жай, үнүн көтөрбөй айтарын айта баштады Курманжан:
— Жергилик элдин жашоо түрүнө, туткан динине кысым болбосун, көтөрүлүшкө
мурда катнашы болгондугу үчүн элди жазалоо, өрттөө тезинен токтотулсун, куугун жеп
бозуп кеткен элдин өз жерлерине кайтып келишине тоскоол болбосун, тынч тириликке
өтүшүнө шарт берилсин!
Генерал Скобелев өйдө боло бергенде «сүйлөшүүнүн» ал жагы баары дуу
орундарынан турушуп, кең өргөөнүн төрүндө өзүлөрүнчө топ боло калышты.
Үрпөйүшүп, бири кабагы үйрүлүп, бири баш чайкап, бири сөөмөйүн кезенип,
кужулдашып кеңеше башташты. Койгон талаптарын кошкондо гана бул амазонка макул
болору, колун коёру түшүнүктүү болгонсуду аларга. Үй ээси улага жакта, үч гана кишиси
бар жанында. Тилмеч дудук, төрөлөрдүн үзүл-кесил угулган сөздөрүн илип-илип которуп берип турбай, ал өзүнчө тымпыят. Түшүнбөсө да кулак төшөп, ар бир төрөнүн
үрөйүн, кыймылын тиктеп, ошол учурдагы алардын дилиндегини туюп калышка далбас
кылгандай, көз айырбай баам салып турду Курманжан баарына.
Уландысы бар....

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев