Предыдущая публикация
КИТЕПТЕР ЖАНА ЧЫГАРМАЛАР...Гаухар Кудайбердиева

КИТЕПТЕР ЖАНА ЧЫГАРМАЛАР...

3 дек 2025предложила 
Гаухар Кудайбердиева
СЫНГАН КЫЛЫЧ  - 5388103061068

СЫНГАН КЫЛЫЧ

50-БӨЛҮМ
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
I
Сая кууган барон Витгенштейнди жазгырып, Абдылла бек отуз чакты кишиси менен
Саркол тоолорун жамынып, нары Оуган тарапка ооп түштү.
Туш тарап кубарган чөпсүз чап. Бир шумдугун ичине катып келгиндерди акмалап
тургансып, кумсарган чоочун, жат жер. Те түзөңдө баш жагы улам соолуп түгөнүп
келаткансыган, киргил тартып илең-салаң кылдырап агып, какшыган сайдын ортосунда
биртке суу жатты.
Абдылла бек өзөндүн бийик кашатына келип, чаалыккан кула аргымактын тизгинин
тартып, камчылуу колун чекесине алып, серелеп бет алдын арыта тиктеп токтоду. Сай
боюнда эрбейген-сербейген боз жылгын. Ар жерде, өзөн жээктеп, көгөргөн ажырык
чөп көрүнөт. Ал дагы көп оттолуп, көп тебеленип, таакы болуп, сарала болуп бүткөн.
Канаты арбайган сары, көк чегирткелер кие койбой каптап өрүп жүрөт. Абдылла бектин
аңы учту. Жазы-жайы көк шибери көйкөлгөн, күзү нан, коон жыттанган Фаргана түзү
көзүнө элестеп, жүрөгү мыкчылды. Ал ийин кага улутунуп, өзүн ээрчиген жигиттердин
үшүн албас үчүн кабагын көрсөтпөй, жүзүн үйрүп, кула аргымактын тизгинин өзөн
боюна карай кага берди. Ал ичтен күйдү. Аны эчтеме менен жубата алгыс касирет
басты.
Өзөн боюнан биртке ажырыгы бар кыртыштуу жер тандап, эки жээкке бөлүнүп,
чатыр жайып, өргүп калышты.
Абдылла бек жаткан менен тынчтана албады. Көп күндөн бери аттан түшпөй, ат
үстүндө талыкшып, ат үстүндө үргүлөп келгенине карабай, эч кирпик кага албады.
Жүрөгүн бирдеме өйүп, көңүлү уйгу-туйгу болуп, түн бир убакта да улам көзүн ачып,
чоочун жердин шоокумун тыңшап, кайра өзүн зордоп көзүн жумат, уктай албайт. Ал
акыры чепкенин желбегей жамынып тышка, чыкты. Айлана жымжырт. Те четте жесекте
турган жигиттер да үргүлөп кетишкен. Таңкы чолпон жаркырап так маңдайга келген
экен. Биртке серүүн жел өзөн ылдый жортмолоп калыптыр. Абдылла бек көпкө басып,
ысыган башын сергитип баш жарган ойдон биртке алаксыган соң, кайра чатырга келип
жатты. Ал көөшүп үргүлөп кетти.
Кимдир бирөө эшикте кобураша баштады. Абдылла бек ойгонуп кетти. Чатырдын
төбөсүнөн күндүн кызгылт сары нуру сайылып жерге түшүп турган экен.
— Жол болсунлар? — деди бир каргыл үн түркчө.
— Кокон жеринен... —деп жооп берди, өз жигити
Акбалбандын үнү. — Оуган пашасына келаткан элбиз.
Белгисиз бирөөлөр өзүлөрүнчө кобурашып калышты. «О-е!.. Таксыр амирдин өзүнө
мейманга келатабыз дейт го?..» деди жанагы каргыл үн. «Чоочун эл экен. Бөлөк эл
экен. Жалган. Ушу каракчыларды амир сагынып отуруптурбу?! Жок шылтоо. Эртең
элдин бир четине бүлүк салып кете беришсечи?..» деди экинчиси. Фарси тилин жакшы
билген Абдылла бек толук түшүнүп турду. «Йе, кудурет, ушул күнгө туш кылдыңбы?!
Ушул сөздү угуздуңбу?!» деп, бир ууртун тартып кайгылуу жылмайып койду.
Тотуккан киши болуу керек, каргыл сүйлөгөн оуган:
— Мейли, мусулмандар, бул жер корук жер, майли, бүгүнчө калгыла, а эртеге
кудай атаа кылган багытка кетерсиңер а? — деди. Акбалбандын үнү чыккан жок,
башын ийкеди окшойт. Андан соң чү деген, теминген үн угулду. Бир азда эки аттын
басыгы алыстап кетти.
Акбалбан чатырга кирди.
— Удайчы эмне кылып жатат экен? Чакыртчы... — деди Абдылла бек.
Бир аздан соң Акбалбан коштоп, булгары кепичин жалаң бутуна салган, кымкап
тонун желбегей кийген, макмал топучан, бейкапар жаткан ордунан туруп эле келди
окшойт. Сулайман удайчы кирди.
Сулайман удайчы Үч-Коргон кымкуутунда бет келди бозуп, Исхактан бөлүнүп, түздө
калып калган. Каратель отряд кууп, бектер сары изине чөп сала берген соң ал дагы
Саркол тоолорун таянып качкан болучу. Бу Абдылла бектерге кокустан жолдо
кездешти. Капканга түшүп бутунун учун өзү жеп бошонуп чыккан карышкырдай
ачуулуу.
— Келиңиз, удайчы... —деди Абдылла бек алдыртан сынай тиктей. Тиги кичинекей
сары көзүн ирмебей, биртке суюк жээрде сакал баскан эрдин бек кымтыган калыбында
«келдим» дегенди билгизип, башын биртке ийкеген болду да, төргө өтпөй, улага ченге
отура баштады.
— Быякка өтпөйсүзбү? — деди, саал козголуп Абдылла бек. Сулайман удайчы
тыңшаган жок, кайта кабагы тырышты. Абдылла бек:
— Сулайман ага, — деп жумшактап баштады, — мына тагдырыбыз ушул белем,
агып-агып бир ээн аралга чыгып калган какшаал окшоп, минтип бөтөн жерде турабыз...
— И? — деди Сулайман удайчы итиркейи келе. — Эмне кыл дейсиз, и?..
— Сиз казына кармадыңыз эле го, бирдеме калдыбы, жанагы түсүң курган
жалтырак немеден бирдеме калдыбы, Сулайман ага?
— И? — деди Сулайман удайчы силкине. — Эмне кыласың?
— Өзүңүз билесиз, Оугандын амиринин алдына куру кол барбайлы, сиз экөбүз да
бир элдин жакшысы элек бир кезде, ошол сыныбызды бузбай, жат көзүнө, жок
дегенде, ошол сөөлөтүбүздөн жазбай...
— Сага эми кайсы сөөлөт калды? — деди Сулайман удайчы катуу. — Эчтеме жок.
Болсо да бербейт элем.
— Эмне үчүн болсо да бербейт элеңиз? Ордо баарыбызга тең эмес беле? Эртеңки
тагдырыбыз да бир болуп отурбайбы! Ойлобойсузбу? Жалгыз мен керегиме
жаратамбы?!
— Сен мени такыба! Сен мени суракка алба!
Абдылла бек уккан кулагына ишенбей, нестейе түштү. Сулайман удайчы токтобой
буркан-шаркан сүйлөдү:
— Сен мени кадалып тиктебе, — деди эки көзү тептегерек болуп кетти. —Сага
окшогон «бекмин» дегендер сатып кетип, азаматтар дарга асылып, биз минтип куу
чөлдө калып отурабыз! Дагы сүйлөп коёт. Дагы эртеңки күндүн камын көргөн болуп
коёт булар... Аттиң ай, силердин баарыңарды кыйратып, анан ишти баштасак болмок
экен! Ойлондум мен дагы...
Абдылла бек купкуу болуп:
— Эсиңе кел, удайчы?.. —деди каны муздай. Тигил зиркиреп жини келген бойдон
этек кагып туруп кетти:
— Бүттү! Эми сенин бийлигиң өтпөйт мага! Дагы бирдемени ойлонгусу келип
калганын...
— Токто! — деди Абдылла бек. Сулайман удайчы шарт бурулуп, белинде
кыстарылып жүргөн бир атма орус пистолду таптай бергенде, жакын турган Акбалбан
колун кагып жиберди. Тарс! Ок Абдылла бектин башынан ашып, жибек чатырды тешип
чыгып кетти. Жигиттер дүпүрөп, удайчынын колун кайрып баса башташты.
— Коё бергиле...—деди Абдылла бек, Сулайман удайчы тайбай, чакырайып, дагы
бирдеме демекчи болгондо: — Мейли, азыр кете тур, калың катаганды баштап
келатып, сени так ушул жерден Коконго көкбөрү кылып түшөм! — деп салды.
— Көрүшөбүз ошондо! — деп, Сулайман удайчы күңкүлдөп сөгүнгөн бойдон чыгып
кетти. Абдылла бек ойго батып калып калды.
Ата мурас даражасы, сөөлөтү, бийлиги колдон чыгып кетишине Абдылла бек эч
келише алган эмес. Жанын үрөп, Гүлшаага аскер топтоп, катуу кармашууга бел
байлады. Жаз алдында генерал Скобелев «Алайский поход» деп атап, өзү баштап, көп
аскер менен кысып келди. Абдылла бек Жаңырык деген жалгыз тар өткөөлдү тосту.
Бирок, ушул жерде да өз ичинен ичи арамы табылып, Ыманкул деген бирөө тоо
арасынан Гүлшаага айланып түшө турган төтө жолду көрсөтүп, генерал Скобелевдин
аскерин алардын так төбөсүнөн чыгарып салды. Айласыз, кармашып кырылып,
Абдылла бек минтип Саркол тоолорун жамынып качты.
Ою тереңге кетти. Кызыл томпой келди эсине.
Бир кезде, атасы Алымбек датканын башы кесилгенден кийин бир нече жылдан
кийин ордого биринчи барган күнү эле. Ордо кишилеринин зериккенде же
эрегишкенде ойнор зоогу чүкө ордо атмай. Абдылла бек көңүлгө алынган жок, чүкө
ордонун өнөгүнө кошулган жок. Кызыгып карап тургандардын арасында ал да унчукпай
туруп калды. Өнөктүн бир жагы уттуруп баратып, эң акыркы жылгыз чокон атарына
таянды. Туй башы жакшы атар оюнчу издеп, четте турган зымпыйган жаш улан
Абдыллага көзү түштү да, «Жакшы жигит, атып көрөсүңбү?» деп, жылуу тиктеди.
Абдылла сылык таазим кыла «Ойнуңуздун тагдырын ишенип берсеңиз атып көрөйүн,
бек ата...» — деди. «А мейли, баары бир утулган оюн болуп калды, атып көр, углум,
катардан калбай...» деп туй башы колуна кармай келген ак томпойду сунду. Абдылла
томпойду алып, колуна бир экчеп, о бийик секиде бейиш кушунун куйругунан кылган
желпүүр менен желпитип Кудаяр- хан өзү оюн карап отурган эле, таазим кылып «О,
аллаяр!.. Өз атыбызды минип чапсак болор бекен?..» деп, өз томпою менен ойноого
уруксат сурады. Кудаяр-хан жүзү жылуу баш ийкеп койду. Абдылла томпойду ээсине
берип, эки өңүрүн кайра кыстарып, чөнтөгүнөн алты айры бугунун томпоюн алып
чыкты. Томпой канга боёлгондой кызыл экен. Абдылла чийинди тегерене басып келип,
жакын жаткан чүкөнү кадап жиберип, кызыл томпойду чимирилтип ичке жаткырды да,
сыңар тизелеп бир отурган бойдон ортодо калган чүкөлөрдү бирин койбой чертип
чыгарып, борбордун өзүндө жаткан «канга» келгенде, ал ордунан турду да,
«Кечиргейсиз, туй башы бек ата, азиретинин көзүнчө «кан» чүкөнү черткеним
болбостур...» деп, таазим кылды. «О, бали!», «Нарк билген азамат ко бу?!», «Черткенге
эсеп болсун, чыкканга эсеп болсун!», «А түзүк», «Кимдин углу экен бу?..» деп ыраазы
болгон, таң болгон үндөр туш-туштан чыгып, аны жардап карап калышты. Кудаяр-хан
өзү ордунан туруп келип, Абдылла эки колун бооруна алып таазим кылып калды эле,
анын колундагы кызыл томпойду алып, ой басып, имерип карады. Эски томпой, таасы
кашкайып, ар жеринен сүрүлүп, сыры жешилип калган. Кудаяр-хан томпойду
тааныгансып, жаш уланды бир, томпойду бир тиктеп токтоло калды. Абдылла кысылып
кетти. Бери аттанарда керээт энеси Курманжан датка айым «Жети атаңдан келген
кызыл томпой, эми балам, бул ыйык томпой менен сен кошул оюнга...» деп, чөнтөгүнө
салып берген эле. Ханга дит бага албай, ызаат таазиминен жазбай, былк этпей туруп
калды. «Бу Алымбектин томпою го?» деди Кудаяр-хан кашын көтөрүп. «Ооба,
аллаяр...» деп араң жооп берди Абдылла. Кудаяр-хан «Гм...» деп башын ийкей, «Ошол,
көрүп эле тааныдым, бектин оюнчу томпою!» деди да, «Абдылла эмессиңби, жакшы
жигит?» деп тиктеп калды. «Ооба, аллаяр...» деди Абдылла. «А түзүк...—деди Кудаяр-
хан эркелеткен жушмак үн менен. — Ишке жарап калган турбайсыңбы?! Чокон эмес
чоң оюнга кошула бер, бегим!» Кызыл томпойду кайра берип, коштоочуларын
ээрчитип, эми оюнду карабай, өзүлөрүнчө акырын сүйлөшүп, нары диванхана жакка
бет алды. Ошол жерде турган өңкөй иргелген куулар, акылгөйлөр «Багың ачылды,
бек!» дешип, тегеректеп калышты. Кай бири астейдил куттукташты. Кай бири «Э, бул
бала оңор бала болбойт!» деп, тымызын өңгөчүн тартты.
Ал ушундайча болуп бек атанып, чүкө ордосуна, хан ордосуна, бак талашуу, бийлик
талашуу кызыгына ушундайча болуп кошулган эле. Азыр ошонун баары капилет көргөн
түшү сыяктуу көз алдына булаңгыр болуп келип турду. Жүрөгү сыйрылды.
Эненин курсагынан бек атанып түшкөн, бийлик үчүн, сөөлөт үчүн калың тайпа
журттун тагдырын чүкө ордо кылып ойноого бешикте таалим көргөн. Өлөңдүү,
өзөндүү, кең Фарганадан куулуп, бу какыр чөлдө отуруп калышы бейиштен тышка
ыргытылып ташталгандай туюлду. Жүрөгү улам жыз тилинип, буга эч көнө албай, эч
моюн сунгусу келбей, дагы көп нерсе бар көңүлүндө, дагы эле үмүтү үзүлө элек, эң
акыркы калган айлага тырмышып, тегерете экчеп отурду.
Оуган амири Кабыл шаарынын сыртындагы жасалгалуу сарайында Абдылла бекти
качкын ханзаада катары ызаат көрсөтүп, кабыл алды. Өз тарабынан Абдылла бек да
түркөйлүк кетирбей «баатыр Оуган элине, анын акылман амирине» деп салам айтып,
ийилип таазим кылды. Эки көзү кыйды, бүтүйгөн, мурду ороктой, чычайган ничке
муруттуу амир ордунан туруп келип, боору ачыгандай түр кылып, башын ийкей алик
алып, чыканагынан саал сүйөй өйдө кылып, кичинекей, сары көзү күлүңдөп Абдылла
бекти кунт коё бир тиктеп, анан атайын кабыл алынчу киши үчүн даярдалып коюлган
орунга чейин коштоп койду. Увазирлер, нөкөрлөр, удайчылар бирин бири кыя
карашып, амирдин качкынга кылган сылыктыгына баа коюшуп, элтейишип, мунун аягы
эмне менен бүтөрүн болжой алышпай турушту.
Күнчыгыш ордолорунун салтын тутуп, амир түрки тилинде бир собол бейт айтты:
Кайсы бактын гүлүсан,
кайсы бектин углусан?
Жол жүрүпсүң кечейи-күндүз,
кийгенлариң баари кундуз,
өзбексанми, сартсанми,
эл талашкан мартсанми?
үндемеган недурсан,
өзүң кайдан келурсан?..
Ошондо анын увазири баян этип, жооп бейт айтты:
Кокон-абад шааридан
келиптир мунда бир оглан,
минген аты дулдул экан,
сөзласа тили булбул экан,
кылычы күмүш, калканы тилла,
огзуда келма, башида селла,
бек углу бек Абдилла
имаят тилеп келипти Сизга...
— Падишах,—деди Абдылла бек отурбай,— баатыр Оуган элинин Сиздей акылман
эгесине жылкы атпайдан күлүк ат тартуулап келдим, өз атымды... ээрин албай...
тартуулап келдим...
— О-о...—деп жиберишти тургандар арзыбаса да, амир кичинекей сары көзүн
сүзүп:
— Ырахмат, углум... ырахмат...—деп, саал баш ийкеген болду да, тагына кайра
отурду. — Гм, отур, углум. И, урматтуу датка айым саламат жүрөбү?
— Шүгүр, таксыр...
— Элиң журтуң тынчпы? — Амир эмне жооп айтар экен дегенсип Фарганада эмне
өзгөрүүлөр болуп жатканы ага белгилүү, алдыртан кыя тиктеди. Абдылла бек анын
көзүн кармап:
— Тынч болсо ушинтип тентип жүрөр белек, хазрати?!—деди өкүнүч билдирип.
Амир көзүн сүзө, бир аз ойго кабыла:
— Гм... — деп, өзүнчө башын ийкеди. — Угуп жатабыз... Гм...
Аңгыча капкара ыңды кулдар бутунун учу менен жүгүрүп, кызмат кылышып,
дасторконго дүйүм даам жайнады. Койкойгон кум көзөгө мелт-калт мусаллас да
коюлду. Эми рубабчы келди. Күү колунан күндүн, айдын нурундай шыңгырлап төгүлүп
жасалгалуу сарайда термелтип, аңгыча беш сулуу кыз каалгый бийлеп кетишти.
Меймандын көңүлү куш болсун дедиби, амир өзү баш болуп, баары шат, кеп менен
тийишип, кеп менен сайышып, күлүп, мусалластан иче отурушту. А меймандын көңүлү
эчтемеге куш болбойт, таза суудай сапырылган күү да, толукшуган кыздардын каш
какканы да алаксытпады, күчтүү мусаллас кызытпады.
Кирди-чыкты көп сөздөн кийин зоок аягында Абдылла бек көңүлүндөгү максатына
жакындап, кыйытып, Оугандык катаган түрк уругунан тууган издөө сыйынтын сурады.
Бул жардам суроо, ошол Оугандык катаган түрк уругунан аскер курашка укук алуу эле.
Амир жука эрдин бек кымтып, Абдылла бекти аңтарып тиктеп, анын жалындап
турганын көрдү. Ордо кишилери да, нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү
чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты. Амир колунун учун терс шилтеди эле,
ошол замат рубабчы да, бийчи кыздар да жылып чыгып кетишти.
— Кыйын... Кыйын болду силерге, углум... — деди амир ачык, ой толгоо менен
ордунан туруп басып, дарчеге барды. Байыркы Кабыл шаарынын бир өңүрү бет алдына
тартылды. Бирпас туруп, амир кайра келди да, Абдылла бекке эңилип тиктеп токтолду.
Ызат көрсөтүп, Абдылла бек ордунан тура калды.
— Углум, — деди амир жумшак, — абдан чарчапсың, биртке тыныгып, мындан
нары Меккага барып, каабага жүз коюп, зыярат кылып келбейсиңби, углум? Бу бейбапа
дүйнөнүн кыжы-кужусу кайда качар?! Кайра келген соң сүйлөшпөйбүзбү, углум?..
Кыйды нөкөрлөр алдыртан көз менен сүйлөшүп, амирдин оюн болжоп калышты. Ар
качан башынан бактысы тайган хандар, амирлер, ханзаадалар иши оңолбосо чекке
жеткенде, бул дүйнөнүн кызыгын тарки дүйнө кылып таштап, бир кудай жолун көздөп,
Мекеге кетүү салт. Мына ушул сөзү менен амир ар кандай жардам берүүдөн баш
тартты. Абдылла бек да түшүндү, иреңи купкуу болуп, эмне дээрин билбей, шарт чыгып
кетчү өңдөнүп, те саймалуу кош каалганы тиктеп, нестейип катты.
Амирдин антпеске чарасы жок эле. Англия бүткүл Индостанды басып алып, улам
түндүккө карай жылыштап, Оуганстанга жакындап, четки шаарлардын бектерин өзүнө
тартып, амирге каршы тукуруп жаткан. Россиянын география коомунун бир
экспедициясы Оуган
жеринин түздөрүн, сууларын эсепке алып, картасын сызып жүрүшкөн. Англиядан
коргонуш үчүн амир орус ориенталисттерин өлкө ичине коё берип, Россия менен
кандайдыр бир шартнама түзүп, Россияга таянышка аргасыз болуп отурган эле.
— Ушул оң, углум, — деди амир Абдылла бектин абалын сезип турса да, башка сыр
ачпай, себебин айтпай. Нөкөрлөр жабыла:
— О-о!.. Мындан акылдуу кеңеш болобу?! Жолуң ачылат, баатыр жигит!.. —деп
кубаттап, амиринин чечимин көтөрүп кетишти. Абдылла бек кызылала болуп:
— Таксыр... Кеңешиңиз асыл кеңеш... таксыр... — дегенден башкага өтө албай, бир
аз апкаарып туруп калды.
Кабыл алуу бүттү. Амир жуп жөнөөрдө кула аргымакты кайра Абдылла бектин
алдына тарттырды:
— Өзүң азгын болуп жүрсөң, атыңды мен алып калсам, оволоп учкан шумкардын
канатын кыркканым болбойбу! Өзүңдө калсын. Менин сага мингизгеним болсун,
углум...—деп баш ийкеди.
Абдылла бек сүйүнгөн да жок, капа да болгон жок, сылык коштошуп, аттанып кетти.
Тырмышып келаткан эң акыркы үмүтү эле. Жети- шаардагы, Оугандагы тууган
урууларды көтөрүп, көп кол баштап кайра Фарганага түшүү үмүтү таш капты. Кабыл
суусунун боюндагы кошунга барып, бүк түшүп жети күн жатты. Сегизинчи күнү ордунан
үшкүрүп туруп, жанына эки жолдош камдап, үстүндөгү бек кийимин чечип, мусапыр
тонун кийип алыскы Арапстан жолуна чыкты.
Үч күнү Акбалбан баш болуп, бир тууганы Батырбек баш болуп, бүт жигити узатып
жүрүп отурушту. Жолду катар үч күнү Абдылла бек сүйлөгөн жок. Иреңи күндөн күнгө
керсары тартып, тили байланган кишидей бет алдын гана тиктеп кете берди.
Акыры айрыла турган жолго жетишти. Желкесинде бир гана түп көк талы бар
башаттын жанына токтошуп өргүү кылышты. Жүк артып жүргөн аттардын эттүүсүнөн
бирин союшту. Жигиттер эт жешти. Абдылла бек наар татпады. Бир убакта тунжуроодон
ойгонуп, оор үшкүрүп, өйдө карады:
— Йе, Акбалбан, кайдасың?..
Акбалбан үңүлүп тиктеди. Абдылла бек алсыз, иреңи жаңгактын жалбырагындай
керсары болуп, жаагы шимирилип, эки көзү кесесине кайнап, сөөлөтү өчүп калган эле.
— Өз мекенимден ажырап, бирөөнүн Мекесинен не табам?! — деп күңкүлдөдү ал.
Жигиттер:
— Кайталыбы? — деп сүйүнүп кетишти. Абдылла бек тунжурап, кайра шалдырап,
башын ийкеди:
— Силер кайткыла...
Жигиттер тым боло түшүштү, сөздүн төркүнүн болжой алышпай, тиктешип калышты.
Акбалбан жакын эңилип:
— Сизчи, бек?.. Баарыбыз эле кайталы, кайтсак... — деди акырын.
— Мен өлөм...—деди саал Абдылла бек башын ийкеп, жигиттерди кыдырата
тиктей.
— Йе, өлүмдүн бетин нары кылсын, жаман сөздү оозго албаңыз! — деп жиберди
бирөө. Абдылла бек башын чайкап, эки муштумун чекесине мадай, жер тиктеп:
— Жок... Жок, мен өлүшүм абзел го... Кайта албайм, кайтып барып, атамдан калган
бийлигим бирөөнүн колунда турганын, энемден калган ызатым бирөөнүн алдында
тепселип жатканын көрүп отура албайм...—деп жөөлүгөндөй күбүрөп. —Жок...
Жигиттер Акбалбанды тиктеп калышты. Биртууганы Батырбек жашып кетти:
— О, кагылайын аке... эмне шумдукту сүйлөп отурасың?!.
Абдылла бек башын көтөрдү, эчтеме болбогондой жадырап тиктеп:
— Батый, — деди эркелете, — эмнеси шумдук, тагдырымдын өкүмүн,
бешенемдеги жазууну гана окуп отурам.
Жубатар сөз кайсы? Баары унчукпай отуруп калышты. Бирпас карбаластап, эмне
кылар айласын таппай, Акбалбан четтеп басты. Абдылла бекти ооруп калды деп
ойлоду. Нары жакынкы кыштакка табып издеп барып, андан белинен ылдый гана ак
мата менен чатынып алган, башын да ак мата менен орогон кары индусту ээрчитип
келди.
Абдылла бек эки муштумун чекесине жаздап, көмкөрөсүнөн түшкөн бойдон, дагы
ойлонуп, дагы ойго тепселип, өзүн билбей жаткан экен. Жанында Батырбек шөмтүрөп
отуруптур.
Акбалбан атынан түшүп, индус табыпты Абдылла бекке алып келди. Жигиттер
жыйыла баштады эле, колун шилтеп, таратып жиберип, Абдылла бекке эңкейди:
— Бек...
Абдылла бек башын көтөрдү. Жанында чоочун турганын сезе коюп өйдө болду.
Индус эки алаканын жупташтырып чекесине алып:
— Салам, бекзаада, — деп, ийилип таазим кылып жылмайды. Майланышкан
капкара көзү сак жылтылдады.
— Көрсүнчү,—деди Акбалбан акырын,—табып экен...
Абдылла бек күлдү:
— Ха-ха!.. Табып бекен? И, мейли, билсинчи менин кеселимди! — деп колун суна
берди. —Кана, ынды табып, тамыр кармайсыңбы? Же ырам ачасыңбы? Мына...
Индус табып Абдылла бектин колунун учунан алып, тамырын кармабай эле
жымыйып, үңүлүп көзүн тиктеди, иреңин тиктеди, анан колунун үстүн сылап туруп:
— Бектин кирпиги катып калган. Санаа кесел бектин кесели,—деди аппак тиштерин
кашкайта. —Сары санааны бек таштасын...
Абдылла бек эки көзү чекирейип, таңыркап тиктеп, анан башын чайкады.
Индус табып тигинин абалын түшүнгөндөй, кайгысын бөлүшкөндөй чекесин
тырыштырып, бирпас тигилип Абдылла бектин көзүн тиктеп, жыбылжыган жумшак үн
менен туталана сүйлөдү:
— Вай!.. Санаа адамды мерт кылышын бек билбейби?.. Вай...
Абдылла бек бир ууртун тартып ичтен күлүп, өкүнүчтүү күрсүнүп койду да, сол
колунун аты- жогундагы каухар жүздүктү чыгарып, индус табыпка сунду:
— Билгич экенсиң, ынды табып. Ыраазы бол.
Индус жүздүктү леп этип алып, бир имерип тиктеп, каухардын каниги экенин билген
соң, уурту жайылып, башын бат-бат ийкегилеп:
— Ырахмат... Ырахмат...—деп ордунан туруп, кетип баратып кайрылып токтой
калып: — Сары санааны таштасын бек, таштасын алы жетсе. Өз көңүлүн көтөрсүн,
көтөрө турган нерсе жок болсо да... — деп кетти. Абдылла бек унчуккан жок, мелтиреп
тиктеген бойдон былк этпеди. Индус табып артын карабады. Бир убакта белинен
ылдый чатынган ак матасы кылактап барып, көрүнбөй калды.
— Эмнеге көтөрүлсүн көңүлүм? Кантип көтөрмөкмүн? — деди Абдылла бек
мелтиреп бет алдын тиктеген калыбында, байыркы бейиттин башына койгон таштай
былк этпей. — Жан каерден чыкса дене ошерде калат, жазат ошол. Бир гана сурарым,
туугандарым, кан кечишкен жоролорум...
Акбалбан нестейди. Жигиттер нестейди. Дем тартпай калышты.
Абдылла бек:
— Жан чыккан соң, көкүрөгүмдү жоо канжар менен жаргыла да жүрөгүмдү
алгыла... Сөөгүмдү кара жердин бооруна бергиле, жүрөгүмдү аардуу ак кийизге ороп
алып, ат тизгинин кайра тарткыла, насип буйруп, жети кылым жети атабыз мекен
кылган жерге жетсеңер... гүл баскан дөңгө түшүп, чукур казып көмгүлө... Жүрөгүм жат
жерде калбасын, жүрөгүм өз Мекемде жатсын...
Батырбек болоктоп ыйлап жиберди. Абдылла бек кой деген жок, жубаткан жок,
уккандай да болгон жок, мисирейип кыдырата тиктеди.
Санаа ооруу, өлөм деп өзүн өзү баш ийдирүү, өзүн өзү көндүрүү көз көрүнөө
Абдылла бектин кубатын алды, жашоо үчүн күрөшүү сезимин сенек кылды. Төртүнчү
күн таңга жуук, адатынча былк этпей, эки муштумун чекесине жаздап көмкөрөсүнөн
жаткан бойдон, акырындап дем алышы азайып, ээк какпай, кол серппей, акырындап
жымырап, жан билбеген купуя бир караңгыга өттү.
Акбалбан колтугуна колун салып, биртке гана жылуулук турган экен, жүрөк бүлк
этпейт, абайлап чалкасынан оодарды да, эки колун сундуруп, чепкенин айкарасынан
жаап, ордунан туруп:
— О, кайран бек... О-о...—деп, мөгдөп өкүрүп жиберди. —О, азаматтан айрылдык
а...
Жигиттер чуу туруп өкүрүштү. Батырбек өбөктөп өксүдү. Акбалбан энтигип токтой:
— Токтогула...—деди үнү дирилдеп, көз жашын аарчый, кайра мисирейип кайрат
жыйнады. — Чоочун жерде чуулдашып отурбайлы...
Эртеси Акбалбан баштап, жигиттер Кушка тарап менен, «өз мекеним, өз элим
кайдасың?» дешип, дүпүрөп жолго чыгышты. Аргымактын туягын түлөткөн алыс жол.
Жигиттер улам суюла баштады. Кай бири аты арып, кай бири жол азабына чыдай
албай, айнып жол-жолдо калып кетти. Чөлдүн кум уюлгуткан шамалы менен атаандаша
чуркаган күлүк ат минишкен каракчылар эки жерден кол салып, анда он жолдош набыт
болду. Жейхундун башы Үргөнчкө Акбалбан, Батырбек, дагы бир гана жигит жетти.
Бир ай дегенде Фаргана чегине өтүштү. Тоо таянып, кылбат жерге бир көк арчанын
түбүнө Абдылла бектин жүрөгүн түбөлүккө жашырышты. Кула аргымакты туура тартып,
ээсинин арбагына атап чалып, башын бүкүлү кайнатып, этин шылып таштап, куу сөөгүн
көк арчанын ачасына кыстарышты. Ошондон соң, бир ыйык милдеттен кутулган соң,
эттерине көйнөктөрү жабышып арып бүткөнү эми сезилип, шалдырап, ошондо гана
үчөбүнүн өз башы, өз камы, мындан нары кайда баруу кыжаалаты эстерине түштү...
СЫНГАН КЫЛЫЧ
51-БӨЛҮМ
Бекназар көзүнөн Нуру кеткен, иреңи боз, күн ашкан сайын деми сувугандай, бул
дүйнөдө айтар сөзү, кылар иши түгөнгөн сыяктуу, өзүнөн өзү мүңкүрөп чөгүп жаткан.
Кана, ордо кана, мамлекет кана?! Исхак кана?! Ал эми калган өмүрүн, өз жанына өзү
кол сала албаган соң, карыптын күнү менен өткөрмөктү эп көргөн. Көңүл тереңинде
аргымак ат, наркескен кылыч, эр кайраты менен коштошуп, оозуна эртели-кеч келме
алып, башына тери малакай кийип, белине ак жоолук курчанып, Теңирберди менен
Кулкиши катарына кошулган.
Күнүгө бир коркунучтуу кабар эл арасына желдей тарайт. «Кара тил деген орус
колбашы чыгыптыр дейт...». «Кара тил кыштак койбой, айыл койбой өрттөп, кары-
жашын ылгабай адам атпайды бир тегиз кырып келейаткан имиш...». Күнүгө үрөй учат.
Эл ичинен ыкчамдары тоо жамынып, көмүскө, барууга чыйыры татаал жайларга
түндөп көчүп, бала- чаканы көздөн далдалап жатат. «Бир кабар уккан го булар...
жакындап калган го биз тарапка Кара тил...». Эл күнүгө дүрбөйт. «Ордого эң кадырлуу
бийлердин бири багыш Сарымсак элин таштап, биртке өз туугандарын алып, Таласка
көчө качыптыр дейт ко?»
Теңирберди:
— О-о... бу биздин эл көп алааматты башынан өткөргөн...—деп, ой басып, улутунуп
алып кеп жалгады. —Тегибиз түрк огуз экен. Ошо кыйлы замандардын биринде огуз
журту бир жоо менен чабышып, жоо да кырылып, өзүлөрү да кырылып, уруш
майданынан кырк атчан гана чыгып кеткен дейт. Ошол бойдон дым-дарексиз жоголуп,
нечен суулар агып, нечен жылдар өткөн соң кайра дагы көбөйүп, дагы чабышка
жарамдуу болуп, көзгө көрүнүп калган экен. «О-о, булар кимдер? Кайсы эл?» дегенде,
«Бу баягы кырк атчан огуз» дейт билгени. Ошо «кырк огуз» дегенден «кыргыз» атанган
экенбиз.
Бекназар кепке аралашпайт.
Теңирберди:
— О, кийин, кара кытай чапканыңда дагы бир көйкөй көргөн. Бири кетти ала тайга,
кара тайга, бир кетти капкайдагы каңгайга, бири кетти Эренге, бири түшүп эле кетти
тереңге деген арман калган будан...
Башка нерсени ойлонуп, бу өтмүш кулагына кирбей, акылына сиңбей, өз алдынча
кеңгиреп отурат Бекназар.
Теңирберди:
— Бу капсалаңдан да өткөн экенбиз... Дагы өнүп- өсүп, дагы биригип, «урунарга тоо
таппай, урушарга жоо таппай» дегендей, башка эле эки жоо чабышып жатса күтпөгөн
чакта көп кол болуп каптап кирип, бир жагына болушуп кеткен дейт. «Йе, булар
кимдер? Куп чакта келди да!» дейт кысталып турган колбашы. Суроо салат. «Булар
тоодо-түздө жашаган элети экен, токсон эки колбашысы бар экен, ар бири өзүнө өзү
бек, өзүнө өзү хан экен»деген кабар алат. Мына ушундан «токсон боолуу өзү бек»,
«кыпчак» деген кошумча айтым ат кошулган. А жыл артынан жыл өтүп, кылымдар
алмашып, акыры бири «кыргыз кыпчак», бири «кыргыз казак», отурук кылганы «сарт
кыпчак» делинип, этеги жайылган үч тайпа тууган, бир журт болгон экенбиз...
Өзүн да ой басып түкшүмөлдөнүп отуруп, кайра кеп улады Теңирберди:
— Ушундай кыйын кезеңдерде да, «караңгыда жол тапкан, каңгыганда акыл
тапкан, эл баккан» деген балдары болбосо чабылганы куралат беле, чачылганы
жыйналат беле?! Бери жагы эстен чыга электерин эле айталы, «кулалы таптап куш
кылган, курама жыйып журт кылган» деген атагы али өчпөгөн айкөлүң Манас, андан
бери Чыңгыз-хан, Ырыс тархан, андан бери Кан Батыр-кан, акыркысы амир Темир
Көрөгөн...
Кулкиши муну эч качан укпаган, эки көзү чекчейип, эки кулагы тикчийип отуруп укту:
— Мына, дагы кыйын күн түшүп турат ко...— деди ал, — качып кайда бармакпыз,
көчүп кайда баш катмакпыз?!
— Аттиң ай... —деп, шыпшынып алды Теңирберди. — Дагы эле аккан арыктан суу
агып калар, жок дегенде, очоктун корун, элдин уюткусун эртеңкиге эптеп сактаган бир
эркектана жаран табылып калар...
Тамсил айтты Теңирберди:
...О илгери, жер заманда бир каардуу ажо1 «Күндүн чыккан жерине, күндүн баткан
жерине жортуул кыламын. Жолго будоо болот алтымыштан ашкан кары калбасын, бүт
кырылып ташталсын!» деп буйрук кылган экен. Буйрук буйруктай аткарылат. Ошондо
бирөөнүн жалгыз баласы атасын кыя албай, жегдесин улактын канына боёп барып
ажого көрсөтүп, атасын
бекитип калыптыр. Камылга бүтүп, бир күнү дабыл согулуп, сурнай тартылып, жортуул
башталат. О кезде жортуулга бүт эл бүт бүлөсү менен, малы менен көчүп жөнөчү
турбайбы?! Баягы атасын бекитип калган бала да, атасын чоң сыр сандыктын түбүнө
жаткырып, кызыл нарга дүнүйө катары артып алып, кол ичинде кошо жөнөйт.
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, ажонун көп колу ээн чөлгө туш келет. Көп кол бир
ууртам суу жок суусап, кургап опат боло баштайт. Каардуу ажо «Суу тапкыла!» деп катуу
буйруйт. Ойду казышат, сайды казышат. Эч суу табылбайт. Ошондо бир жоокер «Оппо,
каран күн ай! Же мындайды көргөн бир кары болсочу ичибизде?!» деп, кейип отура
калган экен. Оюна тык этип, баягы атасын сыр сандыкка катып келаткан жоокер айсыз
түндө сыр сандыкты ачып, атасына болуп жаткан акыбалды айтат. Ошондо атасы
«Кудай алсын! Уй барбы? Уйду нары-бери кубалап күйүктүр, анан бирпас тынч коюп
карап тур. Күйүккөн уй суу издеп жөнөйт. Ээрчий бас, уй каерге барып, башын жерге
салып, жерди жыттагылап токтой калса, уулум, так ошол жерди каз, ошол жерден суу
чыгат...» деп акыл айтат. Жоокер атасынын айтканын кылат, суу табат. Көп кол бөөдө
опат болуудан аман калат...
Каардуу ажо көп колду андан нары айдап жөнөйт. Көп кол туштушунан көк дайра
шаркырап аккан бир ажайып өлкөгө кабылат. Көп кол серүүндөйт. Кыдырып жүрүп
бирөө эки дайранын кошулган чатындагы терең көлдүн түбүнөн каухар таш көрөт. Бул
ажонун кулагына жетпейби?! Ажо өзү келип карайт, чын эле көк иримдин түбүндө сары
чолпон жылдызга окшоп жалтырап каухар таш жатат! «Алып чыккыла!» деп буйруйт ач
көз ажо. Суучулдар көк иримге шуңгуп түшүшөт! Көбү кош дайранын агымы менен
кетип, көбү «Жок экен, ажом!» деп, араң кайра чыгат. «Көрүнүп турганды жок дейсиң!»
деп, ажо алардын баарынын башын алдырат. Эми эч кимиси «Жок экен» дей албай,
көп кол улам тобу менен көлгө түшүп, кайра чыга албай, ушул жерде кыргын таба
баштайт. Кеч киргенде жылып барып баягы жоокер сыр сандыкты ачып, айсыз
1 А ж о — байыркы кыргыз башчысын ушундайча атаган.
түн жамынып отуруп, болуп жаткан окуяны атасына айтат. Ошондо кары «Кудай алсын!
Ошол көлдүн башында бир дарак болуш керек, сен, уулум, дарактын башын тикте,
каухар, көлдүн түбүндө эмес ошол дарактын башында болуу керек...» деп акыл айтат.
Эртеси жоокер көлдүн башына барат. Чын эле бир бийик чынар өсүп турган эле. Эң
мурда бала көлдүн түбүн тиктейт, жалтырап каухар көрүнгөндө акырын өйдө кылып,
болжоп, чынардын башына баам салат, көзүнө бир эски уя туш келет. Бала дароо чыкса
каухар ошол эски уянын ичинде жатат. Көлдүн түбүнөн көрүнгөн каухардын нуру гана
турбайбы. Бала каухарды ажого алып келип берип, көп колду ажонун каарынан
ажыратып калат.
Шекчил ажо жоокерди айдатып келип, алдына чөк түшүрүп, «И, эки жолу тең
арганы сен таптың. Кана, айтчы, мынча акылды каериңе катып жүрөсүң?» деп сурайт
экен. Бала кысталат, чынын айтайын дейт дагы коркот, калп айтайын дейт дагы коркот.
Эң акыры «Бир кашык каныбызды кечиңиз, о баатыр ажом! Бул акылды сыр сандыкка
катып жүрөт элем...» деп жиберет. Ажо дароо жасоол жиберип, баланын сыр сандыгын
дароо алдырып, оозун ачтырат. Ичинен ак күп жөжөдөй кары адам башын көтөрөт. Аяр
ажо көп ойлонуп туруп, эки жолу кыстоо абалда акыл тапканы үчүн баласына да,
атасына да канын кечиптир. Ажо сыр сандыкка эңкейип, «И! Эки акылды айттың. Эми
үчүнчү акылга мага эмне демексиң? Кана...» деп кызыгып сураптыр дейт. Ошондо ак
күп жөжөдөй кары «О, улук ажом, кулак сал! Же өзүңдө акыл болбосо, же жаныңда
көптү көргөн бирөө болбосо жолго чыкпа. Жолуң болбойт, көп колуң бөөдө опат болот,
акыры өзүңдүн кара башыңа күч келет...» деген экен. Ошондо ажо көп толгонуп, көп
ойлонуп, сыр сандыктын түбүндө отурган акылга баш ийип, «Карынын кебин капка
сакта!» деп, көп колду жортуулдан кайрып өз жерине жөнөгөн экен...
— Э-э, ал илгерки кары, — деп койду Кулкиши, — азыр ошондой кары барбы, азыр
баары ашкеби!
Өзүнө кыйытылган кепти түшүнүп, Теңирберди кызыл ээгин ачып, кыкылдап күлдү:
— Те илгери бир баатырга да ушул сөз айтылган экен. «Үч жолу жаа менен кетмен
тештим, үч жолу сепилдин темир капкасын ачтым, үч жолу күрпүлдөгөн дайра кечтим
— мына бүгүн ушул сексейген сары кемпирдин от жагарымын» деген тура. « Карысаң
мендей бол, кара жер менен теңдей бол, караңгы гөрдөй бол» деген ушу да, иним...
От жагары?! Бирине бири чымчып сөз жылдырып отурушкан тамашасын өзүнө
алды Бекназар. Эмне кылат от жакпаганда?!
Сопу-Коргондон өрөөнгө түшүп, «чачылып кеткен» деген кошунду болушунча
жыйнашка аракет кылды. Жо, баягыдай уюмдуу кошун болуп тура алышпай, нары да
кыш убагы, жазга болжоп, ар ким өз айылдарына тарап, эл арасына тымызын сиңип
кетишкен экен. Жүздөй киши гана чогулду. Тийип, качып, уруш кыла бермекчи болду
Бекназар.
«Кече кара түтүн паланча жерден чыгыптыр», «бүгүн түлөнчө кыштакты кырыптыр»
деген кабар шыбыралып, жел менен кошо тарап, элдин үрөйү учкан. Жолдон ат бура
тарта албай турган оор кар. Кайда баш катмак?!
Жүз жигит, барында мылтык. Эл оозунда «кара тил» атыккан жазалоочу аскер кайсы
багытка бет аларын акмалап, оңуту келсе буктурмадан капилет кол салышмак.
Бир күнү тоо этегиндеги бир ыктоодо өргүп жатышкан.
— Келе йатыры... — деп, дөңгө коюлган кароол аптытып чаап келди.
Бекназар:
— Канчоо?
— Көп... үч жүздөй...
Буларга эсептебей мал союп, оокаттандырып отурган айыл аксакалы, үрөйү учуп,
көз көрүнөө колу калтырап калды:
— Эми... айланайындар эмне кылабыз?..
— Жолун тособуз, — деди Бекназар, — төрт тарабынан окко алып, кырып салабыз
биз дагы. Жатып өлгөнчө атып өл деген ушу.
— Ыя, — деди айыл аксакалы, — ушуну менен түгөнүп калса го?! Ушуну менен эле
тынып калса го?!
Атка минди Бекназар. Тиги келип тизгинге жабышты:
— А бизчи?! Биз кантебиз?! Силер го кошунсуңар, атышасыңар, өлгөндөн
калганыңар кетип каласыңар. А бизди эртең орус каратил келип, кырып, өрттөп кетет
ко? Ок чыкмак түгүл, топ атчан көрүнүп калса ошол айылды тыптыйпыл кылып
жатышпайбы, кокуй?!
Эмне дейт буга?! Унчуга албай тиктеп калды Бекназар. Тиги тизгинди коё берер
эмес, эки көзү чакчайып, көзүнөн жаш көрүнүп, аны өзү билбей, жалынычы да,
кыжыры да кошо, баулдап өксөп жиберди:
— Пайдаңар ушубу силердин?!
Бу жан далбас, «мени өлтүрүп, анан барасың» деген аргасыз өлөрмандык.
— Мейли, — деди Бекназар, — биз кетели, аксакал, тоссок башка жерден
тосорбуз...
Тиги тизгинди кое берди. Биртке кошун кокту өйдө тоо тарапка кымырылып жүрүп
кетти. «Ыя, элге биздин зыяныбыз тийе баштаганбы?..» деп, көңүлү сынды
Бекназардын.
Бу дагы «жазды болжоп», «убактылуу» деп, биртке кошуңду өз-өз айлына таратып,
өзү да үйүнө келген болучу.
Ушул азыр да тизгинине жабыша калтырап турган абышканын кебетеси көз
алдында, үнү кулагында. «Ыя, бу кандай?! — дейт Бекназар дилинде. — Курал деген
бирдемебиз бар колубузда, кошунбуз, колдон келишинче каршы урушуп келейаткан
кишилербиз, бизге бетме-бет келишпейби, бизди кубалабайбы?! А жөн жаткан элде не
күнөө?!» Ушу күнгө дейре эстен чыгара албайт, муну адилеттик эмес деп эсептейт. Ар
ким «адилеттик» дегенди өзүнчө түшүнөт турбайбы?! Жөн жаткан элди кыруу
өрөпкүгөн генералдар «үшүн алуу», «адилет жаза» дешет. Көп болгон соң, күчтүү
болгон соң алар эмне кылса ошол «адилет иш», ким териштирет, кимдин алдында
жооп бермекчи?! Мына Бекназардай кашкөйлөрдүн да элдин тукум курут болушу —
үшүн алып, үкү кылып үйүнө отуругузуп койду го?!
«Эл чогулат имиш, жыйын болот имиш» деген кеп угулду. Жыйын курулса,
белгилуү, бир маанилүү кеп-кеңеш болот. Тез эле кабарчы келди: «Бекназар аке, эл
чогулуп, топко келсин дешти...» деди кабагы салыңкы, сабыры суз. «И, кошунга алып
кеткен балдар кана дешеби?.. Же дагы бир керегим тийип калдыбы?...» деген эки
башка ой келди, унчукпай биртууганы Ыбрайымга ат токутуп минди да, кабарчыга
кошулуп жүрүп кетти.
Демейде «жыйын» десе эл кара таан болуп кетчү эле, ошондой көп эл көзүнө
элестеп барды Бекназар, Жо, Темене-Суу түзүндө үрөйү учкан, жыйынга эмес күндө
тирилигине кийген кийим, үрпөйүп кырктай гана киши турат. «Чогула элек турбайбы...»
деди Бекназар. Бир топ атчандын алдында Абил бий да келе жаткан. Кишилер эки
бөлүнө ат алып калышты. Бий дагы өзүнчө санаага эзилген сыяткуу. Экебүсүз учурашып,
жөн жай сурашкан болду ооз учунан.
Жыйын ушубу?
Эрте жаздын ала шалбыртында эле эл кыштоолордон тымызын көчүп, болушунча
жолу кыйын тоо аралап, көмүскө капчыгайларга пааналап кете башташкан эле го, булар
ар суу элден, кыштоолордон увакил сыяктуу чогулган топ экен.
Ошол учурда Бекназардын көзү те нары жакта узун бойлуу төрт жигит замбилге
отургузуп алып, топ башына бирөөнү көтөрүп келатканын көрдү. «Ким экен?» деген
суроо көңүлүнө келип сайылды. Жандай бергенде боолгоду белем, «Э, бу жарыктык
кайдан жүрөт?!» деп, замбилди карай жүткүнө бастырды. Алмамбет! Бир кезде,
ордонун чапанын айрыган кере кулач алп далы шүйүгөн, чачы, кардай ак, эки көзү
кызарып көнчөгү салаңдап, көсө эмеспи карыган арстан кебетеленип, замбилде отурат.
Эки жакты «Ушунча да эл көп болобу?!» дегенсип, таңыркап карайт. Бекназар атынан
түшүп замбилдин алдынан тосуп:
— Ассалому алейку-м... —деп салам айтты. Замбил көтөргөн алп мүчө жигиттер
Алмамбеттин неберелери эле. Бекназарды таанышып токтоло калышты. Алмамбет
жыртайып кызарган көзүн ымдалап, жаак териси шалбырап, Бекназар жакты тиктей
берди. Бекназар анын колун кармап учурашты.
— Кайсы баласың?
Неберелеринин бири:
— Бекназар акем...—деп, анын кулагына катуу айтты.
Алмамбет:
— А түзүк!.. Бекназарсыңбы? Кем болбо...—деп алкап койду. Замбил дүүлүккөн
элди аралап жөнөй берди.
Жыйын илгертен ушул түзөңдө өткөрүлөт, ортосунда топудай көрүнгөн сары дөбө
бар, жыйын башкара турган ошо дөбөгө чыгат, эл жакалай турушат. Бу үрпөйгөн биртке
топтон дөбөгө Адил бий, Бекназар чыгарылды, а Алмамбетти замбили бойдон көтөрүп
барып коюшту.
«Кандуу көз кара тил кырып келейатса кантебиз? Жатып өлгөнчө атып өл
болобузбу, же бир жакка көчө качып, жан арга кылабызбы?» Ортого салынар кеп ушул
экен.
Эч ким дем тартпайт. Баарынын жүзүндө кооп, мурда сүйлөп, бу чалкеш мезгилдин
оор жүгү, милдети кокустан мойнума түшпөсүн деген аярлык бар. Замбилдин ичине
салган аюу талпагын алдына төшөгөн Алмамбет гана шүйүгөн далысы дүңкүйүп, жаак
териси шалбырап, көзүнүн көнчөгү салаңдап, карыган арстан өңдөнүп, эчтемеден
капарсыз. Бул дүйнөдөн артык баш эчтеме тилебей, курсагы тоюнса кубанбай, ач болсо
күйүнбөй Күрпүлдөк-Сай ажайып жердин бир бурчунда кекилик менен эликтин
арасында жай өмүр кечирип кала берген. Минтип жамы журттун тагдыры кыл таразага
түшкөнүн, баш айланган ашууга келип кайда кулары белгисиз болуп турганын
балдарынан, неберелеринен угуп, замбилге түшүп келип турганы.
Бири биринин эле оозун карашат, «муну мындай кылабыз» дегендей жулунуп
сүйлөй албады эч бирөө. Акырын кобурашып, кай бири башка бир жакка көчө качуу
туурасында асте кыңырылды, кай бирөө кайда көчөбүз деген айласыздын суроосун
койду, чабышалы дейли дешсе чабышканды көрүшкөн, ага андагыдай биримдик
кайда, эл тырым-тыракай, ким кайда экенин бир кудай өзү билет, ким кайта
бириктирет, качан бириктирет, а былк этпей тура берели десе бир четинен каратил
жалмап келе жатса.
Бекназар суз, мурдагыдай эрдемсий албайт. Абил бий да кымырылат, өзү тымызын
байланышы бар Абдырахман жактан чыгып жаткан «кайрадан газават» деген сөз бул
жерге сыяр эмес, унчукпай аңдып отурат.
Алмамбет укканын өзү угуп, укпай калганын небересинен түшүнүп, болуп жаткан
сөздү толук баамдап отурган эле. Тамагын жасап, эми бирдеме айтмакчы болуп, Абил
бий жакты карай берди. «И? Эми гөрдөн туруп келген Алмамбети калдыбы?!» деп
бирөө күбүрөп калды. Эл Алмамбетти карап, эл караган соң Абил бий карап токтолду.
Жүз жашаган Алмамбет оозун жарым ачып, демин араң алып, кургай түшкөн оозун
кыбыратып, тамшанып, нуру түгөнүп бозомуктап калган көзүн алсыз ирмегилеп, чөккөн
арык, алсыз нар сыяктуу мойнун саал көтөрүп:
— И-и... — деди акырын. — Уктум акыбалыңарды. Аттиң, башыбызга жаман күн
туулуп калган экен го?! Э, Бекназар кайда отурасың?
Бекназар «Менин эмне керегим тийип калды?» дегенсип, бирок ордунан
козголбой, кашын көтөрүп, Алмамбетти тиктеп калды.
Алмамбет башын өзүнчө ийкеп, бирдемени ойлогонсуп, эки ийнинен ашып оркоюп
турган тизесине колун коюп, үргүлөп отургансып көзүн сүзүп, бир убакта:
— Гм... Менин атым Алмамбет... Кузгундун жашын жашадым...—деди энтиге. —
Бекназар, кулак салчы бери...
Бекназар үн берди:
— Кулагым сизде, кутманым...
Жакын отурган эл дем тартпай, былк этпей Алмамбетти тиктеп калышты. Жай кезде,
балким, эч ким мынчалык барк кылбас беле, элдин бар болушу же жок болушу ортого
ташталып турган чакта чеки ойлогон киши болгон жок. Алмамбет сөзүн улады:
— Кызык эмеспи бу? Ушул жашка келип, өзүбүз токсон боолуу өзүбектен башка
дүйнөдө башка түрлүү эл бар экенин билбейм. Сен жанагы жалмап келе жаткан орус
дегенди өз көзүң менен көрө алдыңбы, балам?..
Бекназар эмне кыларын билбей калды. «Муну сурап эмне кылат жарыктык?!» деген
ойго кабылды. А Алмамбет көзүнүн көнчөгүн салаңдатып, Бекназар жакка кулак төшөп,
жооп күтүп көшөрдү. Бекназар басмырт күңкүл жооп кылды:
— Көргөм...
Алмамбет:
— Кай түркүн жан болот экен?.. —деп, аны сайын кызыгып сурады.
Абил бий карап отуруп, «Э, жараткан, пендеңди ушунча алжытасыңбы?!» деп,
мыйыгынан күлдү. Бекназар суроого жооп берди:
— Жумуру баш, буту айры...
— И-и... Жаңдашат бекен, сүйлөшөт бекен?
— Сүйлөшөт. Өзүлөрүнүн тили бар...
— Кабагын бүркөйт бекен?
— Бүркөйт...
— Күлөт бекен?
— Күлөт, кутманым. Өз көзүм менен көргөм...
Абил бий баш болуп, болгон сөзгө күбө болуп отурган эл бакырып күлүп
жиберишти. Кимдир бирөө тыйды. Алмамбеттин суроолору алдына угулуп, артына
угулбай, эл бир аз дуу-дуу болуп, жүткүнүшүп калышты.
Алмамбет:
— Бекназар! Алжыган аваңдын кебине эринбей жооп кылып кой. Орус оокат жейт
бекен?..
Бекназар аргасыз жылмайып:
— Жебей анан! — деп жиберди.
Алмамбет ойлонуп отуруп калды. Чекесинен чыпылдап тер чыкты. Небереси
жоолук менен сүрттү.
— Э-э... —деп, өзү да астейдил таңыркады. Алмамбет, — бу орусуң жумуру баш
болсо, сүйлөсө, ал деле биздей адамзаада турбайбы?! Кабагын бүркөсө — каарга
жөндөмү, күлсө — ырайымга жөндөмү. Көр оокатка баш салса—алдайт экен, алданат
экен. А кокуй, биздей эле көр пенде турбайбы?!
Эл дүүлдөп кетти. Кай бирөө баш чайкап, кай бирөө мааниге тен коюп, кай бирөө
чала угуп калып, «Эмне деди? Ыя? Эмне деди?» деп ар кимдин оозуна кулагын тосуп,
кай бирөө бу бир кылымдын жүзүн көргөн абышканын сөзүнүн артында бир маанинин
учугу чыгып келатканын сезип, эл тынчтанды.
— О, кокуй, каралай көз калкым ай...—деп, кузгундун жашын жашаган Алмамбет
маани улады. — Кырылгандын бетин нары кылсын. Көчүп, кайда тентиреп барасың?!
Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт, жакшы оокат жибитет, достун тонун кийип,
ошол орустун өзүн алдынан тосуп чыкса не болот?..
Эч ким сөз аралаштырбай, баары Алмамбетти карап, жыйын дым боло түштү. Эч
кимдин түшүнө кирбеген ой!
Алмамбет:
— Адамзаада бирине бири үйралат, бири биринин сырын алат, бирине бири көнөт,
жытыгат. Ырыс оошот, акыл жугушат...
Жакын отурган кадырлуулардын бири эки көзү чекчейип, ордунан тура калды:
— Йе, кагылайын бир кудай! Мына бу «өзүнө өзү бий» пендең акыл таап отурат
ко?!
Дагы бирөө:
— Айла жок мындан башка!
Дагы бирөө:
— Ок атсачы каратил орусуң?
— Атса атканын көрөбүз, «жатып өлгөнчө атып өл» болот, аны көрөбүз...—деп,
көгүнө таянды бирөө.
Эч кимдин Абил бий менен иши жок. Тегерете карады алдыртан. Ыкташары
көрүнбөйт, ийменери сезилбейт.
Алмамбет:
— Э, Бекназар!
Бекназар:
— Кулагым сизде...
Алмамбет обдулган арстандай сүрдүү:
— Сенден башка ким жарайт?! Балам, көтөр көкүрөгүңдү, орустун алдын сен тосуп
чык!
Бекназар:
— Мен бул дүйнөнүн ойнунан кайткан элем, жарыктык, башка бирөө барсын...
— Ошент, балам,—деди Алмамбет, баатырдын сөзүн укпай калдыбы же угуп эп
көрбөдүбү, кесе сүйлөдү, — орус ок атса биринчи жыгыл, сөзгө келсе жүйө тап,
элиңдин эртеңки күнүнө аралжы бол. Сага башка жол жок, сени эр жигит дейт...
Жок дей албай туруп калды Бекназар. Увакил эл: «Туура, аргасыздын жан
соогасы...» дешип кобурашып, карынын кеби бүтүм болгонсуду. «...ок атса биринчи
жыгыл...» А бу сөз баатырдын өчө баштаган эр кайратына от тамызгы бергендей болду.
«Мына сенин эң акыркы милдетиң...» деди дили өзүнө.
* * *
... Сур жаа, күмүштөлгөн бир кучак саадак... Бүгүн жаңы көргөнсүп, бир сыйра
көздөн өткөрүп, кош миз кылычты сөөмөйлөп сайып коюп, не касырет, не көтөрүңкү
көңүл толкуну, көмөкөйүнөн дили купуя куу тартып, далысы дүңкүйүп, желбегей быязы
чоң чепкени акырын чайпалып турду Бекназар. Дагы бу көөнө буюмдарга көңүлү
имерилип, дагы те качан ырдалып кеткен ырдай өткөн көөнө өмүрлөргө ой- кыялы
аралашып тургансыды.
Дагы эле Каныш билбеген сырлары барбы бу азыр урунулбай калган буюмдардын?!
Укканын гана билет, а баатырынын сыр сандыгында дагы канчасы катылып жатты
экен?!
Өзү торгой, аты ыргай болуп арып, дүпүрөгөн жигиттер жок жанында, кошундан
келген чагында, албалын айттырбай билип, баатырынын жаны келгени анын олжосу,
көңүл ачып, көкүрөк ачып тосуп алган Каныш. Ошол боз тумандуу күндөн бүгүн гана
баатырынын көзү баягыдай тик болуп, үрөйү ачылып да, жумшарып да, көңүлүндө
дагы бир албан максат пайда болгон го, озүнчө күүгө термелип турганын биринчи
байкап отурганы. «...орустун алдын сен тосуп чык.. жүйө тап...» дешкен экен го, ошонун
камын ойлонуп жаткан турбайбы...» деп койду өзүнчө.
А баатырынын дили «ок атса биринчи жыгыл», муну айткан адамдын үрөйү көз
алдында, каргыл үнү кулагында, «... куп жакшы, жакшы жүрмөк оңой, жакшы өлүм
тапмак кыйын, куп жакшы...» деп турган.
— И, эмне куп жакшы? — деп калды эң акыркы сөз кулагына илине калган Каныш.
Зайыбын элтейип тиктеди Бекназар, «эмнени сурадың» деген кыязы, өзүнчө бир
ой-кыял толкунунан али чыга албай. Такый албады, бир сырдуу жымыйып тим калды
Каныш.
Бир убакта:
— Э-э-э... — деп, бир коңур эски күү ыргагын акырын созуп калды Бекназар.
Жарк этип карады Каныш.
— А... бир окуя көңүлүмө түшө калды... — деп койду Бекназар.
— Кандай окуя?
Бекназар жымыйып башын ийкеди, «ошондой окуя» дегени. Каныштын жан
жылыткан оштонгон көзү аны буйтатпай имерип, «а кандай окуя» деп, такып суранып,
өкүм кылып турганынан өтө албай, дагы жымыйып башын ийкеди, макул болгону.
— Э-э, Канышым, — деп баштады Бекназар, — биздин жашаган өмүрүбүз, биздин
көргөнүбүз оңой болгон жок — жакшы менен санаалаш да, жаман менен маңдайлаш
да болдук, кол баштап жоо да жеңдик, жеңилип анын касыретин тарттык. Баары бир ал
көөнө мезгилде болуп өткөн окуялар, жашалган өмүрлөр өтө эле бийик, биз жашаган
өмүрүбүздү, баштан кечирген окуяларыбызды жан тер чыккан паста жөө жүрүп
өткөргөнсүйбүз, а бабабыз ат үстүндө, сыпаа, бир түркүн дымактуу кыял менен
өткөндөй го?!
Уландысы бар...

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
КИТЕПТЕР ЖАНА ЧЫГАРМАЛАР...

КИТЕПТЕР ЖАНА ЧЫГАРМАЛАР...

ЛентаТемы 166Фото 159Видео 3Участники 395
  • Подарки
Левая колонка
Всё 166
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться